Реабилитация (медицина)

Википедия дан
Реабилитация

Реабилитация (француз тилинен rehabilitation латын тилинен re кайрадан + habilis ыңгайлуу, ылайыкталгандык) (калыбына келтирүү) медицинада — оорунун, майыптыктын натыйжасында дене жана психикалык жактан начарлагандардын ден соолугун, эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө багытталган медициналык, психологиялык, эмгектик, кесиптик, социалдык чаралар комплекси.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калыбына келтирип дарылоого катуу дарт (миокарддын инфаркты, мээге кан куюлуу, жүлүндүн жабыркашы, омуртканын жана муундардын оорулары жана башкалар) менен ооруп айыккандар мажбур болушат. Ошондой эле тубаса же кийин пайда болгон бут жана колдун функциясы бузулган, көзү начар көргөн жана начар уккандар, сүйлөө кемтиги (кекеч, чулдур) барлар, борбордук нерв системасы катуу бузулгандар, психикалык оорулуулар, жүрөгүнө жана ички органдарына оор операция болгондор, узак жана тез-тез оорудан эмгекке жарамдуулугун жоготкон адамдар, инвалиддер калыбына келтирүүчү дарылоого муктаж. Медициналык калыбына келтирүү дененин бузулган же жоголгон кызматын жакшыртууга, дарттын өнүгүшүн акырындатып, толук же бир аз калыбына келтирүүгө багытталган. Медицинада калыбына келтирүү чаралары оорулууну адеп дарылай баштагандан эле ооруканада башталат. Себеби дарылоо ар дайым ден соолуктун мурдагы калыбына жана эмгекке кайтып келишине багытталган. Кийинки жылдары өлкөбүздө көпчүлүк ооруканаларда жана илим изилдөө институттарында калыбына келтирүү бөлүмдөрү же атайын көп орундуу ооруканалар ачылып жатат. Туруктуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн калыбына келтирүү чаралары инвалиддикти азайтат жана ага жумшалган материалдык чыгымды төмөндөтөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8