Ректоскопия

Википедия дан

Ректоскопия — ректоскоптун (оптикалык жана жарык берүүчү системалуу түтүк) жардамы менен көтөн чучук көңдөйүн жана анын ички бетин изилдөө ыкмасы.
Ректоскопия оорулууга клизма жасап, ичегисин тазалагандан кийин коюлат. Ректоскоптун учун вазелин менен майлап, көтөн чучукка 4—5 см киргизилет. Учундагы лампочка күйүп жарык кылгандыктан ичегинин ичи даана көрүнөт. Анын жардамы менен ичегинин сезгенүүсүн, былжыр челдеги жара жана веналардын кеңейишин жана башкаларды байкоого болот. Кээде операция (полипти алуу, биопсия жана башкаларды) жасоодо колдонулат.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8