Реластык берилиштер базасы

Википедия дан

(Relational Database - Реляционная база данных). Берилиштер базасынын реластык структурасы иерарх-тык жана тармактык методдорго караганда артыкчылыгы- сактагыч түзүлүштөрүндөгү жазылаштарга түз жетүү мүм-күнчүлүгү. Реластык берилиштер базасында берилиштер жадыбал түрүндө уюшулат, жадыбалдар саптарга бөлүнөт. Жадыбалдар, андан ары кортеж деп аталган саптарга бөлүнөт жана талаа атрибут деп аталат. Ар жадыбалды файл, ар сапты жазылыш катары караса болот. Талаа же атрибут бир катар маанилерге ээ жана ал чөйрө (domain) деп аталат. Берилиштер базасынын чечүүчү артыкчылыгы болуп көп сандагы файлдарды байланыштыруу мүмкүнчүлүгүн уюштуруу эсептелет. Жогоруда айтылып өткөндөй, көп сандагы файлдардын иерархдык же тармактык берилиштер базасы түзүлүп жатканда алдын ала алардын байланыштарын аныктоо керек болгон. Релас-тык берилиштер базасында жадыбалдар жалпы талаага ээ болсо, каалаган учурда жадыбалдар арасындагы байланыштар орнотулат. Реляциялык берилиштер базасынын башка артыкчылыгы- ага жаңы саптарды кошуу мүм-күнчүлүгү. Саптарды кошуу үчүн, аны тиешелүү жадыбалга аныктап коет. Иерархдык жана тармактык базада бүтүн-дөй берилиштер базасы кайрадан аныкталууга тийиш жана мурдагы байланыштар жаңы жазылыштардын негизинде калыбына келтирилет. Реластык берилиштер базасынын кемчилиги- көп сандагы програмдык жабдыктарды жана аларды аткартууну камсыз кылууда кубаттуу компьютерди талап кылгандыгы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]