Рентгенология

Википедия дан
Рентген сүрөтүн изилдөө

Рентгенология — радиологиянын рентген нурларын орган жана системалардын түзүлүшүн, функциясын, ошондой эле оорулардын алдын алуу, диагноз коюу максатында колдонууну изилдөөчү тармагы.
Медициналык рентгенология рентген-техника, рентген-профилактика, рентген-диагностика жана рентген-терапия болуп бөлүнөт.
Рентгенология рентген нурлары ачылгандан (1895) баштап өнүккөн. Азыркы рентгенологиянын проблемалары — медициналык рентген техниканы өркүндөтүү, органдардын рентгенограмма жана флюорограммаларын изилдөө үчүн автоматташтырылган жабдууларды жасоо жана башкалар.

Рентгенолог[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рентгенолог — оорунун диагнозун рентген нурунун жардамы менен аныктоо боюнча атайын даярдыгы бар адис-врач.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8