Реферат

Википедия дан

Реферат – илимий стилде жазыла турган окуучунун өзүнүн жеке ой жүгүртүүсүнө багытталган чакан көлөмдүү эмгек. Ал конспектилөөнүн негизинде ишке ашат. Башкача айтканда тегил же бул илимий тема боюнча кыскача маалымат берүүнүн ыкмасы болуп саналат. Эгерде силер химия илиминин башталышы, анын ижөнүндө жаза турган болсоңор, алды менен химия илими жөнүндө, ал кайсы кылымда иликтөөнүн же иштей баштоонун башаты жөнүндө конспектилеп, иреттеп жазасыңар. Ал химиктер кимдер, антип эмне үчүн аталгандыгына көңүл бурасыңар. Анан М.В.Ломоносовдун химия илиминдеги салымын, ордун аныктайсыңар. Муну үчүн бир канча адабияттарды карап окуп, толук малымат алышыңар зарыл. Анын мезгилдик системасынан кийин кандай толуктоолор болорун айтышыңар зарыл. Анын мезгилдик системасынан кийин толуктоолор болорун айтышыңар зарыл. Ошондуктан реферат алгачкы илимий эмгектин башталышы деп эсептелгендиктен, жазылыш ыраатынан болушу да манилүү. Реферативдик журналдар деп атала турган илимий топтомдор бар. Алар илимдин тармактары боюнча акыркы чыккан эмгектердин кыскача мазмуну, илимий жаңылыктар менен таныштыруу максатын көздөйт. Мисалы: «Илим жана турмуш», «Вопросы языка знания», «Русский язык в кыргызской школе», «Эл агартуу» ж.б. журналдарды келтирсе болот. Энциклопедиялар да илимий реферативдик эмгек болот.
Реферат - кандайдыр бир тема боюнча жазылган кыска илимий эмгек. Илимий стилди калыптоодо чоң мааниге ээ, тактыгы, маалыматтарынын арбындыгы, тилинин жеткиликтүүлүгү менен айырмаланууга тийиш.
Рефератта илимий маалымат гана берилбестен, рефераттын жазып жаткан материалга карата мамилеси, баасы чагылдырылат. Ал монографиялык же обзордук формада болот. Реферат референттин өз сөзүнөн турат, анда айрым зарыл деп эсептелген учурларга гана цитаталар колдонот жана ал кайдан алынганы көрсөтүлөт. Илимий иштин бул жөнөкөй түрү ар кандай компазициялык планда түзсө болот. Адатта реферат төмөндөгүдөй тартипте түзүлөт:

  • 1. Кириш бөлүмү - рефераттын темасы болгон чыгарманын, илимий эмгектин автору жөнүндө кыска малымат, сөз болуп жаткан чыгарманын жазылыш тарыхы ж.б.;
  • 2. Рефераттын негизги бөлүгү - тема боюнча кыскача, бирок жеткиликтүү илимий маалымат берүү;
  • 3. Баяндалган маалыматтарга карата, анын мааниси тууралуу жыйынтыктар, жалпылоолор.

Жазылган темага карата окуучуулук пикирдин, көз караштын болушу да шарт, силер азыр мындай илимий чоң маанилерге илимий көз карашыңарды айтканга эрте деп эсептешиңер мүмкүн, бирок өз оюңарды айтууга көнүшүңөр керек. Автор менен макул болбогон учурда кайчы пикир айта аласыңар. Бул силердин илимий сезимталдыгыңарга түрткү бериши ыктымал.
Рефераттын акырында кортундуу жазылат да, темага байланыштуу пайдаланган адабияттардын библиографиялык тизмеси берилет. Ал максатына жараша, цитата берилгенине жараша катар номери менен белгиленип, же алфавиттик тартипте жайланыштырылат. Авторлордун фамилиялары тышкы гана эмес, ички алфавитке да салынышы жалпы илимий талапка жооп берет. Бир эле автордун бир канча эмгеги келтирилсе, чыккан жылынын ирети менен болушу шарт.