Реформа

Wikipedia дан

Реформа (саясий, социалдык) – коомдун саясий системасынын негизин түп-тамырынан эмес, айрым гана элементтерин өзгөртүүчү саясий аракеттердин жыйындысы. Узак убакыт бою реформа марксисттер тарабынан революцияга каршы коюлган. ХХ к. тажрыйбасы мындай каршы коюунун туура эместигин көрсөттү. Революция коомдо пайда болгон проблемалардын чечилишинин радикалдуу каражаты болуп эсептелет. Саясий системанын мезгилдүү кризистери, коомдук өнүгүштүн механизмдеринин бузулушун, өнүгүү ресурстарынын толугу менен сарп кылышын күбөлөндүрөт. Коомдун кийинки өнүгүшү үчүн реформа көбүрөөк зарыл болгон кырдаал жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Реформа коомду жаңы шарттарга ыңгайлаштырса, революция негизинен жашоого мүмкүнчүлүгү бар социалдык организмди бүлдүрүүгө жөндөмдүү. Реформа саясий кризистин натыйжасы болушу мүмкүн. Же алдын ала кризистик кубулуштардын симптомуна реакция катары болот. Реформаларды ишке ашыруу башкаруучу топ жана башкаруучу элита белгилүү көрөгөчтүктү жана кыраакылыкты көрсөткөн шартта гана мүмкүн. Айрыкча реформаларды жүргүзүү элитанын артыкчылыктарынын кээ бир бөлүгүн жоготууга алып келиши мүмкүн. Көбүнчө коомдун стабилдүүлүгүнүн бузулуу, саясий кризистин болуу коркунучу астында жүргүзүлгөн реформа башкаруучу элита тарабынан жамандык катары кабыл алынат. Бул болсо контрреформа коркунучун туудурат. Эгерде реформанын талапкерлери парламенттен тышкары аракеттерге да даяр граждандардын массалык колдоосуна таяныша алышса, анда реформа көбүрөөк радикалдуу мүнөздө болот. Реформаларды жүргүзүүнүн субъектиси болуп демократия шарттарында башкаруучу саясий партия, авторитардык режимде саясий лидердин тобу чыгат. Алар коомдо көздөгөн өзгөртүүлөрдү жүзүнө ашыруу үчүн бийликтин болгон рычагдарын пайдаланышат. Саясий системанын ар бир элементи реформалоонун объектиси боло алат. Ал аркылуу реформаторлордун каалоосуна ылайык коомдук жашоонун, социалдык мамилелерди кошкондо, ар бир чөйрөсү да объект боло алат. Эреже катары, башында ылайык келүүчү мыйзамдарды кабыл алуу жолу менен реформалардын нормативдик базасы түзүлөт. Андан соң реформа институционалдык чөйрөдө (бийликтин жана аткаруу органдарын түзүү, эски органдарынын функцияларын аткарат) жүргүзүү механизмин түзүү максатында ага ылайык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырыла баштайт. Реформаторлордун саясий эркинин жана ишмердүүлүгүнүн ортосундагы байланыштыруучу кичи система аркылуу өзгөрүүлөр коомдук турмуштун экономикалык, идеологиялык чөйрөлөрүнө таркалат. 1929–33-ж. дүйнөлүк кризистен соң, өнүккөн демократтык өлкөлөрдө реформа процесси үзгүлтүксүз мүнөздө болууда. Эгерде көптөгөн өзгөртүүлөрдүн башында социал-демократтар турушса, акыркы он жылдыктарда реформа бүткүл саясий спектрдин саясий партиялары, (анын ичинде неоконсервативдик да) аркылуу ишке ашырылууда. Реформа айкын программаларында келишпестиктер болгону менен жалпы багыттары аныкталган. Калктын жашоо деңгээлин жогорулатуучу чаралардын эсебинен коомдо социалдык стабилдүүлүктүн жана башкаруучулуктун даражасын көтөрүү, социалдык теңсиздикти жумшартуу, коомдук турмуштун экономикалык жана саясий чөйрөлөрүндө бардык граждандардын тең мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин көбөйтүү аракеттери жөнүндө сөз болот. Конфликттик кырдаал туулганда көч менен чечүү аракетине караганда компромиссти жана консенсусту издөө көбүрөөк кездешет. Реформалардын жалпы жыйынтыгы бийлик жана башкаруу органдарынын функцияларында жана структурасындагы өзгөрүүлөр гана эмес, коомдун өзүндө терең трансформация болгон. Көп укладдуу, социалдык айырмачылыктар багыт алган рынок экономикасы түзүлдү, социалдык ажырымдар жумшарды, көптөгөн социалдык чектер жоюлган. Коомдун социалдык структурасы көп деңгээлдүү болуп калды. Өткөөл, таптар аралык абалда турган катмарлар сандык жактан басымдуулук кылышат. Бардык деңгээлдеги бийлик структуралары көбүрөөк демократтык болушту да, саясий жана экономикалык бийликти алып жүрүүчүлөрдүн бөлүнүшү жүрдү, социалдык партнердуулук мамилелери өнүктү. Өнүккөн демократиялык өлкөлөр жеткен стабилдүүлүк жана жашоонун жогорку деңгээлин реформалардын жардамы менен жете турган, натыйжалардын модели кылып койгон. Алардын тажрыйбаларын модернизация стратегиясынын чегинде авторитардык режимдер жана тоталитаризм менен кол үзгөн өлкөлөр көп жолу көчүргөнгө аракет кылышкан. Бардык эле саясий режимдер демократиялык реформалаштырууга ыктай бербейт. Жакын ички жана эл аралык шарттарда реформа тынч демократтык революцияны иш жүзөгө ашырууга жол ачат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9