Риккерт, Генрих

Википедия дан
Риккерт, Генрих

Риккерт, Генрих (1863—1936) — неокантчылыктын Баден мектебинин ири өкүлдөрүнүн бири.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал төмөнкү чыгармаларды жазган: «Табият илимдери жаратуучу түшүнүктөрдүн чектери», «Тарых философиясы», «Жаратылыш жөнүндөгү илимдер жана маданият жөнүндөгү илимдер», «Таанымдын предмети», «Тааным теориясынын эки жолу».

Илимдерди айырмалоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Виндельбанддын жолун жолдоп, Риккерт илимдерди алардын изилдөө усулдары боюнча айырмалайт, атап айтканда: кайталануучу, табият илимин түзүүчү кубулуштардын жалпы белгилерин таанып-билүү; ал эми кайталанбай турган кубулуштардын жеке өзгөчөлүктөрүн таанып-билүү тарыхты түзөт. Биринчи учурда ал табият илимдеринин усулу, генерализациялоочу усул деп аталат, экинчи учурда ал тарых усулу, ал индивидуалдаштыруучу усул деп аталат. Табият илимдеринде дайыма недир бир кайталанып турган, дайыма кайрадан калыбына келип тура турган байланыштар жана мамилелер ачылып турат. Тарыхта болсо бир жолку, индивидуалдуу окуялар сүрөттөлөт.
Таанымдын генерализациялоочу жана индивидуалдаштыруучу усулдары табият илимдери да, ошондой тарых да жекеликке да, жалпылыкка да көңүл бургандыгына карабастан, экөө бири-бирине карама-каршы усулдар болуп саналат. Бул усулдар логика жагынан карама-каршы турат, анткени алар ар башка кызыкчылыктарды: жалпылыкка болгон кызыгууну жана жекеликке болгон кызыгууну чагылдырат. Табият илимдери менен тарыхтын ортосунда принципиалдуу жана негизги айырмачылык дал мына ушунда. Ушунун негизинде Риккерт жаратылыш жөнүндөгү илимдерди маданият жөнүндөгү илимдерден айырмалап бөлөт.
Ошону менен бирге Риккерт табият илимдери менен тарыхтын ортосундагы айырмачылык методологиялык жана логикалык гана карама-каршылыкка ээ, чындыгында экөө тең өз ара тыкыс байланышып турат, башкача айтканда илимдердин эки тобун тең көп сандаган нерселер байланыштырып тургандыктан Риккерт бул түшүнүктө башкалар менен болгон чыныгы байланыштарды ажыратып көрсөтөт. Ошондуктан, Риккерт өзүнүн талдоосунун жыйынтыгын «географ жер шарында ориентир алуу үчүн колдонуучу сызык-чийимдер менен, так ошондой эле чыныгы нерселерге эч кандай ылайык келбей турган сызык-чийимдер менен» салыштырууга болот деп эсептейт [Жаратылыш жөнүндөгү илимдер жана маданият жөнүндөгү илимдер. СПб., 1911. 36-6.].

Тарых жөнүндө жобосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимдерди табият жана тарых илимдерине бөлүүдө Риккерт тарых гана чыныгы илим, анткени анын чындык менен гана иши болот деген жобого келет. Риккерт мындай деп жазат: «биз ачкан принципиалдуу логикалык карама-каршылык түшүнүктөр менен иши болгон илимдин жана чындык менен иши болгон илимдин ортосундагы карама-каршылык катарында мүнөздөлүшү мүмкүн» [Табият илимдери жаратуучу түшүнүктөрдүн чектери. 230-6.]. Риккерт тарыхый тааным теориясын түзүүгө умтулган. Риккерт түшүнүктөрдү жаратуучу эки бирдей мүмкүн болуучу логикалык жолдор катарында табият илимдери менен тарыхтын тең укуктуулугун формалдуу түрдө тааныса да, бүткүл чындык келип такала турган индивидуалдуулук жөнүндөгү илим катарында тарыхый таанымга артыкчылык берет. Риккерт табият илимдери да жана тарых да чындыкты кайра курат, бирок тарых чындыкты реалдуулуктун мүнөзүн чагылдыра турган багытты карай кайра курат, ошондуктан ал талашсыз артыкчылыкка ээ деп эсептейт. Тарых илиминде таанымдын предмети менен таанымдын усулу бири-бирине көбүрөөк адекваттуу түрдө ылайык келет дейт Риккерт. Тарыхый таанымда тааным усулу индивидуалдуулук жөнүндөгү түшүнүктөр аркылуу ишке ашырылат. Ушулардын баардыгы тарыхты чындык жөнүндөгү артыкчылыгы бар илимге айландырат.

Тарых маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бирок тарых илими да, Риккерттин оюна ылайык, чындыктын көчүрмөсүн ушул сөздүн анык маанисинде толук бере албайт. Эгерде тарых индивидуалдык окуялар жөнүндө гана баяндай турган болсо, анда ал кандайча илим боло алат? Бул жерде да Риккерт материалдык факторду алып киргизип, тарых бытиени учу-кыйырына көз жетпеген нерседен учу-кыйырына көз жете турган үзгүлтүктөргө айландырат деп эсептейт. Бул, маданияттын өзгөчө обьект катарында жашап тургандыгынан улам гана ушундай болушу мүмкүн. Маданият түшүнүгү, Риккерттин оюна ылайык, түшүнүктөрдү индивидуалдаштырып түзүү принцибин алда канча толук билдирет. Ошол эле убакта маданият обьектилери баалуулуктар катары да каралууга тийиш.
Риккерттин пикирине ылайык «баалуулук» түшүнүгү гана маданий процесстерди жаратылыштын кубулуштарынан ажыратып билүүгө мүмкүндүк берет. Баалуулук түшүнүгү чындыктын көптөгөн индивидуалдык предметтеринен недир бир бүтүндүктү бөлүп алууга, маанилүү нерсени маанилүү эмес нерседен бөлүп алууга тарыхчыга мүмкүндүк берет. «Баалуулукка таандык кылуу гана индивидуалдык айырмачылыктардын чоңдугун аныктай алат. Ошонун аркасында гана биз бир процессти байкап, экинчи бирин арткы планга жылдырып кое алабыз... Кайра жаралуу же романтикалык мектеп тарабынан пайда болуп жүрүп жаткан бир мезгилдүү (кайталанбоочу) жана индивидуалдык процесстер, эгерде бул процесстер саясый, эстетикалык же башка жалпы баалуулуктарга тиешеси жок болгондо, бир да тарыхчыны кызыктыра албас эле» [Табият илимдери жаратуучу түшүнүктөрдүн чектери. 315-316-6.].

Маданият тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Риккерт үчүн маданият түшүнүгү тарых илиминин предметин жана усулун аныктай турган нерсе. Маданият дегенибиз — недир бир бүтүндүк, тарыхый тааным бул бүтүндүктөн маанилүүнү маанилүү эместен бөлүп алат.
Ошентип, Риккерт бытие түшүнүгүнөн башка да баалуулук түшүнүгүн бөлүп көрсөтөт, бул түшүнүк бытие менен бир катар коюлат. Баалуулук — бул бар болуп жашап турган нерсе, бул «ар кандай бытиеден жогору турган маңыз».
Ошондой эле, баалуулуктар тармагы бытие менен бирге туруп, аны толуктап гана тим болбостон, Риккерттин пикирине ылайык, белгилүү бир мааниде бытие чөйрөсүнө карама-каршы да турат. Дүйнө чындыктардан жана баалуулуктардан турат дейт ал. Риккерт баалуулукту недир бир «обьект менен субьектинин карама-каршысында жаткан таптакыр өз алдынча турган падышачылык» [«Философия түшүнүгү жөнүндө»; «Логос». 1-китеп, 34-6.] катарында карайт.

Философиянын дүйнөлүк проблемасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чындыктын жана баалуулуктардын ушул өз ара катышынан, Риккерттин пикирине ылайык, философиянын чыныгы дүйнөлүк проблемасы келип чыгат, бул проблема эки падышачылыктын: чындык менен баалуулуктун карама-каршылыгында турат. Бул карама-каршылык «обьект менен субьектинин карама-каршылыгынан» алда канча кеңири. Субьектилер обьектилер менен бирге чындык дүйнөсүнүн бир бөлүгүн түзүшөт. Буларга экинчи бөлүк — баалуулук карама-каршы турат. Дүйнөлүк проблема ушул эки бөлүктүн өз ара мамилелеринин жана алардын өз ара биримдигинин проблемасы» [Ошонун өзүндө. 34-6.]. Риккерт боюнча, бытиенин айрым проблемалары атайын илимдердин предмети болуп саналат, ошондуктан философия үчүн бир да таза түрүндөгү бытиелик проблема калбайт. Философиянын алдында атайын илимдердин милдети боло албай турган дүйнөлүк бир бүтүндүктү таанып-билүү милдети турат. Чындыктын бир бүтүндүгү — чындыктын таза түшүнүгү эмес, бул бүтүндүктө чындык баалуулук менен айкалышып турат. Философия баарынан мурда баалуулуктарды камтып турган проблемаларды изилдейт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]