Ритм

Википедия дан

Ритм, ритмдүүлүк (грекче rhythmos) – көркөм сүрөт искусствосунда – көркөм чыгарманын кээ бир структуралык өзгөчөлүктөрүн музыкалык ритм менен жалпы жана божомолдуу аналогия боюнча аныктаган термин. Р. түшүнүгүнө биринчи кезекте кайталоолор, чыгарманын бул же тигил композициялык элементтеринин кезектешип алмашуусу кирет (бул алардын кыйшаюусуз бири-бирине баш ийген абалында өтөт); кеңири маанисинде – ал бир бүтүндүктүн жөнгө салынган, мыйзам ченемдүү уюшкандыктагы өзгөчө өлчөмдүк шайкештигин көрсөтөт. Р. композициялык мүнөздөгү ар кандай элементтерди салыштырууда жана алардын кезектешип алмашуусунда контрасттар жана топтордун, фигуралардын, предметтердин, линиялардын, кыймылдардын, жарык шаңдык жана түстүк тактардын, мейкиндик бөлүктөрдүн дал келишүүсү аркылуу көрүнөт. Р. өзүн монументалдык жана жасалга-турмуштук кооз буюмдар көркөм искусство тармагында даана көрсөтө алат, орнаментацияда ал белгилүү чектеги жана бири-бирине жогорку тактыкта баш ийген кайталоолор менен акценттерде көрүнүп турат. Ал эми станоктук көркөм өнөр Р-ди колдонбойт, бирок колдонулган жерде анын мааниси чоң, себеби форманын ритмдик түзүлүшү композициянын предметтик-сүрөттөө негиздерине таасирин тийгизет жана сюжеттик көрүнүштү даана, жеткиликтүү кылып көрсөтөт. Реалисттик көркөм искусство чыгармаларында Р. таңууланган тар максатка кызмат кылбайт, тетирисинче ал идеялык образдуу мазмунду чагылдырган кошумча көркөм каражат катары колдонулат. Формалисттик түшүндүрүү (трактовка) Р-ны өзүнчө маанилүү, абстракттуу, турмуштан таптакыр алыс, кесиптик «сапатка» айлантат. Р. үлгүлөрүн пайдалануу реалисттик живописте В. И. Суриковдун «Боярыня Морозовасында» берилген. Андагы тизеси бүгүлүп отурган жана туруп бара жаткан фигуранын кыймылынын кезектешип алмашуусу чананын кыймылын жана ага боору ооруган көрүүчүлөрдүн бүт тобун жандуу мүнөздөйт. В. А. Серовдун «Пётр I» сөлөкөттүн дааналыгы жана Петрдун оор салмактуу кадам шилтеши менен кичине сөлөкөттөгү, майда кадамдар менен анын артынан шашып бараткан жанжөкөрлөрү кылдат салыштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]