Рихтер Святослав Теофилович

Википедия дан

Рихтер Святослав Теофилович [7 (20). 3. 1915, Россия империясы, Волынь губерниясы, Житомир шаары – 1. 8. 1997, СССР, Москва шаары] – советтик пианист, РСФСРдин эл артисти (1955), СССРдин эл артисти (1961), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1975). Алгачкы музыкалык билимди пианист жана органист атасынан алган. 1933-37жылдары Одесса опера жана балет театрында концертмейстер. 1934-ж. жеке концертин (Одесса) берген. 1937-47жылдары Москва консерваториясында Г. Г. Нейгауздан таалим алган. Рихтер – өз доорунун көрүнүктүү пианисти. Рихтердин репертуарында И. С. Бахтан баштап, К. Дебюсси, С. С. Прокофьев, Д. Д. Шостаковичке чейинки композиторлордун бардык чыгармалары камтылган. Ал Бүткүл союздук музыкант-аткаруучулардын Москвада өткөн III конкурсунда биринчи сыйлыкка ээ болгон (1945). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1950), Глинка атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлыгынын (1955, 1987) жана Россиянын мамлекеттик сыйлыгынын (1996) лауреаты. Р. - азыркыга чейин өткөрүлүп келе жаткан Турендеги музыкалык фестивалдын (1964-жылдан, Франдия), Пушкин атындагы мамлекеттик музейде өтүүчү «Декабрь кечтеринин» (1981-жылдан, Москва) негиздөөчүсү. Акыркы концерти Любек шаарында (Германия) 1995-ж. өткөн. Соңку жылдарда Парижде жашап, 1997-ж. июлда мекенине кайтып келген. «Грэмми» сыйлыгынын (1960), Ленин сыйлыгынын (1961) лауреаты. Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]