Михаил Романов

Википедия дан
Романов, Михаил Фёдорович‎»‎ барагынан багытталды)
Михаил I Фёдорович Романов
орус. Михаил I Фёдорович Романов
Михаил I Фёдорович Романов
Желек
Желек
Төрө, Падыша жана Бүткүл Русь улуу Князы
21.03.1613 — 23.06.1645
Андан мурунку: Дүрбөлөңдүү убак (Владислав IV)
Андан кийинки: Алексей Михайлович
 
Туулган жылы: 22.7.1596
Москва шаары
Каза болгон жылы: 23.7.1645
Москва шаары
Каза болгон жери: Москва шаары
Уруусу: Романовдор
Атасы: патриарх Филарет (Федор Никитич Романов)
Апасы: инокиня Марфа (Ксения Ивановна Шестова)
Жубайы: Евдокия Стрешнева
Мария Долгорукова
Балдары: Алексей, Иоанн, Василий, Ирина, Анна, Татьяна, Пелагея, Марфа, Софья
 
Автограф: Кол тамгасы

Михаил Фёдорович Романов (1596—1645) — Романовдор династиясынан биринчи орус падышасы (1613 жылдын 27 мартында баштап башкарган), Жалпы мамлекеттик жыйындын чечими менен 1613 жылдын 21 Февральда башкарууга таңдалган. Боярин Фёдор Никитич Романовтун (кийинчерээк — Москва жана Бүткүл Русь патриархы Филареттин) жана боярыня Ксения Ивановна Романованын (төрөлгөндө Шестова). Рюриковичтер династиясынан акыркы орус падышасы Фёдор I Иоанновичтин эки бир тууган жээни.

Биография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Романовдор уруусу москва борялар үй-бүлөлөрүнүн байыркы санына кирет. Романов фамилиясынын эң биринчи белгилүү алып жүрүүчүсү 1347-жылы Улуу Владимир жана Москва князы Симеон Иванович Гордыйгакызмат өтөп жүргөн, Кобыла лакап аты менен белгилүү Андрей Иванович болгон.

Борис Годуновдун учурунда Романовдор кысымга алына баштаган. 1600 жылы болочок падышанын таякеси Александр Романовтун кол алдыңда иштеген казанчей дворянин Бертеневтин билдирүүсүнөн кийин Романовдорду издей башташат. Бертеневтин билдирүүсү боюнча, Романовдор сыйкырчылык менен падыша үй-бүлөсүнө кол салуу үчүн сыйкырдуу тамыры жемиш мөмөнү казнасында сакташарын айткан. Польша элчилигинин күндөлүгүнөн алынган маалыматка караганда, Романовдорго падышалык ок атуучу отряд курал менен кол салган. 1600 жылы 26 октябрьда агалар Романовдор камакка алынып, 1601 жылы Никита Романовичтин балдары Фёдор, Александр, Михаил, Иван жана Василийди монах кылып чачып кыркып, Сибирьге жөнөтүшөт. Балдардын көбү ошол жакта каза болуп калган.

Михаил 12 июльда - Михаил Малеин ыйык күнүндө туулуп, ошого арналып чокундурулган. Ошондой эле салт боюнча Михаил Никитич Романовтун сыйына арналып Михаил аталган.

Дүрбөлөңдүү убакта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1605 жылы Лжедмитрий I Романовдор үй-бүлөсүнүн тууган экенин далилдөө үчүн, сүргүндөн тирүү калган үй-бүлөнүн мүчөлөрүн алдыртат. Фёдор Никитич (монахчылыкта Москва Патриархы Филарет) аялы Ксения Ивановна (монахчылыкта Марфа) менен балдары , жана Иван Никитич кайтрылган.1602 жылдын күзүнөн баштап бир нече жыл Клинде (азыркы Владимир областу, Юрьев-Польский району), таякеси Иван Никитичтин ээлигинде жашаган. Шуйскийди жеңилип,Жетибоярлыктар бийликке келген учурда Москвага келет. Орус ополчандары шаарды ээлеп алганча Москвада болгон. 1612 жылы күзүндө Москваны бошоткондон кийин, Марфа Ивановна баласы Михаил менен алгач Домина айылында Романовдордун костром вотчинасында, анан Посполития-Литванын отряддарынан жашынынп Костромадагы Ипатьевск монастырында жүрүшкөн.

Падышачылыкка таңдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Романовту падышачылыкка таңдоо учурунан.

Орус коомунун XVI—XVII кылымдардагы тарыхы боюнча белгилүү чебер, белгилүү совет тарыхчысы, профессор А. Л. Станиславскийдин версиясы боюнча Михаилдын падышачылыкка таңдалуусунда, падышадан жана анын муундарынан кысым көргөн орустун улуу казактарынын,орус элинин ролу чоң болгон.

1613 жылы 23 мартта 16 жаштагы Михаилды падыша кылып таңдаган Жалпы мамлекеттик жыйындын атынан,Рязань археиписки Феодорит баш болгон, Троиц-Сергиев монастырынын келару Аврамий Палицын жана бояр Фёдор Иванович Шереметев менен бирге Комтромага келишет. 24 мартта Ипатьевск монастырында кабыл алынышып, Жалпы мамлекеттик жыйындын Михаил Фёдоровичти падыша кылып таңдаган чечимин угузушат.

Чечимди ууккан Инокиня Марфанын айласы кетип, баласын мындай оор жумушту тандабоосун көз жаш менен суранат. Михаил да көпкө ойлонот. Архепископ Федорит Михаил жана анын апасы менен сүйлөшкөндөн кийин, Марфа баласынын падышачылык такка отуруусуна макулдугун берет. Бир нече күндөн кийин Михаил Москвага жөнөдү. Аны апасы Федоров ыйык иконасы менен көгөчтөййт, ушул учурдан баштап икона Романовдордун үй-бүлөсүнүн ыйык буюмдарынын бири болуп калган.

Жолдо ал бардык чоң шаарларда: Костромада, Нижний Новгороддо, Владимирде, Ярославльда, Троицк монастырында, Ростовто, Суздалда токтогон. Москвага келип,Кызыл аянт аркылуу Кремльге барат. Падышаны Спаск дарбазасында башкы мамлекеттик жана чиркөө салттары менен тосуп алышат.

1613 жылы майдадум дьягы Иван чечерин Михаил Романовту падыша кылып таңдалгандыгы тууралу грамотага кол коёт.

1613 жылдын 21 июльда Москва Кремлинин Успенск жыйынында Михаилдин падышачылыкка салтанаттуу түрдө отургузулуп, жаңы башкару династиясы, Романовдор династиясы келгени жарыяланган.

Михаилди такка отургузуу салтанаты

Падыша Михаил Фёдорович жаш жана тажрыйбасыз болгондуктан, 1619 жылга чейин мамлекетти Марфа жана анын туугандары башкарып турушкан. Бул учур жөнүндө тарыхчы Н.И Костомаровтун айтуусу:

« Близ молодого царя не было людей, отличавшихся умом и энергией: все только одна рядовая посредственность. Прежняя печальная история русского общества приносила горькие плоды. Мучительства Ивана Грозного, коварное правление Бориса, наконец, смуты и полное расстройство всех государственных связей выработали поколение жалкое, мелкое, поколение тупых и узких людей, которые мало способны были стать выше повседневных интересов. При новом шестнадцатилетнем царе не явилось ни Сильвестра, ни Адашева прежних времен. Сам Михаил был от природы доброго, но, кажется, меланхолического нрава, не одарен блестящими способностями, но не лишен ума; зато не получил никакого воспитания и, как говорят, вступивши на престол, едва умел читать. »

1619 жылы, Патриарх Филарета полостония туткунан бошотулгандан кийин, чындыгында бийлик анын колуна өтөт.Мамлекеттик грамоталар падышанын жана патриархтын атынан жазылган.

Бояр думасынын чогулушунда

Михаил Фёдорович башкарган учурда, Швеция менен (Столбов тынчтыгы 1617, бул тынчтык менен Орусияга Новгород жерлери кайтарылган) жана Речья Посполотия менен болгон согуштар токтотулат, чет мамлекеттер менен карым-катнаштар жаңыланат. 1621 жылы падышага арнап Посполития буйругунун кызматкерлери «Вестовые письма» аттуу биринчи орус гезитин чыгара башташат. 1631-1634 жылдары жаңы полкторду уюштуруу аткарылган. 1632 жылы Андрей Винус Михаил Фёдоровичтин уруксаты менен Тулага жакын биринчи чоюнэритүүчү, темиржасоочу жана курал заводдорун уюштурган.

1637 жылы качып жүргөн крестьяндарды кармоо мөөнөтү 9 жылга чейин, ал эми 1641 жылы - дагы бир жылга узартылган. Башка ээлер ачет өлкөгө алып чыгып кеткендерди 15 жылга чейин издөөгөболгон.

Башкаруунун жыйынтыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Швеция менен «Түбөлүк тынчтык»(Столбов тынчтыгы 1617ж.) келишими түзүлөт. Столбов тынчтык келишиминде көрсөтүлгөн чек аралар Түндүк согуш (1700-1721) башталганга чейин сакталган. Балтика децизине чыгуу жолун жоготкону менен, Швеция тартып алган көптөгөн жерлер кайтарылган. Андан тышкары Орусия Швецияга, ошол учурда көп болгон сумманы, 20000 рубль контрибуция төлөп бериши керек болчу.
  • Деулин элдешүүсү (1618 ж.), анан Речья Посполития (Полянов тынтыгы 1634 ж.) менен «түбөлүк тынчтык» келишими түзүлөт. Смоленск жана Түндүк жер Польшага карап калганы менен, литва падышасы жана улуу князы Владислав IV орус падышачылык тагын талашпарын айткан.
  • Аймактарга воевод менен старостаны белгилөө аркылуу күчтүү борбордук башкаруу системасы түзүлдү.
  • Салыктын өлчөмүн аныктоо үчүн поместьлүү жерлер так саналган. «Чоң адамдардын кылыгы» туурадуу крестьяндардын арызын караштуруучу канцелярия ачылган.
  • Дүрбөлөңдүү убактын оор кесепеттерин жеңишип, соода-сатык менен айыл-чарба калыбына келтирилген.
  • Орусияга төмөнкү Урал (Яицк казактары), Прибайкалье, Якутия жана Чукотка, Тынч океанга чыгуу жолдору кошулган.
  • Армия реорганизацияланган (1631-1634).
  • Тулада темир иштетүүчү биринчи завод ачылган (1632 ж.).
  • Москвада немец слободасы түзүлүп, чет өлкөлүк инженер менен аскер адистери жайгаштырылган. 100 жылдан соң Кукуй жашоочулары Улуу Петр I реформалардан чоң роль ойнойт.

Кызыктуу факт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Михаил Федорович Орусиядагы граждандык живописьтин башталышына эмгек салган. Падышанын 1943 жылдын 26 июлундагы буйругу менен Куралдуу палатага кызматка Ругодиванын (Нарвы) тургуну, живопись жумушунун чебери Иоанн Детерс алынган. Детерс орус окуучуларына живописьти үйрөткөн.

Балдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Фёдорович менен Евдокия Лукьяновнанын балдары :

  1. Ирина Михайловна (22 апрель 1627 — 8 апрель 1679)
  2. Пелагея Михайловна (1628—1629) — кичи кезинде каза болгон
  3. Алексей Михайлович (19 март 1629 — 29 январь 1676) — орус падышасы
  4. Анна Михайловна (14 июль 1630 — 27 октябрь 1692)
  5. Марфа Михайловна (1631—1632) — кичи кезинде каза болгон
  6. Иоанн Михайлович (12 июнь1633 — 20 январь1639) — 5 жашында каза болгон
  7. Софья Михайловна (1634—1636) — кичи кезинде каза болгон
  8. Татьяна Михайловна (5 январь1636, Москва — 24 август 1706, Москва)
  9. Евдокия Михайловна (1637) — кичи кезинде каза болгон
  10. Василий Михайлович (25 март 1639 — 25 март 1639) — кичи уулу; Москвадагы Архангельск соборуна коюлган .
Падыша Михаил Фёдорович кемеси

Эстелик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кострома шаарындагы эстелик 2013 жылы февральда ачылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Козляков В. Н. Михаил Фёдорович / Вячеслав Козляков. — Изд. 2-е, испр. — М.: Молодая гвардия, 2010. — 352, [32] с. — (Жизнь замечательных людей. Серия биографий. Вып. 1474(1274)). — 5 000 экз. — ISBN 978-5-235-03386-3 (в пер.)
  • Васильева Л. Н. Жёны русской короны: в 2 книгах. — М.: АСТ, Атлантида — XXI век, 1999. — 10 000 экз. — ISBN 5-93238-001-2 (том 1), ISBN 5-93238-002-0 (том 2)
  • Григорян В. Г. Романовы. Биографический справочник. — М.: АСТ, 2007. — 507 с. — 2000 экз. — ISBN 5-17-038050-X
  • Пчёлов Е. В. Романовы. История династии. — М.: ОЛМА-ПРЕСС, 2003. — 494 с. — 5000 экз. — ISBN 5-224-01678-9
  • Попова Т. Ф. Российская монархия. Эпохи. События. Судьбы. — М.: АСТ, Астрель, 2006. — 783 с. — 7000 экз. — ISBN 5-17-033795-7
  • Коронационный альбом Михаила Федоровича
  • Судьба храма — судьба России: Храм Феодоровской иконы Божией Матери / авторы-составители протоиерей Александр Сорокин и Александр Зимин. — СПб.: Изд-во Зимина, 2006. — 148 с. — ISBN 5-93522-039-3
  • Инструкция благородному Самуилу Грушецкому, секретарю его королевского величества, посланнику при светлейшем короле государства Испанского и обеих Индий, данная в Варшаве, в 10-й день апреля месяца, 1612 г. // Иностранные сочинения и акты относящиеся до России, собранные К. М. Оболенским. — Ч. 3. — М., 1848. — С. I—II, 1-7 (2-я паг.).
  • Каган М. Д. Повесть о кончине царя Михаила Федоровича // Словарь книжников и книжности Древней Руси. СПб., 1998. Вып. 3, ч. 3. С. 138—141.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]