Ротхакер, Эрих

Wikipedia дан

Ротхакер, Эрих (1888—1965) — философиялык антропологиянын маданий бутагы деп аталгандын өкүлү.

Философиялык ой жүгүртүүлөрү[оңдоо]

Ротхакер адам баарынан мурда активдүүлүккө умтулуусу менен мүнөздөлөт, бул активдүүлүктүн булагы анын өз аң-сезиминде жатат. Ал өзүнүн философиялык ой жүгүртүүлөрүндө адамды жандуу жана чыгармачыл инсан катарында көрсөтүүгө умтулат. Анын пикири боюнча, Адам — маданиятты жаратып, аны өзү руханий дүйнөсүндө камтып турат, ал эми маданият болсо адамдын эркиндигинин жана ишкердүү активдүүлүгүнүн булагы. Маданият, Ротхакердин пикири боюнча,— жаратылыштын таасирине карата адамдын реакциясы, дүйнөдө ориентир алуунун жолу. Адам тышкы дүйнөгө карата алганда белгилүү бир аралыкта турат, ал дүйнө үчүн ачык, ошол эле убакта ал индивиддин турмушу үчүн олуттуу мааниси бар болгондорду гана өзүнүн босогосунан ичке өткөрүп туруучу аң-сезимдин натыйжасы катарында көрүнө турган айлана-чөйрөдө жашайт.

Адамдын ишмердиги жөнүндө[оңдоо]

Адамдын ишмердигинде, Ротхакердин пикиринче, чыгармачылыкка умтулган эрк ачылып көрүнөт, мунун булагы адамдын жан дүйнөсүндө болот. Ал мындай деп жазат: «Мен — сырттан берилүүчү туюмдардын бир тутамы да, суммасы да, үйүндүсү да эмесмин, бирок активдүүлүктүн субьектисимин, борборумун жана башталыш чекитимин. Дал мына ушул — инсандын эркиндигинин жана адеп -актык күчүнүн башталыш чекити».

«Инсандын катмары» китеби[оңдоо]

1938-жылы «Инсандын катмары» деген китебин чыгарат, анда адамдын инсандыгы жөнүндө өз түшүнүгүн берет. Анын пикири боюнча, инсан үч катмардан турат: 1) Вегетативдик жана жаныбарчылык жашоо, 2) «Ошол», бул катмар ышкылык жана сезим менен аныкталат (влечением и чувствами). 3) «Мен», бул ойлой турган жана өзүн өзү аңдап биле алган катмар. Бул катмарлар бири-бири менен өз ара байланышта турат, бирок бири-бирин алмаштыра албайт, бытие катмары кандай мыйзамченемдүүлүккө баш ийсе бул катмарлар да ошол эле мыйзамченемдүүлүккө баш ийишет. Ротхакер мындай деп жазат: «Инсан катмары жөнүндөгү окуу гана адамдын практикалык жүрүм-турумун түшүнүүнүн ачкычы болуп саналат». Ротхакер адам маданиятты жаратат, ал эми маданият адамды калыптандырат деп эсептейт. Мында чоң роль тилге таандык: «Ар бир толук түшүнүктүү сөз аркылуу дүйнө өзгөрүп турат. Ар бир айтылган сөз бар болуп жашап турган дүйнөгө кайрадан барып кошула берет».

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8