Рыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)

Википедия дан

Рыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар) - акын.

Акбар Рыскулов Кемин районундагы Чымкоргон айылында 1953-жылдын 4-апрелинде туулган.
1975-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинин редакция-сында корректор болуп иштөө менен баштаган. Кийин котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары,
1986-жылы гезиттин редактору,
1983–1986-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын аппаратында чыгармачыл жаштар менен иштөө боюнча адабий кеңешчи, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы,
1987-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы,
1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси,
1993-жылдан «Кыргызкабар» Мамлекеттик маалымат aгенттигинин директору,
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Казак-стан Республикасындагы Элчилигинин Ишенимдүү Өкүлү,
1996-жылдан Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси болуп,
2001-жылдын августуна чейин иштеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы,
2004-жылдын мартынан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Толук ыйгарымдуу Элчиси болуп дайындалган.

«Көгүчкөндөр бийик учушат» аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1975-жылы чыккан.
Акын И.Мазниндин Л.Левчевдин, Хо Ши Миндин, И.Гетенин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
«Мезгил жебеси» поэтикалык жыйнагы жана «Күрөө тамыр» поэмасы 1983-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. А. Рыскулов – “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” жана Казакстандын “Маданият кызматкери” наамдарынын ээси.
А.Рыскуловдун чыгармалары орус, казак, англис, француз, немис, хинди тилдерине которулган.
1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1979-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
1982-жылы Фрунзеде өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жаш жазуучуларынын IV Эл аралык жолугушуусунун катышуучусу.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Көгүчкөндөр бийик учушат: Ырлар. - Ф.: Мектеп. 1975. - 40 б.

Мезгил жебеси: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 80 б.

Үч кайнар: Поэмалар жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан. - 1986. - 156 б.

Көч: Ырлар жана поэма. - Ф.: Мектеп, 1987. - 120. б.

Найм-найм боорсок: Ырлар. - Б., 1991. - 12 б.

Кудурет: Тандалма ырлар жана поэмалардын жыйнагы. - Б.: Бийиктик, 2003. - 482 б.

Орус тилинде

Колеса и кони: Стихи и поэмы. - Ф.: Адабият, 1989. - 118 с.

Казак тилинде

Кош: Олендер мен поэмалар. - Алматы: Жазушы, 1996. - 144 б.

Астана аспаны: Олендер мен поэмалар. - Астана: Фолиант, 2001. - 148 б.

КОТОРМОЛОРУ

Мазнин И. А. Айткылачы булуттар: Балдар үчүн ырлар. - Ф.: - Мектеп, 1987. - 15 б.

Хо Ши Мин Чань.Тандалган ырлар /Котор.:А.Рыскулов. Т. Разаков. - Ф.: Kыргызстан, 1982. - 159 б.