Саадаев Жайнак

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саадаев Жайнак (1893, Чүй району, Бурана айылы –1937) – советтик, партиялык ишмер. Биринчи дүйнөлүк согушта тыл жумушунда кызмат өтөгөн. Австрияда туткунда болгон.
Кызыл Армиянын курамында Бердичев шарында кызмат өткөргөн.1993
1919-ж. Ташкендеги советтик, партиялык кызматкерлердин 6 айлык курсун бүтүп, 1928–30- ж.ж. Москвадагы марксизм-ленинизм курсунда окуган. 1938-ж. репрессияланып, кийин акталган.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1919-ж. Саадаев Токмок волостунун милиция башчысынын орун басары болуп дайынданылат. Ошол кезде Токмокто Ф. С. Дубовицкий, В. И. Стомин, И. Г. Чебыкин сыяктуу тажрыйбалуу комунисттер чогуу эмгектенишкен эле. Токмок шааркомунун катчысы, 1922-ж. «Кошчу» бирикмесинин Бишкек уезддик комитетинин төрагасы. Кыргыз обкомунун 2-катчысы, Кыргыз АССР БАКтын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1923-ж. 15-марта болуп өткөн Пишпек уездинин эл депутаттар советин экинчи курултайынын ишине Саадаев активдүү катышкан. 1930–33-ж.ж. Кыргыз обкомунун көзөмөлдөө комиссиясынын төрагасы. Кыргыз АССРинин жумушчу-дыйкан инспекциясынын эл комиссары. 1933–34-ж.ж. ВКП(б) БКнын Орто Азия боюнча инструктору. 1937-ж. СССР БАКтын мүчөсү. 1950-жылдардын ортосунда алгачкы ирет акыйкаттын таңы белестегенде, анын ысымы биринчилерден болуп акталып чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы. -Б.,2003 ж.