Саалаев Жедигер Ибраимович (Жедигер Саалай)

Википедия дан

Саалаев Жедигер Ибраимович (Жедигер Саалай) - акын.

Жедигер Саалаев Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында 1961-жылы 27-мартта туулган.
КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүн жана КМУУнун бажылык жана юридикалык кадрларын даярдоо боюнча факультетин бүтүргөн.
«Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы, Кыргызстандын Театралдык ишмерлер союзунун драматургия бөлүмүнүн башчысы, КМУУнун журналистика кафедрасынын башчысы, Кыргыз телеберүүсүнүн «Атажурт» жана «Манас» чыгармачыл өндүрүштүк би-рикмелеринде продюсер–башкы редактор, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасынын орунбасары, КМУУнун укук факультетинде окутуучу, “Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору болуп иштеп келген.
Кыргыз Мамлекеттик юридика академиясынын доценти. Юридика илимдеринин кандидаты (2007).
Публицистикага жана поэзияга мектепте окуп жүргөн мезгилинен эле кызыгып чыгармалары райондук, облустук жана республикалык басылмаларда үзбөй жарыяланып келген.
Биринчи ырлар жыйнагы «Жөрөлгө» деген ат менен 1987-жылы жарык көргөн.
«Мээр жана Мөөр», «Бешик той» аттуу пьесалары Кыргызстандын профессионалдык театрларынын сахналарында коюлган.
1990-жылдан Кыргызстандын Жазуучулар, 1979-жылдан Журналисттер жана 1987-жылдан Театр ишмерлер союздарынын мүчөсү.
1991-жылы адабият тармагында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жөрөлгө: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 28 б.

Башат: Ырлар жана поэма (коллективдүү жыйнакта). – Ф.: Адабият, 1990. 109–157-б.

Аргасыздык ырлары: Ырлар жана поэма. – Б.: ИАнын басмаканасы, – 78 б.