Сагын Акматбекова

Википедия дан

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сагын Акматбекова - 1949-жылы Калинин районундагы Орто-Арык айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Акын. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, адегенде Фрунзедеги политехникалык институтунда окуп, анан 1968-жылы СССР жазуучулар Союзунун М. Горький атындагы адабият институтуна кирип, аны 1973-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыгат. Ошол жылдан баштап ал “Кыргызстан аялдары” журналынын коомдук-саясий бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат. Анын ырлары 1968-жылы “Кыргызстан маданияты” гезити менен “Ала-Тоо” журналынан жарык көргөн. Биринчи ырлар жыйнагы 1970-жылы “Жамгыр” деген ат менен чыккан.
С.Акматбекова 1975-жылдан бери СССР жазуучулар Союзуна мүчө.

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жамгыр. Ырлар, Фрунзе, “Мектеп” басма, 1970. 53 бет.
  • Алыскы талалаар. Ырлар. Фрунзе, “Мектеп” басма, 1972. 80 бет.

Чыгармачылыгы жөнүндө макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • Эшимбеков К. Сезимди сергиткен жамгыр.- “Кыргызстан маданияты”, 1975, 3-апрель.
  • Эркебаев А. Акын чыгармаларын окуп.-"Ленинчил жаш", 1973, 23-июнь.
  • Сөз жаш акындын чыгармалары тууралуу (тегерек стол)- "Кыргызстан маданияты" 1975, 3-апрель.

Орус тилинде

  • Жакыпбеков А. Жаш акындын алгачкы ырларына пикир. –“Литературный Киргизстан”, 1968, № 3.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Самаганов Ж. "Советтик Кыргызстан жазуучулары" Фрунзе 1976-ж.