Саймалуу таш

Википедия дан
Саймалуу таш
"Саймалуу таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын белгиси.

Саймалуу таш – (петроглифтер), биздин байыркы ата-бабалардын жазуусу жок кездеги нечен кылымдарды камтыган чыгармачылыгын туу чокусу, байыркы исскуствонун уникалдуу эстелиги. Бул гиганттык зор “сүрөт галереясын” карап отургандар адам акылына, анын жаратуучулук ишмердигине чек жок экендигине ынанат. Миңдеген жылдар бою улам кийинки муундар келип, өзүнүн мурункулар мурасын улантып, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн, мамилесин чагылдырып отурган.

Саймалуу таш ХХ кылымдын башында, башкача айтканда 1902-1903 – жылдары орус армиясынын генералдык штабынын офицери Н.Хлудов жана археологияны сүйүүчүлөрдүн түркестандык кружогунун мүчөсү И.Пославскийдин билдирүүлөрү аркылуу белгилүү болгон. Саймалуу таш Жалал – Абад облусуна караштуу Көкарт ашуусунун жанында жайгашкан. Теңдеши жок стилдик жана композициялык ар түрдүүлүктөгү жүз миңден ашык сүрөттөрдү, фигураларды бир жерге топтоштурган мындай “таш китеп” дүйнөнүн эч биринде жок. Саймалуу таш тогуз жолдун тоомунда эмес, көздөн далдоо, эки жакка эл каттаган жолдон обочодо жайгашкан.

Саймалуу таш Фергана тоо кыркаларынын эң бийик чокуларында биздин заманга чейинки эки миңинчи жана бир миңинчи жылдар аралыгында аскадагы таштарга чегилген сүрөттөр, чиймелер, жазуулар. Болжолу 10 гектардай аянтта мында сызуу-чийүүлөр ачык асман алдында жатат.

Саймалуу таштагы оймо-чиймелер, эчки-текелердин сүрөттөрү, аңчылык, кош айдоо сценалары, башка айбанат-жаныбарлардын сүрөттөрү биздин доорго чейинки мезгилде эле түшүрүлүп, “ыйык жер” катары эсептелинип калган.