Саймачылык

Wikipedia дан

Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Эл ичиндеги кездешүүчү адими буюмдарындагы формасы ар кандай, мазмуну терең сайма көчөттөрү бүгүн да көөнөрбөй, чеберлердин чыныгы узундугу жана ашкере таланттуулугун дааналап көрсөтөт. «Энени көрүп, кыз өсөт. Эжени көрүп сиңди өсөт» — дегендей, кыз бала тестиер чагынан тартып жалаң сайма саюу менен алектенүүчү. Бул — тоолуу калкыбыздын турмушунун элестүү белгилеринин бири. Элдик колдонмо-жасалга өнөрүндө негизги орунду ээлеген саймачылыктын өнүгүшүнүн өтө мерчемдүүсү өткөн кылымдарга өзгөчө таандык. Ал эми жыйырманчы кылымдын башынан тартып элибизде саймачылык өнөрү андан бетер кеңири кулач жаят. Элдик өнөрдүн берки көркөм түрлөрүндөй эле саймачылык да элибиздин көчмөңдүү турмуш-тиричилигин, кесибин, калк мүдөөсүн жан дилинен чагылдырып келет.

Саймачылыктын элдик санжыргалуу салты абалы — боз үйдүн ичи-сыртын кооздоодо жаралганы чындык. Ал кийиз оюму, чий чырмагы, таар термелери, килем көчөттөрү, тор чачыктары менен кошо боз үйгө улуттук өз алдынчалыкты тартуулап турган. Бул өнөр аркылуу боз үйдүн «эшик тышы» кооздолгон. «Ашкана башын» саймалоо-кештелөө, элибизде адатка айланган.

Жүк жыюуда тактанын үстүндө «алтыгат» коюп, андан өңдөштүрүп жууркандар кертимделип жыйылат. Анан «жаздыктын» (балыштын) чети, ортосу саймаланган. Айрым аймакта боз үйдүн «жабык башы» кездемеден болот.

Бир кездерде боз үйдүн керегесине жалаң кийиз тартылган. Андыктан үй ичи жылуу, ары таза турган. Анан мындан кийиз бети аста-секин кооздоо жышааны башталат. Төтөн, жүндөн анан кебезден ийрилген жипке дүйүм өсүмдүктөрдүн тамыры менен жалбырагынан колго жасалган боекту сиңирип, башкаларына караганда алгач ак кийиз бетин саймалоо өңдүү жупуну аракеттери бара-бара талапка ылайыкташкан. Сайма өнөрү оболу ушул туш кийиз бетинен көрүнгөн. Андан кийин уздар жалаң кийизге эле эмес соккон таардын, ийлеп өңдөлгөн теринин (жаргак) беттерин да кештелеп саймалашат. Боз үйдүн керегесине кыдырата илинип, саймасы аркылуу кооздукка-кооздук жалгаган: «Күзгү кап» да, «кайчы кап» да, «самын кап» да, «текче» («секиче») жана ушул өңдүү буюм-жасалгалары кийизден, териден, таардан басымдуу болуп келген. Илгерки элдик салттарыбызда, наркыбызда каркырадай калың көчтү баштоочу, үлпөт менен күйөөгө аттануучу бийкечтердин ат үстү саймаланган «үртүк», «тердик», «көрпөчө» өңдүүлөр болот. «Көшөгө», «кеп такыя», «белдемчи», «кемсел», «элечек» мындан сырткары күлгүн жигиттердин адими кийимдери да түрдүү саймалар менен кештеленген.

Кыргыздар Орто Азиянын боордош элдери менен тыгыз байланышта өнүккөнү, алардын таасири менен фабриканын жиби менен элдик көчөттөрдү көркөмдөп түшүрүүгө өтөт. Саймачылык өнөрүн иштетүүнүн баалуу жердиги эми баркут, нооту, манат өңдүү бышык кездемелер болуп калат.

Боз үйдүн ичин-сыртын жасалгалоодогу уздардын айрым жогорудагы кооздуктары менен күтүүсүз жаңы шартта үйдүн жасалгалоо жагдайына байланыштуу өзгөрүүлөр кирип, уздар «керебетке тарткыч», «кийим жапкыч», «сүлгү», «эшик пардоо», «терезе пардоо», «бет аарчы» сыяктуу буюмдарды ак полотнойго (ак сурп) «ийне сайма» ыкмасы аркылуу ар кандай чөптөрдүн (гүлдүн) формаларын бажырайта бере башташты. Мында орус, украин, белорус элдеринин сайма ыргактарынын мыкты үлгүлөрү арбын учурайт. Кыргыз саймаларынын өңүнүн ачыктыгы жана кооздугу, көп кырдуулугу аркылуу ойдогудай баркталат. Мындай биз кесе айтып жаткан көрүнүштү, баарыдан мурда, тектеш тилдердеги жана канатташ жашаган бир тууган элдердин сайма көчөттөрүнүн өтө окшошун, ич ара жуурулушуп жана жупташып кеткенинен баамдайбыз. «Ирис жип болсо, укмуштай туш кийиздерди сайып таштаар элем» дешет.

Саймачылыктын да адамзат менен тагдырлаш узак өмүр жолу бар. Анын өздүк тажрыйбасы аркылуу акырындык менен түзүп, чогултуп, сарамжалдап алган тактыгы жана тазалыгы билинет. Ошол көркөм буюмдун үлгүсүнө канча бир чеберлердин көз нуру, көкүрөк мээри, акыл табы сиңирилип, жасалга колдонмо өнөрүнүн кайталангыс салттуулугу жаралган. Бүгүн жана эртең ушундай өнөрдүн элдик түрүн сактап калуу, анын унутулганын кайра калыбына келтирүү, жагымдуу жактарын талаптагыдай жандандыруу милдеттери күн тартибинде турат.

Элдик саймачылыктын дагы дааналанган касиетинин бири — алардын түстөр менен чебер иштеши. Демек, кызыл, көк, жашыл жана башка түстөр өз ара чеберчиликте айкалышып, буюмдардын ажарын ачып турат. Мында биринин өңүн экинчиси басып кеткен түстөр эч качан жанаша колдонулбайт. Дагы бир өзгөчөлүк — буюмдун көлөмүн сезе билүү. Жасалып жаткан буюмдун жалпы аянты менен сайма көчөттөрүнүн көлөмүнүн ич ара катышы туура чечилет. Буюмдун көлөмү менен ага түшкөн көркөм көчөттөрдүн өзүнчө мыйзамченемдүү байланышы бар. Эгер сайма көчөттөрү чоң-чоң түшсө, буюмдун бетинен бери чыгып кетет. Тескерисинче, кичине сайылса, жердиктин бетине жутулуп, анча билинбей калат.

Бүгүн саймадагы жаңычылдык жердикке жана боекко байланышат. Буюм-тайымдардын жөнөкөйлүгү, жупунулугу сындан өтөт. Түс, өң буюм-тайымдын ажарын ачат. Сайма үлгүлөрүнө түшкөн «мүйүз», «кыргак», «жарым кыял», «бармак боочу», «гүл» оюм-көчөттөрүнүн ич ара жупталышында ак — өңдөр ала чакмактантпайт, күрөң, кара түс «күңүрттөтпөйт», сары өң өзүнө калган түстөрдү оодарып албайт, көк кызыл түстөр илбериңки келип, уздардын өзүндөй коңурдукту, сылыктыкты, адептүүлүктү, ата-эне салттарын баамдатат. Андай узчулукта жаралган нускалар мамлекеттик сүрөт, тарых музейлеринде турат. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмелеринин буюм-тайымдары менен чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө такай катышууда.

Кыргыз саймасынын жана бир бөтөнчөлүгү — анын бышыктыгы. Анткени ал тыгыз сайылат. Чоң энелерибиздин, тайэнелерибиздин, энелерибиздин качандыр бир кармаган саймалары күнү бүгүнкүдөй жаркырап турат. Мында көчөттөрдөн мурда анын жердигинин көөнөргөндүгү, бул — биздин сайманын эң бир салттуулугунун, өмүрүнүн узактыгынын далили.

Демек, жогоруда айткандай, алкак кергичти алып, жердикти керип, илме шибегени кармап, түрдүү түстөгү жиптерди тандап, ар кыл көркөм көчөттөрдү тырсылдата сайып адамдын ой-пикирин кылчактай турган кооздукту жаратуу ыкмалары биздин өнөрдүн салттуулугун аныктаган. Мында буюмдун жердиги баркуттан кийизден, териден, таардан, трайкеден, сатинден болот да, ага карата көркөм көчөттөрдүн ич ара айкалыштары түр жиптер аркылуу кереметтенип турган. Албетте, ар бир аймактын өзүнүн бөтөнчөлүктөрү болот. Ал жер шартына, элинин кесибине, башка улуттардын маданиятынын таасирине ич ара байланышат. Тянь-Шань бөксөлөрүндө, Көл кылаасында, Сары Өзөн Чүйдүн ичинде, анан Талас өрөөнүндө узданган уздар туш кийизди бөтөнчө кастарлап кармоочу. Ал аруу буюмубуз наркка өтүп, аттык баада турган. Деле ушул туш кийиз эле эмес, шырдак, ат жабдык, чыгдан, шалча, килем, зерден кармалган азем жасалгалардын ар бири бирден карага татыган. Ал улам убакыт өткөн сайын уникалдуу чыгарма катары баасы, баркы артылып барууда. Анткени, салттуу нуска кармаган уздардын саны улам барган сайын азайып баратат...

Сайманын көркөм каражаты — көчөт. Сайма аркылуу түшкөн көркөм көчөттөрдө өзүбүз жашаган крайдын жакшынакай элестери символдошот. Муну уздар өзүнүн көркөмдүк табитине, чеберчилик дараметине жараша түрдөн-түр, кооздуктан-кооздук түшүрө алышат. Сайма көчөттөрүндө кийиз оюмдун, чий чырмакчылыктын, өрмөк согуунун жана килем токуунун кооздук түрлөрүнүн ич ара кереметтүү айкалыштары ширелишип кетет. Мында үлгүсү эскирген саймаларга түшкөн көчөттөр кайта табылгыстай сезилет.


Маалыматтын булагы[оңдоо]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9