Сактагыч түзүлүш, сырткы эс

Википедия дан

(Storage device- Внешняя память) деп аталып, берилиштер жана програмдар иштетилбеген учурда сактап турган түзүлүш айтылат.Сактоону картотек жана документтер сакталуучу кеңсе үкөгү катары караса болот. Керек болгон учурда гана картотек алынат. Диск сыяктуу туруктуу сактагыч түзүлүш да сактоо термини менен аталат. Сактагыч түзүлүштөр эске караганда сактоонун туруктуу түрүн камсыз кылат, себеби, алар энергияга көз каранды болбой сакталган берилиштер жана програмдар энергия өчүрүлүп калган учурда да сакталган бойдон тура берет. Сактагыч түзүлүштөр киргизгич жана чыгаргыч түзүлүштөр катары да колдонулат. Сакталган берилиштерди иштетүүдө, компьютерге жиберүүдө сактагыч түзүлүш киргизгич түзүлүш катары кызмат кылат. Компьютерде иштелип чыккан маалыматты сактоодо, ал чыгаргыч түзүлүштүн кызматын аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]