Мурат Салихов

Википедия дан
Салихов Мурат‎»‎ барагынан багытталды)

Салихов Мурат (туурасы Салыков) (1905, Баткен облусу, Баткен району, Рават кыштагы – 1938) — мамлекеттик жана саясий ишмер.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кокон педтехникумун (1923), Ташкендеги Кыргыз агартуу институтун (1925) бүткөн.
1925–27-ж. Ош округдук комитетинин үгүтнасаат бөлүмүнүн башчысы.
1929–30-ж. Өзгөн райондук аткомунун, Ош округдук элге билим берүү бөлүмүнүн, Ош округдук аткомунун төрагасы, 1930–37-ж. партиялык кызматтарда. 1937-ж. Кыргыз Эл Комиссарлар советинин төрагасы.
1938-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Борбордук аткомунун төрагасы.
Ак жеринен айыпталып, репрессияланган. Агасы Салихов(Салыков) Дастан Тажик ССРинин юстиция министри болуп иштеген

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Бишкек 2003