Самадхи

Википедия дан

Самадхи(санскрипт समाधि, – бириктирүү, жалгаштыруу) – адамдын магдырап кыялга батышы аркылуу кандайдыр бир нерсеге ойдун топтолушун, андагы өтө жыйнактуу жана гармония абалын туюндуруучу Индиядагы философиялык түшүнүк. Акыл-эс аруулануу (таза, айкын болуу) үчүн ал терең кыялга батат да, өзүн-өзү «унутуп», ой-пикир менен камыр-жумур болуп биригип кетет.

Буддизмде Самадхи – бошонуунун сегиз жолунун акыркы түйүнү, нирванага жеткирүүчү төрт баскычтан турат:

  1. Аң-сезим кайсы бир нерсе (буюм) менен алектенип, ага ойду топтоо аркылуу каалоо сезиминен бошонууга алып келет да, накта ой жүгүртүү ырахатына жеткирет.
  2. Күмөнсүнүүдөн (шексинүүдөн) кутулуу, ырахаттуу сезим, көңүл тынчтыгы – бул топтолгон ой жүгүртүүнүн жыйынтыгы.
  3. Ошол жыргалдан кайра кайтуу, таасирин сезбөө, жеткен камырабастык.
  4. Ал камырабастыктан да бошонуу, жеткен акылмандуулукка – нирванга алып келүүчү толук бейпилчилик.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]