Самат Көчөрбаев

Википедия дан

Көчөрбаев, Самат “Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендианты. Көчөрбаев Самат (Баатыркул уулу) 1983-жылдын 22-ноябрында Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылында туулган.

14 жашынан тартып манасчылык өнөрдү аркалап келет. Анын бул өнөргө келип калуусуна агайы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Асанкан Жуманалиев себепкер. Манасчылык боюнча жетишкендиктери;

1999-ж. «Жаш таланттар» конкурсу. Бишкек. 1-орун,

2002-ж. «Талас таңшыйт» конкурсу. Талас. 3-орун.

2002-ж. «Ысык-Көл жазы» конкурсу. Каракол. 1-орун.

2002-ж. «Ала-Тоо жазы» конкурсу. Бишкек. 2-орун.

2004-ж. Манасчылар мелдеши. Талас. Баш байге.

2005-ж. «Эпосы мира на земле потомков Джангара» Эл аралык фестивалы. Калмыкия. Элиста шаары. Лауреат.

2005-ж. “Президенттик Прелюдия стипендиясынын” ээси.

2006-ж. Эл аралык фольклордук фестивалдын лауреаты. Тайвань. Тайпей шаары.

2008-ж. “Астана аркау” Түрк элдеринин музыкалык фестивалы. Лауреат. Астана.

2008-ж. Швейцария өлкөсүндө өнөр тартуулап келген.

Самат 2000-2006-жылдар аралыгында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “Фольклор” бөлүмүнүн дастанчылык классында Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевден окуган. Учурда аты аталган окуу жайда окутуучу болуп эмгектенет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]