Сапаралиев, Дөөлөтбек Бекишович

Википедия дан
Профессор, т.и.к. Дөөлөт Сапаралиев.

Сапаралиев, Дөөлөтбек Бекишович - кыргыз тарыхчысы, профессор.

Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор, т.и.к. Дөөлөт Сапаралиев. Кыргыз-Түрк "Манас" университети. Бишкек ш., Кыргызстан. 17.02.2010.


Дөөлөтбек Бекишович Сапаралиев 1953-жылы 24–октябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында кызматчылардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Ошол айылдагы Москва атындагы орто мектепти аяктагандан кийин, 1970 - жылы ноябрь айында Жумгал райондук эл сотунун соттук отурумдун протоколдук катчысы катары иштей баштаган.
1971-жылы КМУнун (азыркы КУУ) тарых факультетине өтүп, аны 1976-жылы бүтүргөн.
Тарыхчы изилдөөчүлүк сапарга аттануусуна устаттары, тарых илимдеринин докторлору, профессорлор Жумадил Сапалович Бактыгулов, Вера Митрофановна Петровец, Сабыр Аттокуров, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, доцент Илья Маркович Склярлар салым кошкон.
1976-жылдын август-октябрь айларында Нарын медициналык окуу жайынын окутуучусу жана комсомол комитетинин секретары болуп эмгектенди.
1976-1989-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын тарых институтуна кызматка атаандаштыкта өтүп, алгач кенже, анан улук илимий кызматкер болуп иштеди.
1979 – 1981-жылдары Москва шаарында СССР Илимдер Академиясынын СССР элдеринин тарыхы институтунун стажер-изилдөөчүсү болду.
1989–1995 - жылдары КМУнун (КУУ) тарых факультетинде жаңы ачылган Жогорку окуу жайлар аралык Кыргызстандын тарыхы кафедрасына чакырылып, алгач улук окутуучу, анан доцент, Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы, илимий иштер боюнча декандын орун басары кызматтарды аткарды.
1995–1998-жылдары Жусуп Баласагын атындагы КУУнун докторантурасында болду.
1999–2001 - жылдарында ошол эле КУУнун тарых факультетинин Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы болуп шайланып, эмгектенди.
2001-жылдын 9 - сентябрында Кыргызстанда жаңыдан түптөлгөн Эл аралык Кыргыз-Түрк «Манас» университетине (КТМУ) чакырылып, 2001 – 2002-жылдары аталган университетте тарых бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды.
2002 – 2009 - жылдары ошол эле жерде Гуманитардык факультетинин деканынын орун басары болду.
2009-жылдын 10 - июлунан 30 - ноябрына чейин – КТМУнун Гуманитардык факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болду.
2009-жылы 4 - сентябрында ошол эле жерде тарых бөлүмүнүн профессору болуп шайланган.
2010-жылдын 26 - апрелинен 2011 - жылдын 15 - октябрына чейин кайрадан гуманитардык факультетинин деканынын орун басары болду.
2013-жылдын 31-октябрынан 2015-жылдын 1 - августуна чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө институтунун директорунун орун басары кызматын аткарды.
2017-жылдын 17-октябрынан бери (азыркы тапта дагы) К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык (азыр мамлекеттик) университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде Кыргызстандын жана чыгыш чет өлкөлөрдүн тарыхы кафедрасынын башчысы болуп иштеп келет.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун жана чыгыш таануу бөлүмүнүн жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы (1982-1989).

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын төрагасы (1990-1991).


Тарыхчы, КТМУ профессору Дөөлөтбек Сапаралиев. 02.10.2012.


Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы Айке Султановна 1954-жылы Ысык-Көлдөгү Көк-Мойнок айлында төрөлгөн.
КМУнун тарых факультетин 1976–жылы алар чогуу бүтүргөн.
Жубайлар эки уулдуу (Нурланбек менен Бакытбек) жана бир кыздуу (Жазгүл), көп неберелүү болушту.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

32ден ашуун илимий жана усулдук (а. и. 6 монография, 4 брошюра, 22 авторлоштукта жазган эмгектер) кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде чыгарылган китептердин автору.
Ошондой эле 5 усулдук китепче, 212 илимий макалалар жана тезистерди жарыялады. 208 ден ашуун илимий - популярдуу макалалары журналдар менен гезиттерде басылган.

  • Сапаралиев, Доолотбек Бекиш уулу. Этнополитическая история Оша и его окрестностей с 18 до середины 19 в. [Текст] / Д.Б.Сапаралиев; НАН Кыргыз. Респ. и др. - Бишкек : Илим, 1999. - 143 с. - Библиогр. в подстроч. примеч.. - ISBN 5-8355-1019-5.




  • Сапаралиев Доолотбек. «Эл зар - Жусуп». Максат. 70 стр. 500 экз.
  • Сапаралиев, Доолотбек Бекишович. К истории кыргызско - казахских взаимоотношений: (Вторая половина XVIII - первая половина XIX века)./ Доолотбек Бекишович Сапаралиев // Вестник Новосибирского государственного университета (НГУ). Серия: История. Филология: Археология и этнография. – 20/12/2005. – Том 4, Выпуск 5 /2005. – С. 124 - 128. – На рус. яз.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы.


2000-жылы “Кыргыз Республикасынын агартуу отличниги”, ал эми 2011-жылы болсо “Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген кызматкер” деген наамдарга арзыды.
2004-жылы Эл аралык Ч.Айтматов академиясынын академиги болуп шайланды.
2009-жылдан бери Борбордук Евразия изилдөө коомунун (Central Eurasian Studies Society, кыскартылганда – CESS) мүчөсү.
2013-жылы Түрк тарыхчылар коомунун ардактуу академиги болуп шайланды.
2001 - жылы Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланды.
2002 - жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгына ээ болду.
2002 - жылы “Ормон хан” юбилейлик медалын алды.
2010 - жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Ардак Грамотасы ыйгарылды.
2011 - жылы “Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген кызматкер” наамына ээ болду.
2013 - жылы Түрк Республикасынын Мехмет Акиф Эрсой жана Искусство коому тарабынан «Түрк маданиятына, искусствосуна жана цивилизациясына кошкон салымым үчүн ыраазычылык белгисин” алды.
2014 - жылдын, 14 - октябрында “Токтогул-150” коомдук фонду тарабынан “Токтогул Сатылганов – 150” юбилейлик медалына татыктуу болду. Ошол эле жылы мамлекеттик “Эркин Тоо” гезити тарабынан “2014 - жылдын мыкты окумуштуусу” деп тандалып, анын дипломун алды.
2016-жылы КРнын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун илимий иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн алкыш катты алган.
2016 - жылдын 13 - сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архив агенттигинин “Архив ишине 80 жыл” медалы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин расмий басылмасы болгон “Кутбилим” гезитинин 2016-жылдагы мыкты авторлорунун бири катары таанылган.
2017 – жылы КРнин Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган. Мамлекеттик “Кыргыз Туусу” газетасынын эксперттери тарабынан “2017-жылдын мыкты окумуштуусу” деп тандалган.
2019-жылдын 20 - ноябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардак Грамотасына татыктуу болгон.
2021-жылдын 2 - октябрында Ж. Абдрахмановдун туулгандыгынын 120 жылдык мааракесин даярдоого жана өткөрүүгө арналган иш-чараларды демилгелөөгө жана уюштурууга кошкон салымы үчүн КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан алкыш жарыяланган.
2023-жылы КУУнун арджактуу профессору наамын алган.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]