Сары-Таш (Алай району)

Википедия дан
Сарыташ шаарчасы‎»‎ барагынан багытталды)
Сары-Таш
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Ош облусу

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1939

Бийиктиктиги

3200

Калкы
Калкынын саны

2337[1] (2021)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Сары-ТашКыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай р-ндагы айыл. Сары-Таш айылдык аймагынын составына кирет. Алай өрөөнүндө, Талдык ашуусуна жакын, деңиз деңгээлинен 3120-3200м бийктикте, Ош-Хорог автомобил жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 104 км, дубандын борбору Ош шаарынан 185км аралыкта. Сары-Таш тоо арасында деңиз деңгеелинен бийик жайгашкандыктан, климаттык шарты татаал, такай шамал согуп турат, жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 600мм.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 2337 киши[1]. Калкынын 42,9%-и эмгек жашына чейинкилер, 50,9%-эмгек жашындагылар, 6,2%-эмгек жашынан өткөндөр. Шаарчанын негизги функциясы - унаалык кызмат көрсөтүү.
Негизги ишканалары: жол оңдоочу бөлүм жана асфальт-бетон заводу. Айыл аркылуу Ош-Хорг, Ош-Эркечтам, Ош-Дарооткоргон автомобиль жолдору өтөт. Орто мектеп, тилкелик оорукана, поликлиника жана дарыкана бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, ISBN 9967-14-006-2.