Сасык үпүп
Сасык үпүп (лат. Upupa epops) - токойдун корукчусу же үпүп сасык деп коюшат. Сасык үпүптөрдүн биздин планетада бул канаттуунун 20 га жакын түрү кездешип, көбүнчө Борбордук жана Батыш Европада, Сибирде, Кытайда, Түштүк Африкада мекендешет.
Батыш Европанын сасык үпүптөрү жүзүм көп өскөн жерлерге жайланышат, ал эми Африкада аларды бардык жерден, ал тургай чоң-чоң шаарлардан да көрүүгө болот.
Эң кызыгы бул канаттуулар коркок болушат. Өзгөчө мышыктан жана иттен коркушат. Бирок, алар адамдарга жана башка үй айбанаттарынан коркушпайт, көңүл да бурушпайт. Сасык үпүптөр урушчаак келип, бири-бири менен өтө көп урушушат, ошондуктан эки үй-бүлө бир жерде, жакын жашай алышпайт. Ошондой эле булар омурткасыздар менен тамактанышат. Өзгөчө тамагы болуп эттүү чымындар эсептелет, коңуздар жана анда-санда кумурсканын тукуму менен да азыктанышат.
Алар уяны дарактардын баштарына, эгер жакын арада чуңкурлар жок болсо анда алар уясын дубалдын кычыктарына курушат. Ургаачылары 4 – 7 чейин жумуртка коет.
Жаңы туулган сасык үпүптүн балапанына ата-энеси жемди майдалап оозуна салып коюшат. Антпесе жаш балапан өлүп калышы мүмкүн. Балапандарды чоңойтуп жаткан учурда уяларын бузуп, чагуучу жырткычтар көбөйөт. Булар уясын тазалабайт, балапандарын таза кармашпайт. Ошон үчүн да аларды адамдар “сасык үпүп”, же “сасык чымчык” деп атабаса керек.
Сасык үпүп тууралуу уламыш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сулайман пайгамбар заманында бүткүл дүйнөнү, жер-сууну, асманда учкан кушту, жан-жаныбарлардын бардыгын сурап турган экен. Мезгил жетип ал өзүнүн өлөрүн билип, өзүнүн атагын өчүрбөс үчүн бир белги калтырууну ойлойт. Бирок, кандай нерсе калтырууну чече албайт. Акылман аялынан акыл суратып, өзүнүн увазирин жиберет. Аялы увазирдин сөзүн угуп: “Келечекте өзүнүн артына мурастык үчүн таштан, кумдан, чоподон, жыгачтан эстелик курдуруу жарабайт. Анткени, бул бүткүл адам баласынын колунан келет. Ошондуктан, канаттуу куштардын сөөгүнөн өзүнчө бир кооз мунара тургузушу керек. Себеби, Сулаймандан кийин дүйнөнү эч ким сурабайт. Куш өзүнчө, адамзат өзүнчө падышачылыкка өтөт. Ал акылды падыша туура таап. Бүткүл куштарга жар чакырат.
Куштар чогулуп келгенде алардын эсебин алса, сасык үпүп жок болуп чыгат. Падыша сасык үпүптү таап келгенге жагалмайды жиберет. Анда келбей койгон соң, кара боорду жумшап, сасык үпүптү алдырат да сурак кылат. Үпүп Сулайман пайгамбардын суроолоруна акылмандык менен жооп таап, жазадан кутулуп кетет. Анын тапкычтыгына, акылдуулугуна пайгамбар ыраазы болуп, өзүнүн жаңылыштыгын сезип, үпүпкө таажысын кийгизип, үстүнө кооз чепкенин жабат. Сыйды алып сыртка чыкса, куштардын бардыгы аны куттуктап басып жыгылат. Үпүп өлүп кала жаздап, араңдан зорго кутулуп, кайра Сулайман пайгамбардын үстүнө качып кирип “мени булардан куткара көр” – деп суранат. Ошондо пайгамбар ага “сасык” жыт берген экен. Үпүптү сасык болуп, ал эми жүнү, келбети кооз болгондугу ушундан калыптыр. Жагалмайды болсо үпүптү ээрчитип келе албайсың деп мойнундагы жылаажынды алып, тамагына кара тамга салып жазалайт. Тапшырылган ишти дурус аткаргандыгы үчүн кара боор пайгамбардан сыйлык жана “күчтүү бол” деген бата алат. Ошондон бери бул куштар ошол сымбатынан жазбай келе жатышат.