Сатира

Wikipedia дан

Сатира (гр. – түрдүү, аралаш) – коомдук турмуштагы ошол чөйрөгө, түзүлүшкө ылайык келбеген айрым бир көрүнүштөрдү, адамдардын иш аракеттериндеги, мүнөздөрүндөгү жагымсыз сапаттарды күлкүгө алып, сындаган чыгармалар. Сатиралык чыгармалар бардык жанрда жазыла берет. Токтогул Сатылганов “Беш каман” деген ырында эзүүчү таптын өкүлдөрүнүн айрым жорук-жосундарын келекелейт, алардын бетин ачат. Сатирада автор объектисинин терс жактарын бир кыйла көркөмдөштүрүп, айрым бир сатиралык боёкторду коюулантып да коёт. Сатиралык чыгармалар байыркы грек адабиятынан бери эле белгилүү. Бүгүнкү күндө да сатиралык чыгармалардын мааниси чоң. Коомубузга жат айрым көрүнүштөрдү сынга алып турат. Кыргыз сатирасынын өсүшүндө элдик жомоктордун, анекдот-калптардын, Токтогул, Тоголок Молдо, А. Токомбаев, К. Маликов, Р. Шүкүрбеков, М. Алыбаев, К. Каимов, М. Борбугулов, М. Турсуналиевдердин чыгармаларынын мааниси чоң. Республикабызда сатиралык мүнөздөгү “Чалкан” журналы чыгып келип, анда фельетон, аңгеме, пародия, ырлар жарыяланат.

"Манас" эпосундагы сатира[оңдоо]

Сатира адегенде элдик «күлкү» түрүндө пайда болуп, бара-бара искусствонун башка түрлөрүнө (адабият, театр, сүрөт өнөрү жана башкалар) да өткөн. Бүтүндөй чыгарма же чыгармадагы айрым образдар кырдаал, эпизоддор сатиралык мүнөзгө ээ болот. «Манас» эпосунда да сатиранын элементтери арбын учурайт. Эпосто эл турмушунун ар кандай күлкүлүү учурлары, кырдаалдары сүрөттөлүп, эпостун ыр саптарынан сатира менен юморду, сарказм менен иронияны жолуктурууга болот. Эпосто ар бир окуяда күлкүлүү көрүнүштөр, каармандардын кебете-кешпирлеринин сатиралык маанайдагы сүрөттөлүштөрү бар. Баатырлар башынан кечирген оор сыноолор, коогалуу окуялар сатиралык сүрөттөөлөр, күлкүлүү окуялар, көрүнүштөр менен эриш-аркак баяндалат, же окуя күлкүлүү аяктайт жана башкалар Мисалы, Чоң казатка аттанган жоокерлердин ичинен узак жол жүрүүдө чарчап кыйналган Кыргылчалдын абалы баштан-аяк сатиралык планда сүрөттөлөт. Тоодой болгон Манасты унутуп коюп, өлүп кала жаздаган Тазбайматтын жоругуна бүт кыргыз колу күлөт.
Эпосто каармандардын, айрыкча терс кейипкерлердин кебете-кешпирлери, терс кыял-жоруктары гипербола, гротеск аркылуу сатиралык мыскылга алынат. Мисалы, Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Ороңгунун кебетеси (Ороңгу келет ороңдоп, арасынан чачынын отуз-кырк чычкан сороңдоп), Жолойдун кемегенин кашында очоюп отуруп, быша элек этти шишке сайып жеген опкоктугу, адепсиздиги. Эпостун «Манас» бөлүмүнө караганда «Семетей», «Сейтекте» сатиралык көрүнүштөр, сүрөттөөлөр сейрегирээк учурайт. Эпостун бул бөлүмдөрүндө чагылдырылган окуялардын, ал окуялар болуп өткөн мезгилдин мүнөзүнө байланыштуу, «Манаста» жеңилбес Манас баатыр баштаган кыргыз элинин бекем баш кошуп, бакыбат турмушта, басташкан душманын кыйратып турган мезгили сүрөттөлсө, кийинки бөлүмдөрдө Абыке, Көбөш, Толтой, Чынкожо, Канчоро, Кыяс өңдүү чыккынчылардын эл биримдигин ыдыратып, эл башына азап-тозок алып келгени баяндалат. Ушунун натыйжасында бул бөлүмдөрүндө трагедиялуулук, драматизм күч алып, комедиялуулук, сатиралык маанай басаңдайт. Бирок, М. Борбугулов белгилегендей жашоодо ый менен күлкү эриш-аркак жүргөндөй эле бул бөлүмдөрдө да сатиралык сүрөттөөлөр, күлкүлүү көрүнүштөр бир топ учурайт. Мисалы, Айчүрөктүн Семетейди издеп келип, Акшумкарын ала качып кеткендеги эпизоддо «Эрке катын Чачыкейдин» осол жорук-жосундары, «Сейтекте» Желмогуз уулу Сарыбайдын кебете-кешпиринин сүрөттөлүшү жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004