Гүлнур Сатылганова

Википедия дан
Сатылганова, Гүлнур‎»‎ барагынан багытталды)
Гүлнур Сатылганова
Негизги маалымат
Туулган датасы

1 -ноябрь 1968(1968-11-01) (55 жаш)

Туулган жери

Токтогул шаарчасы , СССР

Өлкө

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актриса

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

Фольклор, поп

Активдүү жылдары

1986 — азыркы учурда

Super.kg: ID 85

Гулнур Сатылганова — (1968 жылы 1-ноябрда Токтогул шаарчасында төрөлгөн.) Белгилүү элдик ырчы жана актрисасы. Көптөгөн республикалык жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гулнур Сатылганова — 1968 жылы 1-ноябрда Токтогул шаарчасында төрөлгөн.

Атасы Абдыразак Сатылганов зоотехник, апасы Анаркан Мамбеталиева ашпозчу болуп иштешкен. Гульнур Сатылганова 10 бир туугандын жетинчиси.

Гүлнара Сатылганованын ата-энесинин музыкалык билими жок болгонуна карабастан, атасы комузда мыкты черткен, апасынын үнү күчтүү, тембри сонун болгон.

1995-жылы атасы Абдыразак Сатылганов каза болгон андан соң 2005-жылы апасы Анаркан Мамбеталиева каза болгон. [1]

Чыгармачылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гульнур Сатылганова бала кезинен бери ырчы болууну кыялданчу, гитараны абдан жакшы ойночу.

1974-1985-жылдары «Жоомарт Бөкөнбаев» атындагы орто мектепте окуган, мектепти аяктаган кийин 1985-1986-жылдары кондитердик боюнча бир жылдык окууну окууган.

Экинчи билимин 1987-1991-жылдары «Бүбүсара Бейшеналиева» атындагы искусство университетинин[2], хор дирижерлук бөлүмүн аяктаган.  1986-1988-жылдары Токтогул райондук "Миң кыял" ансамблинде эмгектенген. Студент курагында "Жетиген" ансамблинде да ырдаган жана Аламүдүн райондук маданият үйүнүн алдында уюшулган "Арашан" фольклордук тобунда 1991 ж эмгектенген. Турмушка чыккандан кийин 1992-1995-жылдары Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрында актриса, "Каркыранын канаты" спектаклинде башкы ролду ойногон. Театрдын алдындагы Нурлан Нышанов жетектеген "Саамал" фольклордук тобунда эмгектенген;

1996-2004-жылдары Улуттук консерваториянын эстрадалык студиясында солист. 1999, 2004, 2006, 2007, 2008, 2014-жылдары жеке концертин берген.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдошу Даниел Токтобаев Ленинграддагы Луначарский атындагы окуу жайдын актёрлук бөлүмүн аяктаган. Даниел Токобаев менен Гүлнур Сатылганова жапон драматургу Киноситанын “Турналардын жүнү” спектаклинде чогуу ойношкон, Гульнур Сатылганова сыйкырдуу куш кыз Цуну, ал эми Жубайы Цунун сүйүктүүсү Йохионун ролун ойногон. Даниел Токобаев тилеке каршы баласынын беш айлык кезинде дуйнодон кайткан.

Гульнур Сатылганованын жалгыз уулунун аты Арназ Даниель уулу, ал 1996 жылы туулган. [3] 

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 31 -январь (үчтүн айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 31 -январь (үчтүн айы) 2022.
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 31 -январь (үчтүн айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2022.
  3. https://limon.kg/ru/news:70202
  4. Министерство культуры и информации Кыргызской Республики: Награждение лучших деятелей культуры Кыргызстана(жеткиликсиз шилтеме)  (орус.)
  5. 5.0 5.1 Музыкальный привет с Родины Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine // “Туран”: Первая практическая газета для выходцев из Средней Азии, № 27 (27) Декабрь 2011, стр. 3.  (орус.)
  6. Көрүңүз ru:Орден Святого Георгия (Российская Федерация)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]