Саутрантика

Википедия дан

Саутрантика– хинаядагы буддизмдин философиялык мектеби.

Саутрантикага мүнөздүү көрүнүш – бул анын вайбхашиканын схоластикалык (турмуштан ажыраган) чындыгына сын көз караш менен мамиле кылышы. Алар көз ирмемдеги нерселер (учурдагы) гана жашайт, ал эми калган бардык «узак нерселер» аты бар, заты жок нерселер деп эсептешет.

Саутрантика вайбхашикага карама-каршы өткөн жана келе турган дхармды танат да, «учурдагы» гана дхармды тааныйт. Ошондуктан Саутрантикада алардын жаралышы менен жоголушу жөн эле мезгил тепкичтери боюнча саякат жасоо эмес, а чыныгы жаралуу жана жоголуу. Ошону менен бирге эле Саутрантикада жан дүйнөнүн ролун ойноочу кандайдыр бир ички кылдат биримдик (организм) бар экенин моюнга алат. Саутрантиканын вайбхашикадан четтеп, махаяна менен жакындашуусу, өзгөчө анын нирвана дүйнөнүн түпкү уюткусу, түбөлүктүүлүк катары караган көз карашынан көрүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]