Сахабалар

Википедия дан

Сахабалар (араб. الصحابة, жеке түрүндө صحابي‎ — дос, жолдош) - Аз. Мухаммед Пайгамбардын тирүү кезинде аны менен жүз көрүшүп, ал менен сүйлөшүп мусулман бойдон өлгөн жолдоштору, шакирттери.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Таватур жолу менен, таанымал жолу менен, өзүнүн айтуусу менен, хижрий 110 го чейин жашоосу менен, балагат жашындан өткөндөн кийин көрсө сааба болуп эсептелет.

Саабалардын бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахли-Сүннөт аалымдары сахабаларды үчкө бөлгөн:

  1. Мухажирлер - Мекке шаары алына электен мурда Меккеден же башка жерлерден өз мекендерин, жакын туугандарын таштап Мадина шаарына көчүп келгендер.
  2. Ансарлар - пайгамбарыбызга жана мухажирлерге ар тараптан жардам берген жана кең пейилдикте боло тургандыгына сөз берген Мадина шаарында же ушул шаарга жакын жерлерде жашаган мусулмандар.
  3. Башка саабалар - Мекке шаары алынган учурда, андан кийин Меккеде, же башка жерлерде мусулман болгондор.

Саабалардын даражасы боюнча эң улуулары пайгамбардын төрт халифасы. Андан кийин «бейиш менен сүйүнчүлөнгөн 10 сааба»

Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн 10 сааба[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алла Таала сахабалардан ыраазы болгондугун, аларды сүйгөндүгүн Куранда айтып кеткен:
  • «Алла Таала алардан (сахабалардан) ыраазы, алар да (сахабалар) Алла Тааладан ыраазы».

(Баййина сүрөсү, 98/8-аят)

Эң кеч кайтыш болгон сахабалардын аймактарга карата тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Меккеде: Абу Туфайл Амир б. Васила ал-Лайси (өл. 110/728)
  • 2. Мадинада: Махмуд ибнур-Раби (өл. 99/717)
  • 3. Басрада: Анас бин Малик (өл.91/707)
  • 4. Куфада: Абдуллах б. Аби Авфа (өл. 81/705)
  • 5. Шамда: Абдуллах б. Буср ал-Мазини (өл. 88/706)
  • 6. Мисирде: Абдуллах б. Харис б. Жазз аз-Зубайди (өл. 86/705)
  • 7. Палестинада: Абу Убай Абдуллах б. Умми Харам
  • 8. Дамаскта: Васила б. ал-Аска ал-Лайси (өл. 83-86/ 702-705)
  • 9. Алжирде: ал-Урс б. Амира ал-Кинди
  • 10. Африкада: Рувайфа б. Сабит ал-Ансари (өл. 56/676)
  • 11. Хоросанда: Бурайда б. Ал-Хусайб ал-Аслами (өл. 73/692)
  • 12. Самаркантта: ал-Фадл б. Ал-Аббас (өл. 63/683)
  • 13. Таифте: Абдуллах б. Аббас (өл. 68/687)

Сахаба равилердин саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аз. Пайгамбарды көргөн саабалардын тизмеси 60.000- 114.000 арасында болгондугу айтылат. Саабалардын өмүр таржымалын берген Ибн Абдилеберрдин "ал-Истиаб" эмгегинде 4225, Ибнул Асирдин "Усдул Габа" да 7703, Ибн Хажардын "ал-Исаба" да 12.295 киши сөз кылынган. Жогорууда саны берилген саабалардын бардыгы риваят кылган эмес.
Хадис риваят кылган саабалар 1000-1400 арасында болгон. Хаким болсо 4000 ге, Захаби болсо 2000 ге жеткизген.

Ал саабалар:

  • -7 сааба 1000 ашык риваят кылган.
  • -4 сааба 500 ашык риваят кылган.
  • -27 сааба 100 ашык риваят кылган.
  • -194 сааба 10 ашык риваят кылган.
  • -800 сааба 1-9 арасы риваят кылган.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ez-Zehebî, Siyeru A’lâmi’n-Nubelâ, c. IV, s. 467, no: 177; ez-Zehebî, el-Kâşif, c. I, s. 527, no: 2548; İbn Hacer, Fethu’l-Bârî, c. XI, s.363; es-Suyûtî, İs’âfu’l-Mubatta’ bi Ricâli’l-Muvatta’, c. I, s. 15; Muhammed b. Abdulbâkî b. Yusuf ez-Zürkânî, Şerhu’z-Zürkânî Alâ Muvattai’l-İmâm Mâlik, I-IV, Dâru’l-Kütübi’l-İlmiyye, Beyrut 1411, c. I, s.414; el-Mubârekfûrî, Tuhfetü’l-Ahvezî, c. III, s. 98.
  • İbn Hacer, Tehzîbü’t-Tehzîb, c. V, s. 71.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]