Семиз-Бел өрөөнү

Википедия дан
Семиз-Бел (өрөөн)‎»‎ барагынан багытталды)

Семиз-Бел өрөөнүКочкор өрөөнүнүн чыгышында, Каракоо (3564м) жана Үкөк (435м) тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан. Өрөөндүн жогорку бөлүгү Айгыр-Жал, төмөнкү бөлүгү Сары-чат деп аталат. Таманы деңиз деңгээлинен 1900–2300м бийикте. Рельефи түзөң. Узундугу 13–15км, туурасы 6–7км. Кара-Коонун өрөөнгө караган капталы жантайыңкы. Үкөк тоосунуку тик, этегинде шилендилер жатат. Өрөөн төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон аллювий, пролювий жана морена борпоң тоо тектеринен турат.

Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 15–16°С, январдыкы 9,9°С. Жылдык жаан-чачыны 200мм. Жер астындагы сууга бай. Бозомук, ачык күңүрт, каралжын коңур топурактуу. Өрөөндүн таманына, тескейлүү капталына жарым чөл, талаа, шалбаалуу талаа (тоо капталдарында), ландшафттары күнгөйүнө таштак ксерофиттүү өсүмдүктөр өскөн ландшафт мүнөздүү. Кышкы жайыт катары пайдаланылат. Өрөөндө Кара-Саз жана башка кыштактар жайгашкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан географиясы. Мамлекеттик тил комиссиясы”- Бишкек-2004.
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. ISBN 9967-14-006-2