Сибирь кыргыздары

Википедия дан

Сибирь Кыргыздары – 13–18-кылымда азыркы Хакас-Минуса ойдуңунда жана ага чектеш аймактарда жашаган кыргыз эли. Кыргыздар бул аймакта ички жана тышкы көзкарандысыз саясатын жүргүзүп келишкен.

Чыңгыз Кандын мураскорлорунун бийлик үчүн болгон ичара согуштарына кыргыздардын тартылышы, аскердик оор салыктар, тынчы жок элди (кыргыздарды) бир нече ирет көчүрүү саясаты демографиялык терс таасирин тийгизген. Бирок, кыргыздар бул аймактын башкы этносу бойдон калып, моңгол Алтын хандарына, жуңгарларга, орустарга каршы ийгиликтүү күрөшүп келишкен.

Сибирь кыргыздары орус жазма булактарында «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» деген ат менен белгилүү болгон. Сибирь кыргыздарынын мамлекети төрт улустан жана аларга тиешелүү кыштым капчыгайларынан (Алтысар, Алтыр, Изер, Туба) турган.

Моңгол чапкынынан баштап, Кыргыз жериндеги саясий борбор Абакан өрөөнүнөн түндүккө көчкөн эле.

Ак Үүс (Ак Июс) жана Кара Үүс (Кара Июс) дарыяларынын алабында кыргыздын тектүү бектеринин ээликтери жайгашкан. Ошондон улам алтысарлыктар «Чоң кыргыздар» деп аталышкан.

Ар бир улустун өзүнө тиешелүү кыштымдары жана кыштым капчыгайлары болгон. Мамлекет ички жана тышкы иштер жалпы курултайда каралып, ага 500гө жакын кыргыз бектери катышып турган. Курултайда Кыргыз өлкөсүнүн башкаруучусу шайланган. Мисалы, белгилүү баатыр жана мамлекеттик ишмер Эренак бек Кыргыз өлкөсүндө борборлошкон мамлекеттик башкарууну орноткон.

16-кылымдын аягы–17-кылымдын баш ченинде Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы, чарбасы, маданияты бир топ өнүккөн.

Кыргыздардын жазма маданиятынын болгондугун орус документтери баяндайт. Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы негизи көчмөн мал чарбачылыгы, дыйканчылык, аң уулоо, соода иштери менен катар көп сандаган көзкаранды кыштымдардан жыйналчу салыктан турган. Сибирь кыргыздары Алтын хандарга, жуңгарларга формалдуу көз каранды болушуп, салык төлөө менен гана чектелишкен.

Алтын хандардын ичара согуштарына кыргыз аскерлеринин катышканы жөнүндө маалыматтар бар. Сибирь кыргыздарынын басымдуу бөлүгү 1703-жылы Жуңгарияга көчүрүлүп кеткен. Айрым бөлүгү 1756–58-жылы окуялардан соң кайтып келишкен. Бүгүнкү тувалардын, шорлордун, алтайлыктардын басымдуу бөлүгү, хакастардын дээрлиги Сибирь кыргыздарынын урпактары болушат.

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]