Сикоз

Wikipedia дан

Сикоз (илгерки грек. σύκωσις — жаралануу чач түбүнүн сезгениши) — ээктин, үстүңкү эриндин, жаактын терисинин стафилококк пайда кылуучу ириңдүү өнөкөт оорусу. Сикоз көбүнчө эркектерде кезигет.

Ооруну пайда болушу[оңдоо]

Ал тери чаң, айрыкча таш көмүр жана металл чаңы менен булганганда, сакал-мурутту туура эмес алганда, мурундун кошумча кобулдары сезгенгенде ( Мурун, мурун кобулдары[1]), тонзиллитте, гиповитаминоздо, эндокрин жана нерв системасынын иши бузулганда, катуу оорудан организм начарлаганда пайда болот. Сакал-мурутту алгандан кийин бети-колду дезинфекциялабай койгондо стафилакокк түктүн түбүнө түшүп, алгач терини кычыштырып, кызартып, кийин шишип чыгат. Ошол жердеги теринин үстү чыбырчыктап, исиркектенет, суу чыгып, кийин карттанат, узакка айыкпаган сары карт жарасына (фолликулит) айланат. Бара-бара жаралар бири-бирине кошулуп, тегереги сезгенип, көгүш тарта баштайт.

Дарылоо[оңдоо]

Дарылоону врач жүргүзөт. Теринин жараланган жерин суу менен жууга болбойт. Ириңдеген жараны кол менен сыгып жаруу туура эмес, анткени ириңдеги микроб кан тамырга өтүп, ал аркылуу башка органдарга тарашы мүмкүн. Жаранын тегерегин 2%түү салицил жана камфора спирти менен тазалоо керек. Жараланган жерин бриллиант жашылынын, метилен көгүнүн эритмеси менен сыйпап, бинттеп байлап коюу керек, ошондой эле йод, атыр менен тазаласа да болот.

Сикозду алдын алуу[оңдоо]

Сикозду алдын алуу үчүн ириңдүү жара менен көп ооругандар сакал-мурутун электр сакал алгыч менен алганы дурус. Бетти дайыма таза кармап, туура күтө билүү керек.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтеме

  1. >Мурун, мурун кобулдары

Шилтеме ↑ >Мурун, мурун кобулдары