Симпаталгия

Wikipedia дан

Симпаталгия — мезгили менен ачы шып, күйгүзгөндөй чыдатпаган оору менен мүнөздөлгөн, вегетатив нерв системасынын симпат бөлүгүнүн жабыркоосу.

Пайда болушу[оңдоо]

Симпаталгия ар кандай жугуштуу оорулардын. уулануунун, остеохондроздун жана башкалар натыйжасында пайда болот. Симпаталгия көбүнчө эмоция менен байланыштуу болуп, бет, ийин, далы жана бут нервдери ооруга чалдыкканда болот.

Бет симпаталгиясы[оңдоо]

Бет Симпаталгиясында мезгили менен бир жак бет ачышып чыңалгансып, чыдатпай ооруйт. Беттин ооруган жагы шишип, көз кызарып, жаш агат, мурундан суу куюлат. Оорулуу тынчсызданып, оорусунан алаксыш үчүн ары-бери басууга мажбур болот. Бет Симпаталгиясы көз, жаак, тиш, тил, таңдай, кулак, моюн, ийин, далыга тарайт. Оору басаңдагандан кийин кулак чуулдап, бет чымырашы мүмкүн. Ийин жана далынын Симпаталгиясында оорулуунун ийини, моюну, эки далысынын ортосу ачышып, талып, уюп тургандай сезилет. Оору көбүнчө түнкүсүн, тынч жатканда кармайт.

Жүрөк симпаталгиясы[оңдоо]

Жүрөк жактан кармаганда, жүрөктүн тушу сайгылашып, уюп ооруйт, ал ийинге тарайт. Жүрөк Симпаталгиясы стенокардияга окшоп кетет, бирок мында стенокардияда жардам берүүчү дарылардын (мисалы, нитроглицерин) пайдасы жок.

Остеохондроздун симпаталгиясы[оңдоо]

Остеохондрозго чалдыкканда да Симпаталгия болуп, буттун арты жана каптал жагы аябай ачышып, күйгүзүп, чыдатпай ооруйт. Буттун өңү өзгөрүлүп, муздап, тердеп, сезгичтиги күчөйт. Өз убагында врачка кайрылуу зарыл. Симпаталгияда ооруну токтотуучу тиешелүү дарылар колдонулат жана физиотерапия. ийне менен дарылоо жүргүзүлөт. Симпаталгияны алдын алууда аны пайда кылган себептерине каршы аракет жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8