Скарлетт Йоханссон

Википедия дан
Скарлетт Йохансон‎»‎ барагынан багытталды)
Скарлетт Йохансон

Скарлетт Йохансон (англ. Scarlett Johansson;/ dʒoʊhænsən /; 1984-жылы 22-ноябрда туулган) - америкалык актриса, модель жана ырчы. Ал "Норт" (англ. North, 1994) фэнтези тасмасында ойноп, чыгармачылык тушоосу кесилген. Андан кийин "Мэнни жана Ло" (англ. Manny & Lo, 1996) тасмасына тартылган. Анын "Саяпкер" (англ. The Horse Whisperer, 1998) жана "Арбактар дүйнөсү" (англ. Ghost World, 2001) тасмасындагы ролу менен таанымал болгон. Актриса чондордун ролун ойноого бел байлап, "Бермет көздүү сөйкө тагынган кыз" (англ. Girl with a Pearl Earring, 2003) жана "Котормодогу кыйынчылыктар" (англ. Lost in Translation, 2003)тасмаларында ойногон. Ушул ролу үчүн Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын "Башкы ролдогу эң мыкты актриса" номинациясында алган.

Анын кийинки тасмаларына "Сүйүү ыры" (англ. A Love Song for Bobby Long, 2004), "Матч-пойнт" (англ. Match Point, 2005), "Арал" (англ. The Island, 2005), "Кара Орхидея" (англ. The Black Dahlia (2006), "Аброй" (англ. The Prestige, 2006), "Болейн тукумунан дагы бир кыз "(англ. The Other Boleyn Girl, 2008), "Вики Кристина Барселона" (англ. Vicky Cristina Barcelona, 2008),(Үйлөнүүгө шашылбай тур" (англ. He's Just Not That Into You, 2009), "Дон Жуан" (англ. Don Jon, 2013), "Ал кыз" (англ. Her, 2013), "Менин ордумда болуп көр" (англ. Under the Skin (2013), "Лүси" (англ. Lucy, 2014), "Жуңгли китеби" (англ. The Jungle Book, 2016) жана "Зоот кийген арбак" (англ. Ghost in the Shell, 2017) кирет. 2008-жылдан баштап С. Йохансон Marvel Comicsтарткан тасмада Каралуу жесир аялдын ролун ойногон.1] "Көпүрөдөн караганда" (англ. A View from the Bridge) чыгармасындагы ролу үчүн "Пьесадагы эң мыкты оюн көрсөткөн актриса" номинациясында Тони сыйлыгын алган. Ырчы катары С. Йохансон "Башымди ийем" (англ. I Lay My Head (2008) жана "Ажарашуу/таштоо" (англ. Break Up (2009) деген эки ыр альбомун чыгарган чыгарган.

С. Йохансон Голливуддагы азыркы секс-символдордун (жагымдуу айымдардын) бири катары таанымал, жакында эле чыккан тизмеде актрисанын аты дүйнөдөгү эң жагымдуу аялдардын катарында аталган. 2017-жылдын февраль айына карата актриса Түндүк Америкадагы эң кымбат (акысы жогору) актриса катары таанымал, анын тасмаларынан түшкөн киреше$3.6 миллиард долларды түзгөн. 2016-жылы актрисанын кирешеси дагы 1.2. миллиард долларга көбөйгөн жана жылдын эң кымбат актрисасы катары белгиленген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]