Шимеев, Смар

Википедия дан
Смар Шимеев‎»‎ барагынан багытталды)

(1921–1976)

Акын Смар Шимеев Кемин ооданынын Алмалуу кыштагында 1923-жылы 15-ноябрда туулган. «Ленинчил жаш» гезитинин адабий кызматкери, Кыргыз ТАГдын кабарчысы, радиокомитетте адабий-драмалык уктуруу боюнча жооптуу редактор, «Ала-Тоо» журналынын жооптуу катчысы, Кыргызстан КП БКнын инструктору, Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген.
1949–1954 жылдары С.Шимеев Москва шаарындагы M.Горький атындагы адабият институтунда окуп, окууну бүткөн соң, Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин адабий консультанты, «Кыргызмамбастын» башкы редактору, «Ала-Тоо» журналынын редактору, «Жаш ленинчи» журналынын редактору, Кыргыз КСРинин маданият министрлигинин искусство иштери боюнча Башкармасынын начальниги жана Кыргызстан Мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын мүдүрү, 1965-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз КСРнин Министрлер Кеңешинин искусство боюнча Башкы башкармалыгында башка-руучу болуп иштеген.
С.Шимеевдин биринчи ырлары 1938-жылы «Ленинчил жаш» гезитине чыгып, 1940-жылы «Тилек» аттуу альманахта жарыяланган. Акындын биринчи ырлар жыйнагы «Париждин каары» деген ат менен 1944-жылы жарыкка чыккан.
С.Шимеев Пушкиндин, Лермонтовдун, Назым Хикметтин, Ясыр Шивазанын жана башка акындардын ырларын жана поэмаларын, Алишер Навоинин «Фархад менен Ширин» аттуу поэмасын кыргыз тилине которгон. 1954-жылы акындын «Алтын чөйчөк» аттуу ырлар жана поэма-лары орус тилине которулган.
1944-жылдан КСРБ Жазуучулар бирлигинин мүчөсү болгон.
С.Шимеев «1941–1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Атамекендик согуштун жеңишине 30 жыл» медалдары жана Кыргыз КСРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
1974-жылы Смар Шимеевге «Кыргыз КСРинин Маданиятына эмгек сиңирген кызматкери» деген наам берилген.

Китептер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Тилек. Альманах: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 36 б.

Лирикалык ырлар. – Ф., 1942. – 79 б.

Париждин каары: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944. – 92 б.

Лирика: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1945. – 130 б.

Эмгек ырлары: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 80 б.

Гүлай: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 116 б.

Аккептер: Тынчтык ырлары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 80 б.

Таалай поэмасы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 104 б.

Гүлай: Ырлар жана поэмалар. – Ф: Кыргызмамбас, 1953. – 116 б.

Чалдын жомоктору: Поэмалар. Мектеп балдары үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 64 б.

Алтын булак: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 115 б.

Жамийла: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 211 б.

Шаркыратма: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 99 б.

Күмүш терек: Поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 230 б.

Ала-Тоо таңшыйт: Обондуу ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 291 б.

Каба: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1967. – 137 б.

Мезгил жана турмуш: Ырлар, сонеттер жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 222 б.

Турмуш жана мезгил: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 224 б.

Махаббат: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 194 б.

Жаным менен: Тандалган ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 294 б.

Сонеттер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 138 б.

Тандалмалар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 251 б.

Лирикалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 148 б.

Орус тилинде

Золотая чаша: Стихи и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1955. – 56 с.

Избранные стихи. – М: Гослитиздат, 1937. – 55 с.

Китайский рисунок: Стихи. – М.: Гослитиздат, 1939. – 110 с.

Чолпон. – Ф.: Киргизгосиздат, 1941. – 68 с.

Надпись на чаше: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1947. – 94 с.

Голубая река: Стихотворения и поэмы. – М.: Гослитиздат, 1958. – 159 с.

Ключевая вода: Стихи, баллады и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 147 с.

Весенний ветер: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1960. – 71 с.

Мой новый дом: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 159 с.

Весенние напевы: Стихи, поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 104 с.

Цена счастья: Стихи и поэма. – М.: Сов. писатель, 1971. – 86 с.

Стихи. – М: Художественная литература, 1979. – 157 с.

Пьесалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки чалдын жоругу: Бир көшөгөлүү пьеса. Талас элдик театры, 1965.

Өмүр жөнүндө баян: Ыр менен жазылган эки бөлүмдүү драма. Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Тянь-Шань музыкалуу драма театры, 1967.

Түнкү жорук: Ыр менен куурчак театры үчүн жазылган эки бөлүмдүү пьеса. – Ф.: Кыргыз куурчак театры, 1970.

Бороон алдында: Опера. Музыкасы композитор Мукаш Абдраевдики. Эки бөлүмдүү опералык либретто. – Ф.: Кыргызстан Мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театры, 1974.

Дарак тикесинен куурайт. Бир көшөгөлүү пьеса. Киров кыштагы, Киров элдик театры, 1974.

КОТОРМОЛОРУ

Навои Алишер. Ляйли менен Мажнун: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. – 206 б.

Шиваза Я. Муса: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 120 б.

Назым Хикмет: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 80 б.

Пушкин А.С. Ырлар, поэмалар, драмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 152 б.

Шиваза Я. Шаньсиге кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 56 б.

Иван Франко. Леся Украинка: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 36 б.

Пушкин А.С. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 48 б.

Бирма акындары: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 48 б.

Навои Алишер. Фархад менен Ширин: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 430 б.

Айтматов Ч. Кызыл жоолук жалжалым. Инсценировкасы Котельниковдуку. Эки бөлүмдүк драма. – Нарын.: Муратбек Рыскулов атындагы драма театры, 1966.

Мустай Карим. Ай тутулган түндө. 3 көшөгөлүү трагедия. Ф.: Кыргызстан Мамлекеттик академиялык драма театры, 1974.

Пушкин A. C. Моцарт жана Сальери, Сараң рыцарь. – Ош.: Кыргыз драма театры, 1974.