Смолл, Албион Вудбери

Википедия дан

Смолл Албион Вудбери (1854–1926) – америкалык социалчы.

Смолл көз карашы социалдык дарвинизм жана Л. Уорддун психологизминин таасири алдында калыптанган жана эклектүү болгон. Смолл негизги бирден бир социалдык анализи – кызыгуулардын категориясы, социалдык турмушту кызыкчылыктардын алты тобунун өз ара аракетинин жыйындысы катары эсептеген Мисалы: ден соолук, жетиштүүлүк, мамилелешүү, таанып-билүү, сулуулук жана акыйкаттык. Смолл боюнча социолог “социалдык технологияга” практика жүзүндө чыгууга мүмкүнчүлүгү болуш керек, социалдык институттарды акырындык менен жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн таанууга чакырган.

Мындан Смоллдун буржуазиялык саясий реформизми жаралган. Смолл америка социологиянын илимин бирден-бир негиздөөчүсү катары эсептелет. Ал 1892-ж. бери Чикаго университетинде дүйнөдөгү биринчи социолог, факультетинин жетекчиси, «American jornal of Socilogy» (1895) Америка социология коомунун бирден-бир негиздөөчүсү болгон жана Дж. Винсент менен бирдикте биринчи америкада окуу куралын (1894) чыгарган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8