Советтик Социалисттик Республикалaр Союзу

Wikipedia дан
ССР Союзу / ССРС / Советтер Союзу
Советтик Социалисттик Республикалардын Союзу

Бирдиктүү мамлекет
Flag of Russian SFSR (1918-1937).svg
 
Flag of Ukrainian SSR (1919-1929).svg
 
Flag of Byelorussian SSR (1919-1927).svg
 
Flag of Transcaucasian SFSR.svg
30 декабрь 1922 — 26 декабрь 1991


Flag of the Soviet Union.svg Coat of arms of the Soviet Union.svg
Желек Герб
Ураан
Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле!
Гимн
Интернационал (1922—1944)

ССРС мамлекеттик гимни (1944—1991)
Union of Soviet Socialist Republics (orthographic projection).svg
ССРCдин 1945-жылдан кийинки картасы
Борбор калаа Москва
Ири шаарлары Москва, Ленинград, Киев
Ташкент,Баку,Харьков,Минск,
Горький,Новосибирск,
Свердловск,Тбилиси
Тил Орус тили (де-факто)[1]
Акча бирдиги ССРС рублю
Убакыт аралыгы +2…+12[2]
Аянт 22 402 200 км²[3]
Калк 293 047 571 ад.[4]
Башкаруу формасы Бирпартиялуу Советтик республика (1922—1936), Бирпартиялуу (1989-жылга чейин) парламенттик республика (1936—1991)
Мамлекет башкаруучулары
 - 1922—1924 Владимир Ильич Ленин
 - 1924—1953 Иосиф Виссарионович Сталин
 - 1953 Георгий Максимилианович Маленков
 - 1953—1964 Никита Сергеевич Хрущёв
 - 1964—1982 Леонид Ильич Брежнев
 - 1982—1984 Юрий Владимирович Андропов
 - 1984—1985 Константин Устинович Черненко
 - 1985—1991 Михаил Сергеевич Горбачёв
Интернет-домен .su
Телефон коду +7
Түзүүчү мамлекеттер:
ССРС жоюлгандан кийинки
мамлекеттер
[5]
Flag of Russian SFSR (1918-1937).svg Орусия Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасы
Flag of Ukrainian SSR (1919-1929).svg Украина Советтик Социалисттик Республикасы
Flag of Byelorussian SSR (1919-1927).svg Белорусь Советтик Социалисттик Республикасы
Flag of Transcaucasian SFSR.svg Закавказ Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасы
Азербайжан Flag of Azerbaijan.svg
Армения Flag of Armenia.svg
Белоруссия Flag of Belarus (1991-1995).svg
Грузия Flag of Georgia (1990-2004).svg
Казакстан Flag of Kazakhstan.svg
Кыргызстан Flag of Kyrgyzstan.svg
Латвия Flag of Latvia.svg
Литва Flag of Lithuania (1988-2004).svg
Молдова Flag of Moldova.svg
Орусия Flag of Russia (1991-1993).svg
Тажикстан Flag of Tajikistan.svg
Туркменистан Flag of Turkmenistan.svg
Өзбекстан Flag of Uzbekistan.svg
Украина Flag of Ukraine.svg
Эстония Flag of Estonia.svg
Орусия Орусиянын тарыхы
Lesser Coat of Arms of Russian Empire.svg
Чыгыш славяндары, русь эли
Байыркы орус мамлекети (IXXIII кк.)
Удельдүү Русь (XIIXVI кк.); (бириктирүү)

Новгород республикасы (11361478)

Владимир Княздыгы (11571389)

Литва жана Орус Княздыгы (12361795)

Москва Княздыгы (12631547)

Орусия Падышалыгы (15471721)
Орусия Империясы (17211917)
Орусия Республикасы (1917)
Орусия Падышалыгы (19181920)
Советтик Орусия (19171922)
ССРС (19221991)
Орусия Федерациясы (1991-жылдан тарта)

Аталыштар |Башкаруучулар | Хронология | Экспансия
Портал «Орусия»

Советтик Социалисттик Республикалар Союзу[6],ошондой эле ССРС жана Советтер Союзу1922-жылдан тартып 1991-жылга чейин Чыгыш Европа, Түндүк, Борбордук жана Чыгыш Азиянын кээ бир бөлүктөрүндө жайгашып, жашап келген мамлекет.ССРС кургактыктын 1/6 бөлүгүнө жакын чоңдукту ээлеп[7], кулоо учурунда аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң мамлекет болгон. ССРС 1917-жылга карата Орусия империясы (Финляндиясыз, Польша Падышалыгынын айрым бөлүктөрүсүз жана кээ бир башка аймактарсыз) ээлеп турган жеринде түзүлгөн.

ССРСтин 1977-жылкы Конститутциясына ылайык ССРС көп улуттуу[8],социалисттик[9]союздук мамлекет катары жарыяланган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ССРС Афганистан, Венгрия, Иран, Кытай, КЭДР (1948-жылдын 9-сентябрынан тарта), Монголия, Норвегия, Польша, Румыния, Түркия, Финляндия, Чехословакия менен кургактыкта жана АКШ, Швеция жана Жапония менен сууда чек-арасы болгон.

ССРС 1922-жылы 30-декабрьда Орусия Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасын, Украина Советтик Социалисттик Республикасын, Белорусь Советтик Социалисттик Республикасын жана Закавказ Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасын, борбору Москва шаарында[10] жайгашкан, аткаруучулук[11] жана соттук[12] бийликтери менен, мыйзам чыгаруучу[13] жана укуктук[14] системалары менен бирбийликтүү бирдиктүү мамлекетке бириктирүү аркылуу түзүлгөн.

Республика Конститутция боюнча суверенитеттүү мамлекет[15] болгон союздук республикалардан (ар башка жылдары 4-16 республикадан) турган. Ар бир союздук республикада Союздан эркин чыгуу укугу[16] болгон. Союздук республикалар чет-өлкөлүк мамлекеттер менен мамиле куруу,алар менен келишимдерди түзүү, дипломат жана консульдуктар менен алмашуу, эл-аралык уюмдардын иштерине катышуу[17] мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушчу. БУУнун 50 түзүүчү-мамлекеттеринин катарында ССРСтен тышкары анын эки союздук республикалары Украина ССРи жана Белорусь ССРи болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ССРС, АКШ сымал улуу державалардан[18] болгон. Советтер Союзу дүйнөлүк социализм ситемасынын үстүндө үстөмдүк кылып турган. Ошондой эле ССРС БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон.

ССРСтин кулашы эки бийликтин, борбордук союздук бийликтин жана жер-жерлерде жаңы шайланып алынган бийликтин өкүлдөрүнүн ортосундагы (Жогорку Кеңештегилер, союздук республикалардын президенттери) тирешүүсү менен мүнөздөлөт. 1989-1990-жылдары Суверенитеттер парады башталган. 1991-жылы 17 мартта ССРСтин 15-республикасынын ичинен тогузунда, шайлоочулардын 2/3ү жаңыланган союзду сактап калууга добуш берген ССРСти сактап калуу тууралуу Бүткүлсоюздук референдум өткөрүлөт. Бирок союздук бийликтегилер ахыбалды туруктуулукка алып келе алышпай калат. Өзгөчө Абалдар боюнча Мамлекеттик Комитеттин (ӨАМК) ишке ашпай калган төңкөрүшүнөн кийин прибалтикалык республикалардын көзкарандысыздыгын расмий тааный баштады. Калкынын көпчүлүгү Украинанын көзкарандысыз мамлекет болушуна добуш берген Бүткүл Украина референдумунан кийин ССРСти мамлекет катары сактап калууга мүмкүнчүлүк калбай калат. Бул жөнүндө 1991-жылы 8-декабрьда үч союздуу республикалардын өкмөт башчылары: ОССФРден (Орусия Федерациясы) Ельцин, Борис Николаевич, УССрден (Украина) Кравчук, Леонид Макарович жана БССРден (Беларуссия) Шушкевич, Станислав Станиславович Көзкарандысыз Мамлекеттеринин Шериктештигин түзүү тууралуу келишимге[19] кол коюулуп жатканда айтылган. Расмий түрдө ССРС 1991-жылы 26-декабрьда өзүнүн жашоосун токтотот. 1991-жылдын аягында Орусия Федерациясы ССР Союзунун эл аралык-укуктук[20] карым катнаштарда түздөн-түз улантуучу-мамлекет[21] катары таанылып, жана БУУ Коопсуздук Кеңешинде ССРСтин[22] ордун ээлеген.


Мазмуну

Аты[оңдоо]

Тарыхы[оңдоо]

Түзүлүүгө өбөлгө (1917—1922)[оңдоо]

ССРСтин түзүлүшү (1922—1923)[оңдоо]

Сталиндик мезгил (1924-1953)[оңдоо]

Согушка чейинки убак (1923-1941)[оңдоо]

ССРС Экинчи Дүйнөлүк Согушта (1941—1945)[оңдоо]

Согуштан кийинки убак (1945-1953)[оңдоо]

Хрущевтук мезгил (1953—1964)[оңдоо]

Туруп калуу (1964—1985)[оңдоо]

Брежневтик мезгил (1964—1982)[оңдоо]

Андроповтук мезгил (1982—1984)[оңдоо]

Черненколук мезгил (1984—1985)[оңдоо]

Кайта куруу (1985—1991)[оңдоо]

Советтер Союзунун кулашы (1990—1991)[оңдоо]

Кесепеттери[оңдоо]

Кусалык[оңдоо]

Мамлекеттик символикалары[оңдоо]

Эл-аралык карым катнаштары[оңдоо]

Ички саясаты[оңдоо]

Дипломатиялык карым-катнаштары[оңдоо]

Саясий системи[оңдоо]

Партия[оңдоо]

Өкмөт[оңдоо]

Советтик лидерлер[оңдоо]

Советтер Союзунун өкмөт башчылары[оңдоо]

Ички коопсуздук[оңдоо]

Укуктук жана соттук система[оңдоо]

Экономика[оңдоо]

Экономика тарыхы[оңдоо]

Аскерий комунизм[оңдоо]

Жаңы Экономикалык Саясаты[оңдоо]

ЖЭСтин жыйынтыктары[оңдоо]

Индустриалаштыруу[оңдоо]

Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда[оңдоо]

Согуштан соң[оңдоо]

60-70 жылдары[оңдоо]

80-жылдары[оңдоо]

Куралдуу күчтөрү[оңдоо]

Негизги макала: ССРС Куралдуу Күчтөрү
Негизги макала: Советтик Армия



Октябрь революциясынын 66-жылдыгына арналган аскердик парад. Москва 1983 ж.

Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун Куралдуу Күчтөрү (ССРС КК) - Советтик Союздун эркиндигин жана көзкарандыгын, совет элинин тыңчтыгын коргоого багышталган, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун аскердик түзүлүшү.

1946-жылдын февраль айына чейин ССРС Куралдуу Күчтөрүн Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясы жана Жумушчу-Дыйкан Кызыл Флот түзүп келген. 1945-жылдын май айына Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы саны 11,3 млн адамды түзгөн. 1946-жылдын 25-февралынан 1992-жылдын башталышына чейин ССРС Куралдуу Күчтөрү Советтик Армия деп аталып келген. Советтик Армия өзүнө Согуш-деңиз флотунан, ССРС МКК чек-ара аскерлеринен жана ССРС ИИМ ички аскерлеринен тышкары, СМРАны, Кургактагы жөө аскерлерин, Абадан кол салууга каршы коргонуу аскерлерин, Согуштук-аба күчтөрүн жана башка түзүлштөрдү камтыган. ССРС ККнын бүткүл тарыхында Жогорку Башкы Командачынын кызматы эки жолу гана киргизилген. Биринчисинде ага Иосиф Сталин, ал эми экинчисинде - Михил Горбачёв дайындалган. ССРС Куралдуу Күчтөрүнүн курамына: аскердик башкаруунун борбордук органдары, Стратегиялык милдеттеги ракеттик аскерлери, Кургактагы жөө аскерлери, Согуштук-аба күчтөрү, Абадан кол салууга каршы коргонуу аскерлери, Согуш-деңиз флоту, Куралдуу күчтөрүнүн тылы, андан тышкары Жарандык коргонуу аскерлери, Ички аскерлери жана Чек-ара аскерлери кирген.

1980-жылдын орто чендеринде ССРС КУралдуу Күчтөрү саны боюнча дүйнөдөгү ирилердин бири болгон.

Түрлөрү[оңдоо]

Стратегиялык милдеттеги ракеттик аскерлери[оңдоо]

Кол белгиси

Дайым аскердик даярдыкта турган, ССРС Куралдуу Күчтөрүнүн негизги сокку күчү. Штаб-квартирасы Власиха шаарында жайгашкан болчу.

Стратегиялык милдеттеги ракеттик аскерлеринин Жогорку Башкы Командычылары:

Кургактагы жөө аскерлери[оңдоо]

ССРС Куралдуу Күчтөрүнүн Таман дивизиясынын аскерлери. 1992-жыл 3-январь.

Кургактагы жөө аскерлери (1946 жыл) — кургакта согуш аркеттерин аткарууга милдеттирилген, саны жана куралдануу түрү жана согуштук аркеттерди жүргүзүү ыкмалары менен айырмаланган ССРС Куралдуу Күчтөрүнүн түрү. Согуштук мүмкүнчүлүктөрүнө карата өзү жалгыз же Куралдуу Күчтөрдүн башка түрлөрү менен бирге, душмандардын чабуулун, аба жана деңиз десанттарын кыйратуу, алардын аймактарын ээлоо же топторун жок кылуу, орун алган аймактарын, район жана чек араны ээлеп тура алат.


Кургактагы жөө аскерлеринин Жогорку Башкы Командычылары:

Согуштук-аба күчтөрү[оңдоо]

ССРС Согуштук-аба күчтөрүнүн желеги

Согуштук-аба күчтөрү уюштуруучулук менен авиациянын түрлөрүнөн: бомбалоочу, бомбалоочу-кыйраткыч, кыйраткыч, чалгындоочу, транспорттук, байланыш жана санитардыктан турган. Ал гана эмес, Согуштук-аба күчтөрү: фронттук, алыскы, аскер-транспорттук жана жардамчы түрлөрүнө бөлүнгөн. Штаб-квартира Москва шаарында.

Согуштук-аба күчтөрүнүн Жогорку Башкы Командачылары:

Абадан кол салууга каршы коргонуу аскерлери[оңдоо]

МиГ-31 кыйраткычы

Абадан кол салууга каршы коргонуу аскерлеринин (1948-жыл) курамына: В состав войск ПВО (1948 год) входили:

Штаб-квартира Балашиха шаары.

Абадан кол салууга каршы коргонуу аскерлеринин Жогорку Башкы Командачылары:

Согуштук-деңиз флоту[оңдоо]

Негизги макала: ССРС согуш-деңиз флоту
Советтик моряктар, 1982 жыл.
ТАКР «Новоросийск», 1986 жыл.

ССРС Согуштук-аба күчтөрү уюштуруучулук менен : суу астындагы, суу үстүндөгү, деңиз авиациясынан, жээктеги ракета-артериялык аскерлерден, жана деңиз жөө аскерлеринен турган. Анын курамына булардан тышкары, Жардамчы флоттун корабль жана судналарын, атайын аскерлердин бөлүктөрүн жана ар-кандай кызмат түрлөрүн камтыган. Согштук-аба күчтөрүнүн негизги түрлөрүн суу астындагы күчтөр жана деңиз авиациясы түзгөн.

ССРС Согуштук-аба күчтөрүнө:

ССРСогуштук-аба күчтөрүнүн Коргоо Министрлигинин орун басарынын кызматын ээлеген Жогорку Башкы Командачы(командачы, Республика Деңиз күчтөрүнүн башчысы, элдик комиссар, министр) башкарган. Ага Башкы штаб жана ССРС Согуштук-аба күчтөрүнүн башкаруучулары баш ийген.

Согуштук-аба күчтөрүнүң башкы штабы - Москва шаары.

ССРС Корго Министри кызматын ээлеген, Согуштук-аба флотунун Жогорку Башкы Командачылары:

Коом[оңдоо]

Социалдык класстар[оңдоо]

Дең соолукту сактоо[оңдоо]

Билим берүү[оңдоо]

Советтер Союзунун жаштары[оңдоо]

Дин[оңдоо]

Революциядан кийин[оңдоо]

Согуштан кийин[оңдоо]

Калкы[оңдоо]

Негизги макала: ССРС калкы
ССРС улуттары

ССРСтин 1977-жылдагы Конституциясы «жаңы тарыхый жалпылык - Совет эли» түзүлгөндүгүн жарыялаган. Орустар эң көп сандуу улут (140 млн. ад.) болгон. Аларга украиндер (40 млн.), жана беларустар жакын болгон. Чоң топторду түштүк Азия республикаларында жашаган түрк элдери - казактар, өзбектер, түркмөндөр, кыргыздар түзүшкөн. Борбордук Азияда тажиктер жашашкан. Закавказьеде - грузиндер, армяндар, азербайжандар. Жаңы республикаларды кошуу менен, ССРС элдеринин үй-бүлөсүнө - литовдор, латыштар, эстондор жана молдовандар киришкен. ССРСте көп сандуу болгондор:татарлар, чуваштар, башкирлер, мордвалар, немецтер, еврейлер жана поляктар. ССРС калкы — 284 млн ад. (1989[23])

ССРС республикаларынын калк санынын өзгөрүшү (миң адам)
республика 1913 1926 1939 1950 1959 1966 1970 1973 1979 1987 1989 1991
ОССФР 89902 92737 108379 101438 117534 126561 130079 132151 137410 145311 147386 148548
Украина ССР 35210 29515 40469 36906 41869 45516 47127 48243 49609 51201 51704 51944
Беларусь ССР 6899 4983 8910 7745 8055 8633 9002 9202 9533 10078 10200 10260
Өзбек ССР 4366 4660 6440 6314 8261 10581 11960 12902 15389 19026 19906 20708
Казак ССР 5565 6037 5990 6703 9154 12129 12849 13705 14684 16244 16538 16793
Грузия ССР 2601 2677 3540 3528 4044 4548 4686 4838 4993 5266 5449 5464
Азербайжан ССР 2339 2314 3205 2896 3698 4660 5117 5420 6027 6811 7029 7137
Литва ССР 2028 ~ 2880 2573 2711 2986 3128 3234 3392 3641 3690 3728
Молдова ССР 2056 ~ 2452 2290 2885 3368 3569 3721 3950 4185 4341 4366
Латвия ССР 2493 1857 1885 1943 2093 2262 2364 2430 2503 2647 2681 2681
Кыргыз ССР 864 1002 1458 1740 2066 2652 2933 3145 3523 4143 4291 4422
Тажик ССР 1034 1032 1484 1532 1981 2579 2900 3194 3806 4807 5112 5358
Армения ССР 1000 881 1282 1354 1763 2194 2492 2672 3037 3412 3283 3376
Түркмөн ССР 1042 998 1252 1211 1516 1914 2159 2364 2765 3361 3534 3576
Эстон ССР 954 1117 1052 1101 1197 1285 1356 1405 1465 1556 1573 1582
СССР 156297 147028 190678 179274 208827 231868 241720 248626 262085 281689 286717 289943

Улуттук курамы[оңдоо]

ССРС улуттары
Республикалар калктары
  • ССРСтин 1989 ж. эл каттоо боюнча улуттук курамы (саны 1 млндон ашык болгон элдер):
  • Калктын жалпы саны: 285 млн 742 миң 511 ад.
  1. Орустар — 145 млн 155 миң 489 ад. (50,8 %)
  2. Украиндер — 44 млн 186 миң 006 ад. (15,46 %)
  3. Өзбектер — 16 млн 697 миң 825 ад. (5,84 %)
  4. Беларустар — 10 млн 036 миң 251 ад. (3,51 %)
  5. Казактар — 8 млн 135 миң 818 ад. (2,85 %)
  6. Азербайжандар — 6 млн 770 миң 403 ад. (2,37 %)
  7. Татарлар — 6 млн 648 миң 760 ад. (2,33 %)
  8. Армяндар — 4 млн 623 миң 232 ад. (1,62 %)
  9. Тажиктер — 4 млн 215 миң 372 ад. (1,48 %)
  10. Грузиндер — 3 млн 981 миң 045 ад. (1,39 %)
  11. Молдавандар — 3 млн 352 миң 352 ад. (1,17 %)
  12. Литовтор — 3 млн 067 миң 390 ад. (1,07 %)
  13. Түркмөндө — 2 млн 728 миң 965 ад. (0,96 %)
  14. Кыргыздар — 2 млн 528 миң 946 ад. (0,89 %)
  15. Немецтер — 2 млн 038 миң 603 ад. (0,71 %)
  16. Чуваштар — 1 млн 842 миң 347 ад. (0,64 %)
  17. Латыштар — 1 млн 458 миң 986 ад. (0,51 %)
  18. Башкирлер — 1 млн 449 миң 157 ад. (0,51 %)
  19. Еврейлер — 1 млн 378 миң 344 ад. (0,48 %)
  20. Мордвалар — 1 млн 153 тыс. 987 ад. (0,4 %)
  21. Поляктар — 1 млн 126 миң 334 ад. (0,39 %)
  22. Эстондор — 1 млн 026 миң 649 ад. (0,36 %)

Кошумча кароого:


Тилдер[оңдоо]

Негизги макала: ССРС тилдери

ССРС жүз жыйырмадан ашык тилдүү, көп улуттуу мамлекет болгон. Расмий түрдө ССРС тили катары, Советтик Союздун аймагында жашап, анын аймагынан тышкары жакта өзүнчө мамлекеттик түзүлүшүнө ээ эмес, ССРС элдеринин тилдеринин тизмеси болгон.

Формалдуу түрдө 1990-жылга чейин ССРСте расмий же мамлекеттик тилдер (Армения менен Грузиядан тышкары) болгон эмес. ССРСтин бардык тилдери бирдей укукка ээ болушчу. ССРСтин 24.04.1990-жылдагы «ССРС элдеринин тилдери тууралуу» мыйзам, орус-тилин ССРСтин расмий тили катары белгилеген. Иш жүзүндө, албетте, орус-тили улут аралык баарлашуу тили болуп, башка тилдер өзүнүн толук түрдө укугунда жана кызматында бирдей укукка ээ болчу эмес.

Маданият[оңдоо]

Театр[оңдоо]

Музыка[оңдоо]

Кинематограф[оңдоо]

ММК[оңдоо]

Адабият[оңдоо]

Майрамдар[оңдоо]

Туризм[оңдоо]

Транспорт[оңдоо]

Авиация[оңдоо]

Трубопроводы[оңдоо]

Железнодорожный транспорт[оңдоо]

Метро[оңдоо]

Услуги автомобильных перевозок[оңдоо]

Водный транспорт[оңдоо]

География[оңдоо]

Негизги макала: ССРС географиясы

22 400 000 квадраттык километр аянтты ээлеп[24], Советтер Союзу дүйнөнүн ири мамлекети болгон[25]. Ал кургактын алтынчы бөлүгүн ээлеп турган[25], жана анын өлчөмү Түндүк Америка менен бирдей чоңдукта болгон. Европа бөлүгү өлкөнүн төрттөн бирин түзүп, анын маданияттуу жана экономикалык борбору болуп келген. Азия бөлүгүндө (чыгыштан Тынч океанга чейин жана Ооганстан түштүк чек-арасына чейин) калк азыраак отурукташкан болчу[25]. Советтер Союзунун чыгыштан батышка чейинки узундугу (11 саат арлыктан өткөн) 10 000 км жана түндүктөн түштүккө[26] карай 7200 кмди түзгөн. Өлкөнүн аймагында беш климаттык чөлкөм жайгашкан.

Советтер Союзу дүйнөдөгү эң узун (60 000 кмден ашык) чегара тилкесин ээлеп, Норвегия, Финляндия, Польша, Чехословакия, Венгрия, Румыния, Түркия, Иран, Ооганстан, Кытай, Норвегия, Монголия, Түндүк Корея, Жапония жана АКШ өңдүү мамлекеттер менен чектешкен (1945-жылдан 1991-жылга чейин).[27]

Советтер Союзунун эң узун дарыялары Обь менен Иртыш (5410 км) болгон[25]. Эң бийик тоо — Коммунизм чокусу (7495 м) Тажикстанда жайгашкан[25]. Андан тышкары ССРСтин аймагында дүйнөдөгү эң ири деңиз — Каспий (Иран менен бирге) жана дүйнөдөгү эң чоң жана эң терең тузсуз суулу көл  — Байкал[25] жайгашкан.

Климат[оңдоо]

Урбанизациялоо[оңдоо]

Расширение[оңдоо]

Административдик-аймактык бөлүнүшү[оңдоо]

Советтер Союзунун жалпы аянты 1991-жылга карата 22,4 млн км² түзгөн.

Республикалар аянттары (пайыз менен)

Алгач, ССРСти түзүү келишимине (1922-жыл 30-декабрь) ылайык ССРСтин курамына төмөнкү мамлекеттер:

кирген.

1924-жылы 27-октябрьда ССРСтин курамына ОССФРдин жана Бухара Советтик Социалисттик Республикасынын курамынан бөлүнүп чыккан Түркмөн Советтик Социалисттик Республикасы коушлган.

1925-жылы 13-майда ССРСтин курамына ОССФРдин, Бухара Советтик Социалисттик Республикасынын жана Хива хандыгынан бөлүнүп чыккан Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы кирет.

1929-жылы 5-декабрьда ССРСтин курамына 1929-жылы 16-октябрьда Өзбек ССРинен бөлүнүп чыккан Тажик Советтик Социалисттик Республикасы кирген.

1936-жылы 5-декабрьда ССРСтин курамына Закавказ Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасынын курамынан бөлүнүп чыккан Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасы, Армения Советтик Социалисттик Республикасы жана Грузия Советтик Социалисттик Республикасы кошулат. Алар менен бирге ОССФРдин курамынан бөлүнүп чыккан Казак Советтик Социалисттик Республикасы жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы кошулушкан.

1940-жылы ССРСтин курамына Карел-Финдик Советтик Социалисттик Республикасы, Молдова Советтик Социалисттик Республикасы, Литва Советтик Социалисттик Республикасы, Латвия Советтик Социалисттик Республикасы жана Эстон Советтик Социалисттик Республикасы бириктирилген.

1956-жылы Карел-Финдик Советтик Социалисттик Республикасы ОССФРдин курамындагы Карел Автономдук Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөртүлөт.

1991-жылы 6-сентябрьда ССРС Жогорку Кеңеши Литва ССРдин, Латвия ССРдин жана Эстония ССРдин Советтер Союзунун курамынан чыккандыгын тастыктайт.

1991-жылы 25-декабрьда ССРС президенти М. С. Горбачёв өз калоосу менен отставкага кетет. ССРС мамлекеттик түзүлүштөрү өзүнөн өзү жоюулуп жок болушат.

19561991 жылдары ССРС 15 советтик социалисттик республикалардан турган:
Желек[28] Республика Борбору Аянты,
миң км²
Калкы,
миң ад. (1966)
Калкы,
миң ад. (1989)
Шаарлар
саны
USSR Republics Numbered Alphabetically in russian.png
1 Flag of Azerbaijan SSR.svg Азербайжан ССР Баку 86,6 4660 7029 45
2 Flag of Armenian SSR.svg Армения ССР Ереван 29,8 2194 3283 23
3 Flag of Byelorussian SSR.svg Белорусь ССР Минск 207,6 8633 10200 74
4 Flag of Georgian SSR.svg Грузия ССР Тбилиси 69,7 4548 5449 45
5 Flag of Kazakh SSR.svg Казак ССР Алма-Ата 2715,1 12129 16538 62
6 Flag of Kyrgyz SSR.svg Кыргыз ССР Фрунзе 198,5 2652 4291 15
7 Flag of Latvian SSR.svg Латвия ССР Рига 63,7 2262 2681 54
8 Flag of Lithuanian SSR.svg Литва ССР Вильнюс 65,2 2986 3690 91
9 Flag of Moldavian SSR.svg Молдова ССР Кишинёв 33,7 3368 4341 20
10 Flag of Russian SFSR.svg ОССФР Москва 17075,4 126561 147386 932
11 Flag of Tajik SSR.svg Тажик ССР Душанбе 143,1 2579 5112 17
12 Flag of Turkmen SSR.svg Түркмөн ССР Ашхабад 488,1 1914 3534 14
13 Flag of Uzbek SSR.svg Өзбек ССР Ташкент 449,6 10581 19906 37
14 Flag of Ukrainian SSR.svg Украина ССР Киев 601,0 45516 51704 370
15 Flag of Estonian SSR.svg Эстон ССР Таллин 45,1 1285 1573 33
Flag of the Soviet Union.svg ССРС Москва 22402,2 231868 286717 1832


Ири республикалар өз учурда АССРге, АОго жана областтарга бөлүнгөн. Латвия ССРи, Литва ССРи, Эстон ССРи (1952-жылга чейин жана 1953-жылдан кийин); Түркмөн ССРи (1963-жылдан 1970-жылга чейин), Молова ССРи жана Армения ССРи райондорго гана бөлүнгөн.

ОССФРдин курамына крайлар, ал эми крайлардын курамына - автономдук областтар кирген. ООСФР областтарынын жана крайларынын курамына ошондой эле улут округтары (кийинчереек АО болуп аталгандар) кирген. Андан сырткары Советтери кээ бир ыйгарым укукка ээ болгон, 1977-жылга чейин конституцияда статусу тууралуу эскерилбеген республикалык баш ийүүдөгү шаарлар болгон.

Кээ бир союздук республикалардын (ОССФР, УССР, Грузия Советтик Социалисттик Республикасы, Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасы, Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы, Тажик Советтик Социалисттик Республикасы) курамына Автономдук Советтик Социалисттик Республикалар (АССР) жана автономдук областтар (АО) кирген.

Жогоруда айтылган административдик-аймактык бирдиктер областтык, крайдык жана республикалык баш ийүүдөгү райондорго жана шаарларга бөлүнгөн.


ССРС ССРС Административдик-аймактык бирдиги ССРС
Республикалар[29]
Flag of Azerbaijan SSR.svg Азербайжан ССР (1920-1991) Flag of Armenian SSR.svg Армения ССР (1920-1991) Flag of Byelorussian SSR.svg Белорусь ССР (1917-1991) Flag of Georgian SSR.svg Грузия ССР (1921-1990) Flag of Kazakh SSR.svg Казак ССР (1936-1991)
Flag of Kyrgyz SSR.svg Кыргыз ССР (1936-1991) Flag of Latvian SSR.svg Латвия ССР (1940-1991) Flag of Lithuanian SSR.svg Литва ССР (1940-1991) Flag of Moldavian SSR.svg Молдова ССР (1940-1991) Flag of Russian SFSR.svg ОССФР (1917-1991)
Flag of Tajik SSR.svg Тажик ССР (1929-1991) Flag of Turkmen SSR.svg Түркмөн ССР (1924-1991) Flag of Uzbek SSR.svg Өзбек ССР (1924-1991) Flag of Ukrainian SSR.svg УССР (1919-1991) Flag of Estonian SSR.svg Эстон ССР (1940-1991)
Flag of the Karelo-Finnish SSR.svg Карел-Финдик ССР (1940—1956) Flag of Transcaucasian SFSR.svg ЗССФР (1922—1936)
Автономдук Республикалар[30]
Түркстан АССР (1918-1924) Поволжья Немецтеринин АССРи (1918-1941) Башкир АССР (1919-1990) Кыргыз АССР (1920-1925) Татар АССР (1920-1990)
Ажар АССР (1921-1990) Крым АССР (1921-1945) Дагестан АССР (1921-1993) Тоолук АССР (1921-1924) Нахчеван АССР (1924-1990)
Якут АССР (1922-1991) Бурят АССР (1923-1990) Автономдук Карел ССР (1923-1940) Молдова АССР (1924-1940) Тажик АССР (1924-1929)
Чуваш АССР (1925-1992) Казак АССР (1925-1936) Кыргыз АССР (1926-1936) Абхаз АССР (1931-1991) Каракалпак АССР (1932-1992)
Мордова АССР (1934-1993) Удмурт АССР (1934-1990) Калмак АССР (1935-1943) Чечен-Ингуш АССР (1936-1944) Кабардин-Балкар АССР (1936-1944)
Коми АССР (1936-1990) Мари АССР (1936-1990) Түндү-Осет АССР (1936-1990) Кабардин АССР (1944-1957) Карел АССР (1956-1991)
Чечен-Ингуш АССР (1957-1992) Кабардин-Балкар АССР (1957-1992) Калмак АССР (1958-1990) Тыва АССР (1961-1992) Тоолууу-Алтай АССР (1990-1991)
Карачай-Черкесия (1990-1990) Крым АССР (1991-1992)
Автономдук Облусттар
Адыгей (Черкес) АО (1922-1928) Адыгей АО(1928-1991) Бурят-Монгол АО (1921-1923) Вотск АО (1920-1932) Тоолу-Алтай АО (1948-1991)
Еврей АО (1934-жылдан тарта) Ингуш АО (1924-1934) Кабардин АО (1921-1922) Кабардин-Балкар АО (1922-1936) Калмак АО (1920—1935; 1957—1958)
Карачай-Черкесия АО (1922—1926; 1957—1991) Карачай АО (1923-1946) Коми (зырян) АО (1921-1936) Мари АО (1920-1936) Монгол-Бурят АО (1921-1923)
Мордова АО (1930-1934) Поволжья Немецтеринин АОсу (1918-1924) Ойрат АО (1922-1932)/Ойрот АО (1932-1948) Түндүк-Осет АО (1924-1936) Тыва АО (1944-1961)
Удмурт АО (1934-1936) Чуваш АО (1920-1925) Түштүк-Осет АО (1922-1991) Тоолу-Карабак АО (1923-1991) Түркмөн АО (Бухара ЭСР) (1923-1924)
Чечен-Ингуш АО (1932-1934) Хакас АО (1930-1991) Черкес (Адыгей) АО (1922) Черкес АО (1928-1957) Чечен АО (1922-1934)
Түркмөн АО (Хорезм ЭСР) (1924)
 

Кошумча кароого:

Спорт[оңдоо]

Негизги макала: ССРС спорту

Olympiaraha 1980 olympialaisista Советские спортсмены, дела шли не очень хорошо во многих видах спорта, и, например, хоккей, lentopallossa, wr, voimistelussa и вес подъемное страна десятилетиями почти полностью подавляющих.[94] Советский Союз принял участие впервые на Олимпийских играх в 1952 года в Хельсинки, и всего Советского Союза, собрались в olympialaisista 473 золото, 376 серебра и 355 из бронзы.[95] Год 1980 kesäolympialaiset в Москве состоялась, но по большей части современной западной boikotoi соревнований в знак протеста против Советского Союза деятельности Афганистан. Аналогичным образом, Советский Союз liittolaismaineen boikotoi рядом коммерческих Лос-Анджелес рас. Когда Советский Союз распался, 12 разведенных стран спортсмены соревновались в летних Олимпийских играх 1992 в Барселоне соединенные с командой, которая часто назначается Содружества Независимых Государств joukkueeksi, даже если Грузия в то время не была частью IVYä (земля, однако, был членом 1993-2008. Команда, показавшая в год зимних Олимпийских игр Albertvillessä. Где kesäkisoissa приехали спортсмены из всех 11 тогда IVYn государств-членов и Грузии, так talvikisoissa команда спортсменов пришли только шесть бывших neuvostotasavallasta, которые были в Армении, Казахстана, Узбекистана, Украины, Беларуси и России. Страны Прибалтики-Эстония, Латвия и Литва были не IVYyn и соревновались, как только Олимпийских игр 1992 года в качестве joukkueinaan. Большинство международных пактов падения Советского Союза seuraajavaltioksi России, но и многих других бывших neuvostotasavallat были все еще в сильной lajeissaan, таких как, например, Литва баскетбол. Особенно командные виды спорта, это значит, что конкуренция kiristymistä: например, хоккей в 2006 году чемпионат гонок участие в российских кроме того, целых четыре больше neuvostotasavaltaa.

Футбол[оңдоо]

Хотя Советский Союз не достиг соревнования на Кубок мира по футболу год 1966 четвертое место для лучших результатов, завоевали страну, тем не менее, 1960 Чемпионат Европыи в более поздние годы он завоевал три серебряные два olympiakullan и два olympiapronssin. Seuratasolla Динамо Киев выиграл европейский Кубок обладателей кубков два раза и "Динамо " Тбилиси один раз. Также "Динамо " Москва есть же в финале Кубка игры плей-офф. Киевское " Динамо " успехов и Советского Союза в 1988 году EM завоевал серебряную медаль в фоновом режиме была ukrainalaisvalmentaja Валерий Лобановский и его применимость геймплей.

Баскетбол[оңдоо]

Международный турнир по баскетболу Советского Союза было то, hallinneen США за почти как ясно номер два, который завоевал две золотые медали и заняла должен каждый osallistumiskerrallaan. Баскетбол Мм-конкурсы успех был так хорош, и Советский Союз был трехкратным чемпионом мира. Европейские страны собрали в общей сложности 14.[96]

Хоккей[оңдоо]

Советский Союз управлял международной хоккейной в течение многих лет, безусловно, завоевав восемь золотых медали (с четвертого хотя olympialipun ниже) и 22 чемпионатах мира. Так как Олимпийские игры Мм-kilpailuissakin страны заняла должен каждый osallistumiskerrallaan и получил в общей сложности 10 Олимпия и 34 мм-медали. Сборная красного peliasujen, Финляндии стали называть Советский Союз edustusjoukkuetta ”Punakoneeksi”. Seurajoukkuetasolla часто лучшее время joukkueeksi оценили Московский ЦСКА выиграл Кубок европейских чемпионов в 20 раз и том же городе Крыльями Советов один раз.[97]

Волейбол[оңдоо]

Советский Союз мужчины lentopallomaajoukkue по-прежнему наиболее успешных в мире lentopallomaajoukkue. Он выиграл три золотые медали, шесть мм-золото, а двенадцать умножить на EM- " золото " и четыре раза в Кубке мира. Кроме того, команда дошла до одиннадцати других медалей arvokilpailuista. Команда из наиболее известных игроков были, в частности, Viljar Лура, Олег Молибога, и Юрий Сапега. Команды тренировал в частности, Vjatšeslav Платонов, который тренировал позже в его карьере, и в Финляндии.[98]

Кошумча кароого[оңдоо]

Адабият[оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо]

Эскертүүлөр[оңдоо]

  1. Де-юре в СССР до 1990 года не было официального языка. Русский язык фактически являлся основным языком делопроизводства. Закон СССР от 24 апреля 1990 года «О языках народов СССР» установил русский язык официальным языком СССР.
  2. на территории СССР действовало декретное время
  3. На момент распада в 1991 году.
  4. По данным последней переписи населения СССР (1989)
  5. Перечислены только государства — бывшие союзные республики, ныне — члены ООН. Государством-продолжателем СССР является Российская Федерация
  6. Прилагательное «советский» могло обозначать как нечто относящееся к СССР, так и, в более узком смысле, относящееся к системе советов.
  7. 22,4 млн км² из 134,9 млн.
  8. Ст. 70-я Конституции СССР 1977 года
  9. Ст. 1-я Конституции СССР 1977 года
  10. Договор об образовании СССР, пункт 23
  11. Договор об образовании СССР, пункт 11
  12. Договор об образовании СССР, пункт 12
  13. Договор об образовании СССР, пункты 2-9
  14. Договор об образовании СССР, пункты 12-17
  15. Ст. 76-я Конституции СССР 1977 года
  16. Ст. 72-я Конституции СССР 1977 года
  17. Ст. 80-я Конституции СССР 1977 года
  18. Union of Soviet Socialist Republics — Britannica Student Encyclopaedia
  19. Соглашение о создании Содружества Независимых Государств (1991)
  20. Термин «государство-продолжатель Союза ССР» применительно к РФ был закреплён в пункте 3 статьи 1 и пункте 7 статьи 37 Федерального закона «О международных договорах Российской Федерации» от 15 июля 1995 года N 101-ФЗ (принят Госдумой РФ 16 июня 1995 года). — См. федеральный закон от 15 июля 1995 г. № 101-ФЗ «О международных договорах Российской Федерации»
  21. Дело Михаила Супруна: история политических репрессий, как вторжение в частную жизнь
  22. 13 января 1992 года МИД России разослал главам дипломатических представительств в Москве ноту, в которой заявлялось, что Российская Федерация продолжает осуществлять права и выполнять обязательства по всем договорам, заключённым СССР. На основании указанной ноты мировое сообщество молчаливо признало за Российской Федерацией статус государства-продолжателя СССР. См. Международные договоры в правовой системе Российской Федерации
  23. Информация о населении СССР в 1989
  24. Географическая карта СССР и её краткая характеристика
  25. 25.0 25.1 25.2 25.3 25.4 25.5 СССР в Рунет-энциклопедии «Кругосвет»
  26. География СССР. Общие данные
  27. ССРС географиясы. Жалпы маалыматтар.
  28. 1987 жылына
  29. ССРСтин республикалары ариптик тартип менен берилген. Кашаанын ичинде алардын Союздук Советтик Социалисттик Республика катары жашаган жылдары берилген.
  30. Советтик Союздун Автономдук Республикалары жашаган жылдардагы тартиби менен берилген. Кээ бир автономдук республикалар улам түзүлүп жана жоюлуп тургандыгына байланыштуу бир нече жолу көрсөтүлгөн.

Калып:СЭВ Калып:ОВД Калып:Славянские страны

Калып:Рецензия