Соку

Википедия дан

Бул — жыгач идиштеринин бири. Муну менен данды түктөйт, таруу, конок актайт, данекти, ышкын түптү жана башкаларды жанчат. Бул идишти чеберлер арчанын, талдын, кайыңдын жана ушул сымал катуу жыгачтардын дөңгөчүнөн жасашат. Оозу бир аз кенен, түбү бир аз куушураак, чуңкурая оюлуп, болжолдо бийиктиги 55— 70 см, дм 30—35 см болот да, ага 5—6 кг эгин батат. Сокунун сокбилеги (жанчууру, баласы) идиштин көлөмүнө карай болжолдо бийиктиги—1,5 м ылайыкталып, сокуну салмак менен күйшөөгө шартташат. Анын ортосунда көзөнөгү бар. Ал эптүү эки туткалуу жоон шыргый болот. Соку да табак, челек, аяк, чөйчөк идиштериндей муунакчаланып кештеленген. Анын күч менен күйшөөдө жыгылбагандай аягы (таманы) тегерек келип, орунтуктуу жасалат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)