Сопубек Бегалиев

Википедия дан
Сопубек Бегалиев (2000)

Сопубек Бегалиев (орус. Сопубек Бегалиевич Бегалиев) (29 март 1931 — 9 октябрь 2002) — Кыргыз Республиканын коомдук жана мамлекеттик ишмер.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРнин Чоң-Таш айылында туулган. 1954-жылы Москвадагы Плеханов атындагы агрардык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун экономист катары Кыргыз ССРинин Госпланында баштаган.

1960 - жылы -- Кыргыз ССРинин Госпланынын председателинин орун басары болуп дайындалды.

1961 - жылы -- Кыргызстандын Коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеди.

1962 - жылы -- Кыргыз ССРнин айыл чарба министри, ал эми 1963 – жылы Кыргыз ССРнин жергиликтүү чарбасын алмаштыруунун негизинде коммуналдык чарбанын министри болду.

1964 - жылы -- Кыргыз ССРнин Госпланынын председателинин биринчи орун басары болуп бекитилди.

1968 - 1991 -- жылдары Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин (Совет Министров) Председателинин орун басары, Госпландын председатели, Кыргыз ССРнин бир жылдык, беш жылдык жана көп жылдык социалдык жана экономикалык өнүгүүнүн планын иштеп чыгуучу Башкы экономикалык центрдин председатели болуп иштеди.

1981 - жылы -- СССРдин президенти Михаил Горбачевдун Орто Азия республикаларынын экономикасы боюнча кеңешчиси болуп иштөөгө чакырылды.

1991 - 1994 -- жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин (Госкомитет) экономика боюнча кеңешчиси болгон.

1994 - жылы -- Кыргызстанда кыргыз элинин Биринчи Курултайында Кыргызстандын элинин ассамблеясынын Кеңешинин председатели болуп шайланды.

1994 - 2002 -- жылдары Сопубек Бегалиев Кыргызстандагы элдин Ассамблеясынын кеңешинин председатели катары ОБСЕнин комиссарлары Ван-дер Стуул жана Ролф Екеус менен улуттар маселелеси боюнча тыгыз иштешкен.

Сыйлыктары жана артыкчылык белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сопубек Бегалиев (1981)

1963 - 1990 -- жылдарында Кыргыз ССРинин Жогорку Советине алты жолу депутат болуп шайланган.

1979 - жылы -- «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти» деген наам алган.

Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен жана бир топ медалдар менен сыйланган.

1997 - жылы -- Кыргыз Республикасында улуттар арасындагы биримдик жана ынтымагы үчүн кошкон чоң салымы үчүн өлкөдө биринчилерден болуп үчүнчү даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2001 - жылы -- Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин указы менен «Дружба» орденин алган.

Сопубек Бегалиевдин ысмы Кыргыз Республиканын белгилүү жана атактуу инсан ишмери катары «Кто есть кто» китебине киргизилди.

Награды[түзөтүү | булагын түзөтүү]

орденин Манас.
Бишкекте Эркиндик бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде Сопубек Бегалиевдин эстелиги (2023-07-07)