Социалдык стратификация

Википедия дан

Социалдык стратификация (лат. stratum – катмар. facere – жасоо) – коомдун социалдык түзүлүшү жөнүндөгү социологиялык окуу. Коом иерархиялык түзүлүштөгү «страталарга», же болбосо социалдык катмарларга бөлүнүшү социалдык стратификация деп аталат. Бөлүүнүн негизги катары ар түркүн белгилер кабыл алынат: экономикалык, саясий, биологиялык, рассалык, диний ж. б. стратификациянын чен-өлчөмүндөрүн (критерийлерин) талдоодо социологдордун арасында бирдиктүү ой пикир жок. Социалдык стратификация түшүнүгү коомду таптарга бөлүүнү да камтыйт. Мындай бөлүнүүнүн негизине эркин, орчундуу жана орчундуу эмес чен-өлчөмүндөрүн (критерийлер) коюлат. (Мисалы: эмгектин түрү, үйдүн тиби, жашаган аймак, киреше өлчөмү). Кээ бир социологдордун ою боюнча Социалдык стратификация өзгөрүүнү, өсүүнү, өнүгүүнү мүнөздөйт. Ал социалдык мобилдүүлүк теориясы жана процесси менен өтө тыгыз байланышта.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
  • Кыргызстан коомунун социалдык түзүлүшү: эволюциясы жана азыркы абалы. Монография. Жусубалиев А.Р.-Б.: 2011, ISBN 978-9967-23-791-9