Социалдык убакыт

Википедия дан

Социалдык убакыт – социалдык убакытты адамдардын бири-бирин алмаштырган ишмердүү-лүктөрүн мүнөздөө үчүн колдонуучу категория.

Социалдык убакыт социалдык формалардын калыбынын туруктуулугун белгилейт. Социалдык убакыт социалдык болмушту рухий-теориялык деңгээлде сүрөттөйт жана социалдык процесстердин үзгүлтүксүздүгүн, байланышын, уюшуусунун шарты катары эсептелет. Коомдун традициялык формаларында социалдык болмуштун мейкиндик мүнөздөмөлөрү убакыттын ченемин өзүнө көз каранды кылып, аныктап турган.

Жаңы Мезгилде, өндүрүштүк коомдун түзүлүшү менен, убакыт адамдардын жана буюмдардын социалдык сапатынын негизги өлчөгүчү болуп, көз карандылык «которулуп» калган. Адамдын бардык иш – аракеттери, ишкердүүлүгү убакыттын орто же зарыл сарптоосуна такалып, социалдык процесске трансляцияланып, убакыттын формаларынын жалпы суммасына кошулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8