Социалдык эске түймө

Википедия дан

Социалдык эске түймө (англисче: social bookmarking) – бул интернеттик браузерде шилтемелерди эстетип калуу идеясынын андан аркы өнүгүп-өркүндөшү болуп саналат.

Браузердеги эске түймөлөр кардар интернетке болочокто кайра киргенде оңой табышы үчүн өзү окуп жаткан интернет барагына шилтемени сактап коюу кызматын аткарат.

Мындай эске түймөлөрдөн айырмаланып, социалдык эске түймөлөр кардардын өздүк компютеринин катуу дискинде эмес, интернет тармагындагы серверлердин биринде сакталат.

Мунун артыкчылыктарынын бири – сиз сакталган шилтемени жалгыз гана (өздүк) компютериңизден гана эмес, интернетке байланышы мүмкүн болгон ар кандай компютерлерден да кайра таба аласыз.

Айтмакчы, “социалдык эске түймө” боюнча тейлөө кызматын көрсөткөн интернет барактары да бар.

Маселен, алардын арасында орус тилинде тейлөөчү — Memory.ru, БобрДобр.ру, МоёМесто, Linkomatic.ru, Socialpage.ru, myfave.link кызматтары да бар.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]