Социология

Википедия дан
Социограм.

Социология (латын тилинен societas- коом жана logos- илим, билим) - коом бир бүтүн система катары жана айрым коомдук институттар, процесстер, топтор, инсан менен коом мамилелери, адамдардын массалык жүрүш-турушунун закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим.

Социологияга киришүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социология деген эмне?

Социология адам коому жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелер тууралуу системалар жана объективдуу илим болуп саналат. Социология предмети дүйнөну жана коомду бирдикте-айрым адамдар, адамдардын тобу жана мекемелер жараткан баалуулуктарды жана көз караштарды, ошондой эле аларды озгортуучу кучторду кеңири кароого мүмкүндук берет.

Коомду жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдөөнүн көп сандаган жолдору бар. Социология менен таанышууну бул илимде колдонулуучу ыкма-социология предметин изилдөөнун озгочо методикаларын кароодон кийин баштаган туура.

Социологиялык ыкма[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коомду жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдөөчү өзүнүн ыкмаларында социология илимий мүнөздөгү методдорду колдонууга аракеттенет. Бул социологдор интуицияга, ишенимдерге же уккандарга таянбай дегенди билдирет. Алдын ала коро билген окумуштуу изилдөөчүлөр адамзаттын бүткүл тарыхында адамдардын бири-бири жана аларды курчап турган коом менен өз ара мамилелерин жазып келишкен. Шекспирдин пьесаларында Вольтердин эссесинде, Дикенстин романдарында мына ушулардын баарында адамзаттын өз ара карым-катнаштарында жана коомдук системаларга даанышмандык менен талдоо жүргүзүлгөн. «Озун озуно сак бол, бирок кошунанды ууру тутпа», «Өзүңдөн чыккан жат жаман» деген элдик макалалардын коомдук мааниси өтө терең. Ошондой болсо да, социологдор мындай көз караштарга макул болбосо жана анча ишенбесе да ал көрүнүшторду түшүндүрүү жана далилдөө үчүн аларды негиз кылып алууга мажбур болушат. Ал эми алар адам коомунун тиричилигин изилдөө жолу менен алынган илимий маалыматтарга таянышат.

Социологдор мүмкүн болгон бардык учурларда биология жана физика ондонгон табигый илимдер колдонуучу изилдөө ыкмаларын пайдаланышат. Алар көбүнчө илимий ыкмаларды пайдалануу менен изилдөө жургузушот, башкача айтканда текшерүүгө мүмкүн болгон гипотезаларды жаратат жана ал гипотезаны кабыл алуу же четке кагуу кандай натыйжалардын негизинде болорун алдын ала билишет. Башка окумуштуулардай эле, социологдор объективдуу мүнөздөгү эмоциялардын, же кандайдыр бир артыкчылыктардын эсебинен бурмаланбаган корутундуларды жасоого натыйжаларга ээ болууга аракеттенишет. Илимий методдордун жардамы менен мына ушундайча изилдөөнун натыйжасында социология адабият, дин жана философия сыяктуу илимий негиздеги эмес гуманитардык тармактардан айырмаланып турат. Социолгоиянын акыркы максаты коомдук көрүнүшторду түшүндүрүүчу жана айрым учурларда алдын ала айтуучу так илимий билимди жаратуу болуп саналат.

Ал эми адамдарды изилдөөдо толук объективдуу болуу өтө кыйын жана социологияда илимий методдорду колдонуу көп проблемаларга коз каранды. Адам таштан, жылдыздан же газдын молекуласынан айырмаланып, сезимге, ой жугуртууго ээ болгон жана жеке кызыкчылыктары бар өтө татаал тируу организм болуп саналат. Оздору изилдей турган предметтер сыяктуу эле, социологдор, моралдык касиетке ээ болгон татаал тируу организм экендиги тууралуу факт, изилденуучүлөрго жана ал методдор үчүн пайдалануучуларга белгилуу бир кескин чек коёт. Мисалга алсак социологдор балдарды суйуусуно же оорчуп осушуно тыюу сала албайт. Ошондой эле, адамдардын согуш мезгилиндеги мамилелерин байкоо жана алардын согушта чыдоо жондомдуулугун изилдөө максатында алар согуш баштай албайт жана согуштун мындай шарттарын түзө албайт.

Адам табигый илимдер изилдей турган объекттерден өтө айырмалангандыктан көп социологдор бул илимдерде колдонулуучу методдорду өзгөртүшөт жана толукташат. Социологдор, социологиялык чындыкка ээ болуу кыйла даражада изилдөөчунун жеке билимине байланыштуу деп эсептешет. Мындай позицияны немец социологу Макс Вебер пропогандалаган, ал адамдын жүрүм-турумун түшүнүүнун эн жакшы жолу-изилденуучу объекттин аң сезиминде болуп жаткандарды түздөн-түз симпатиялык түшүнүү деп болжолдогон.

Көп социологдор адамзат тажрыйбасын толук түшүнүү үчүн табигый илимдерде колдонулучу методдор жетишсиз деп эсептешет. Социология жаатында жургузулуучу көп иштерди гуманитардык илимдер, озгочо философия менен окшоштугу бар. Изилдөө ыкмаларынын мындай айкалышуусу, так жана гуманитардык илимдердин байланышы социологияны азыркы учурдагыдай кызыктуу жана озуно конул бурдура тургандай илимдин тармагына айландырды.

Социология: Айкындуулук жөнүндөгү илимби?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чындыгында ар бир адам тигил же бул даражада жалпы дүйнөнун жана адамзаттын жаратылышын түшүндүрүүчу озуно жаккан теориясы бар социологияга кызыккан изилдөөчу болуп саналат. Ал эми тескерисинче, табигый илимдер изилдей турган предметтер адамдарга жургузулуучу адаттагы тажрыйбалардын чегинен чыгып кеткен учурлар көп кездешет. Табигый илимдер изилдөөчү маселелердин жооптору көп учурларда адаттагы адамдар түшүнүүгө кыйын тилде жана символдордо баяндалат жана жазылат. Мына ошондуктан баарыбызга социология предмети өтө жакшы тааныш болгондуктан, социологиялык материалдар менен иштөөдө өтө кылдат болуу зарыл. Туура ой жүгүртүүлөрдөн келип чыккан жыйынтыктар жана аларды далилдөөчу аргументтер ката болуп калышы мүмкүн, чындыгында көбүнчө ошондой да болуп чыгат.

Көнүгүү:

Адамдын өзүн-өзү өлтүрүү жагдайларын карап королу. Өзүн өзү өлтүрүү жана анын себептери тууралуу томондо келтирилгендердин кайсынысы туура экендигин жуйолуу ой жугуртуу менен жооп бергиле.

  1. Аялдар эркектерге караганда өзүн өзү өлтүрүүгө көп барышат, анткени алар бирөөгө көз каранды, ал тургай көп азап чегишет.
  2. Жаш адамдар улгайгандарга караганда озун озу көп олтурушот, себеби адам жаш кезинде стресстерге көп учурайт жана жашоодо өз ордун табуу өтө кыйын сезилет.
  3. Ак түстөгү адамдарга караганда негр калкынын арасында өзүн өзү өлтүрүү жогору болот, анткени алар узак жылдар бою тенсиздикте жашап, дискриминацияга дуушар болуп келишкен.
  4. Өзүн өзү өлтүрүү чоң майрамдарда көп учурайт, анткени ал учурларда адам өзүн жалгыз сезип, кайгыга алдырып коёт.
  5. Массалык информация каражаттары тарабынан өзүн өзү өлтүрүү процесстери кеңири чагылдырылып корсотулгон кездерде да, адам өзү өзү өлтүргөнгө көп барышат.

Социологиянын негиздоочүлөрдун бири Эмиль Дюркгейм (1858-1917) алгачкылардан болуп системалык изилдөөлорду жургузгон жана коом жогорку онуккон денгээлге жетишкен учурда өзүн өзү өлтүрүү учурлары кескин кобойуп кеткендиги тууралуу маалыматтарды топтогон. Анын «Өзүн өзү өлтүрүү» деген китеби социология жаатындагы алгачкы илимий изилдөөлордон болуп калды. Мына ушундан кийинки илимий изилдөөлөрдүн маанилуу тармагы болуп калган өзүн өзү өлтүрүү проблемаларын изилдөө Дюркгеймдин эмгегиндеги маалыматтардай эле танкалаарлык натыйжаларды беруудо таблицаны кара.

Өзүн өзү өлтүрүү проблемалары бюнча жогорку далилдөөлордон биз эмнелерди биле алабыз? Туура ой жугуртуунун жана а[1]ларды далилдөөчу аргументтердин натыйжасында алынган маалыматтар ката болуп калышы мүмкүн жана негизинен көбүнчө туура эмес болуп чыгат. Биздин коомго жана адамдардын өз ара мамилелерине тийиштуу суроолордун туура жоопторун өтө дыккаттык менен объективдуу изилдөөлөрдүн натыйжасында алууга болот.

Социологиянын негизги абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүн өзү өлтүрүү кокусунан, эч себепсиз эле, өтө ачуулангандыктан бoло бербейт. Өзүнө кол салуу жагдайы адамдардын белгилуу бир тобуна, жашаган жерлерине жана мезгилге өтө байланыштуу боло тургандыгын өзүн өзү өлтүрүүлордун саны көрсөттү. Ар бир социалдык категорияларагы өзун өзү өлүмгө кыюу учурларынын белгилуу бир санын «алдын ала айтууга болот». Кайсы бир категорияларда ким өзүн өзү өлтүрө тургандыгын эч ким алдын ала айта албайт, ал эми кайсы категорияда өзүн өзү өлтүрүү өтө көп өлтүрө тургандыгын алдын ала так айтууга болот. Мисалы алсак, негрлерге караганда ак түстөгү адамдардын ичинде, аялдарга караганда эркектердн арасында уйлонгондорго караганда уйлонбогондордун арасында жана кедей жашагандарга салыштырганда жакшы жашагандардын ичинде өзүн өзү өлтүрүү көптөгөн жылдардан бери осуудо. Жогорудагы айтылып кеткен «социалдык жагдайды» өзүн өзү өлтүрүүлөрдүн негизинде кандай жыйынтык чыгарууга болот? Албетте өзүн өзү өлтүрүү-бул жашоодон кескен жеке адамдын өзүнүн гана жасаган иши деп ойлойсун. Тилекке каршы, адам көбүнчө белгилүү бир соиалдык кырдаалдардын таасиринен мындай чечимге келет. Ал эми бул факт өзүн өлтүрүү жеке адамдын өзүнүн гана эмес, коомдун таасиринен, б.а.адамдын жүрүм-туруму анын социалдык чойро көп таасир эткендигинен боло тургандыгын көрсөтөт. Өзүн өзү өлтүрүүнүн мындай социалдык жагдайларынын негизинде адамдын жүрүм-туруму анын социалдык айлана чөйрөлөрүнүн, үй-бүлөнүн, общинанын, этникалык топтордун, уюмдардын жана тарыжый доорлордун натыйжсында калыптанат деген жыйынтыкка келүүгө болот. Мына ушундай жыйынтык адамдын жүрүм-турумунун бардык түрлөрү үчүн социологиядагы негизги жобо болуп саналат, б.а.адамдын жүрүм-туруму коом жана социалдык кырдаалдар тарабынан калыптанат.

[2]

«Эмне үчүн деген?» социологиялык суроо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир илимдин озуно берилген эн негизги суроосу «эмне үчүн?» болуп саналат. Жонокой суроодой болуп көрүнгөнү менен «эмне үчүн?» деген суроо кыйла жалпылоочу жана көп нерсени ичине камтыган, ошондой эле көптөгөн суроолордон жаралган суроо: Белгилуу бир жагдай кандайча пайда болду? Кандай өзгөчө кырдаалдарда? Кандай процесстердин таасири жана кайсы механизмдердин катышы менен? Башкача соз менен айтканда кайсы көрүнүштөр экендигин жана күчүндо сакталып калышын толук же бир аз денгээлде кандайча түшүндүрүүго болот? Бардык бул суроолор «эмне үчүн?» деген кыйла жалпы суроого жооп берүүгө жардам берет. Ал бизди эмне үчүн адам өзүн өзү өлтүрүүгө барат деген суроо социология кандай жооп бере тургандыгы кызыктырат. Бул суроонун жообун толук түшүнүү дегендик коомдук илимдердин арасынан социологиянын ээлеген ролун жана билимди өнүктүрүү жаатында бул илимдин потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү дегендик. «Эмне үчүн?» деген социологиялык суроону талкуулоодон мурун эмне үчүн өзүн-өзү өлтүрүрүшөт деген суроого башка илимдин тармактарынан алынганүч жоопту карап көрөбүз.

  1. Биологиялык жооп. Адамдын өз жанын өзү кыйышына мүмкүн, кандайдыр бир биологиялык же органикалык фактор-мисалга алсак, биохимиялык тен салмактуулуктун бузулушу таасир этиши мүмкүн. Албетте, мындай жооп коомдук илимдердин чегинен чыгып, табигый илимдердин тармагына кирет. Социологдор органикалык мүнөздөгү себептердин мүмкүндугун танбайт, бирок аларды изилдешпейт.
  2. Биографиялык жооп. Өзүн өзү өлтүрүүнун себеби мына ошого түрткү берген окуялардын биринин артынан бири болушу мүмкүн. Мисалы, бала мектептен жаза алды, андан соң жолдошу же жакында эле ажырашып атасы же энеси менен урушуп калуу, дагы ушул сыяктуу. Мындай ыкманын көп пайдасы бар жана туура, анткени кайсы бир учурда эмне үчүн өзүн-өзү өлтүргөндүгүн түшүндүрүүгө жардам берет, ал ыкманы журналисттер көп колдонушат. Ал эми социологдор айрым учурларда жалпы көрүнүштөргө өтүүгө аракеттенишет да, бул ыкманы кээде гана пайдаланышат. Өз жанын өзү кыйган ар бир учурда болгон окуялардын ирети уникалдуу мүнөздө, ошого байланыштуу алардан жалпы жыйынтыкка келүү мүмкүн эмес.
  3. Психологиялык жооп. Өзүн-өзү өлтүрүүнү көбүнчө психологиялык көз караш боюнча, б.а. ошол учурда адам эмне жөнүңдө ойлогондугу аркылуу түшүндүрүшөт. Өзүн өлтүргөн адам кат жазып, анда эмне үчүн өлүмгө баргандыгын, ата-энесине кайра баргысы келгендигин же күнөөсүн өзү кечире албаганынын себептерин түшүндүрүшү мүмкүн. Психологиялык көз караш боюнча, ошондо эле ал адамдын таржымалы тууралуу, психикалык оорусу бар же жок экендигин, өтө күчтүү кайгыга чалдыгышын, өз күнөөсүн сезгендигин көбүрөөк билген жакшы. Албетте олоорундо калтырып кеткен катта мындай маалыматтардын баары жок., ошондуктан бул адамдын мындан мурунку психикалык абалын изилдөө талап кылынат.

Адамдын биологиялык факторлорун, биографиясын жана жеке инсандык өзгөчөлүтөрүн билуу өзүн өзү өлтүрүүнун себебин туура тушундурушу мүмкүн. Биологдор, жеке иш алып баруучу детективдер жана психологдор мына ушул багытта билим алышат. Ал эми социологдор кандай негизде иштешет? Социологдор болсо өзүн өзү өлтүрүүну биологиялык факторлор, биографиялык фактылар же жеке инсандык касиеттери менен байланышта карабастан, коомго байланышта карайт. Болгон ар бир озун олтурууну социолог социалдык жагдайлардын жана кырдаалдардын негизинде тушундурушот.

Бирок социология жалпысынан алганда негизинен конкреттуу индивидиуумдун өзүн өзү эмне үчүн өлтүргөндүгүнө (кылмыш иш жасадыбы же жумушсуз калдыбы) конул бурбай тургандыгын кошумчалап айта кетуу маанилуу. Социология адамдын өз жанынан кечүүгө жасаган аракетине эмес, ошол кырсык болгон жердеги социалдык чөйрөгө же шарттарга негизинен көңүл бурат.

100 миң калктын ичинен өзүн өзү өлтүргөндөрдүн саны, жынысына жана жашына карата бөлүнгөн.

Социологдор өзүн өзү өлтүрүүну көбүнчө адамдын жалгыз өзүнүн гана иши эмес, «социалдык факт» же социалдык көрүнүш катары карайт. Социолог эмне үчүн айрым адамдар өзүн өзү өлтүргөнүн эмес, эмне үчүн өзүн өзү өлтүрүү бир чойрого караганда башка бир чойродо көп же аз экенин аныктоого умтулушат. Алар томонкудой суроолорго жооп издешет: эмне үчүн шаарларга караганда айыл жерлеринде (батыш олколоруно карата алганда) өзүн өзү өлтүрүүнун пайызы томон же италиялыктарга салыштырганда австралиялыктар эмне үчүн өзүн өзү өлтүрушот? (Жогорку таблицаны кара) Мисалга алсак, айыл жерлери жана Италия үчүн кандай муноздомолор окшош болуп саналат жана ал окшош муноздомолор кандай даражада өзүн өзү өлтүрүүгө байланыштуу? Бул суроолордун жооптору ал көрүнүшторго толук түшүнүк бере албайт жана айрым бир жеке учурлардагы озун олтуруулорду алдын ала айтууга кээде гана мүмкүн берет, бирок ал жооптор өзүн өзү өлтүрүү жөнүндөгү кеңири маалыматтын булагы гана болуп саналбастан, адамдын социалдык жашоосунун фундаменталдуу мунозу тууралуу да түшүнүк берет.

Ал эми социология жалгыз кишини изилдебестен коомго гана көп конул бурат деп айтуу да туура эмес. Адамдын журуум-турумун толук изилдөө социологиянын негизги милдети болбосо да, «коом» деп аталган абстрактуу түшүнүкту адамдар тузорун жакшы билишет; ал эми коом жеке адамдардын бири бири менен өз ара карым катнаштарынын натыйжасында тузулот. Мына ушундайча тузулгон коом жана өзүнүн ар бир мучосуно өзүнүн таасири (жогоруда келтирилген өзүн өзү өлтүрүүнун мисалынын учурундагыдай) социологдордун көпчүлүгү үчүн негизги кызыгууну туудурат, ошондой эле көп социологдорду коомдогу адамдардын ортосундагы өз ара карым-катнаш процесстери озунчо да кызыктырат. Адамдардын өз ара мамилелеринин натыйжасында коом кандайча тузулот жана кун сайын кандайча озгорулуп турат?.. Социологиянын негизинен коомду жана коомдогу адамдардын өз ара ммилелерин кароочу болуму кийинки главада берилет.

Социологиялык түшүнүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Коом» же «коомдо жашаган адам» сыяктуу абстарктуу түшүнүкторду пайдаланып, социолог жогоруда айтылган өзүн өзү өлтүрүүнун социалдык мунозун кандайча тушундуро алат? Эмне үчүн өзүн өзү өлтүрүү Ньюйоркко караганда Миссисипинин айрым райондорунда кыйла томон жана Австрияга караганда Италияда өтө аз? Бул суроолорго толук социолгиялык жооп алуу үчүн көп убакыт талап кылынат, ал эми социологияга тийиштуу изилдөөлөрдүн мунозун кыскача талкуулоо социологиялык ой жугуртуунун табиятын жакшы түшүнүүгө мүмкүндук берет.

Озун олтуруунун пайызы томон болгон эм топторунда, общиналарда жана коомдордо эмне үчүн алардын мучолору өз жанынан кечууго аз барат? Бул социологиялык топтор башкаларга караганда кыйла биримдиктуу, чогуу же «тыгыз байланышта» экендиги алынган социологиялык жооптордон корунуп турат. Бул топтордогу айрым адамдар алдына чон максат, умут коюп жашагандар; алар белгилуу бир статуска ээ; алар озун озу алып журушу кыйла ачык корунот; алар оздорун жеке мүмкүнчулукторунун чегинен тышкары жогорку денгээлдеги инсан же социалдык топтор оздорнун айрым мучолорун көп контролдошот жана жеке журуш-турушуна өтө катуу тышкы тыюууларды салышат.

Бул социалдык муноздомолор бүткүл дүйнө жузундогу туруктуу, каада-салттуу жана динди катуу туткан топтордо, общиналарда жана коомдордо өтө кеңири таралган. Мына ушундай гана топтордо өзүн өзү өлтүргөндөрдүн пайызы өтө томон. Жеке адам менен адамдын топторунун ортосундагы байланыш ушунчалык өтө күчтүү болгондуктан, ал топ адамдын омурун кыюуга жол бербейт, ал тургай ал жонундо ойлоого да мүмкүндук бербейт. Бул жерде адамдын омуру же адамдын өзүнүн гана кызыкчылыгы менен олчонбостон, жалпы адамдардын ой-максаттарына тыгыз байланышта болот.

Тескерисинче, өзүн өзү өлтүргөндөрдүн эн чон пайызы озумчулдук негизги орунду ээлеген топтордо, байланышы начар топтордо, кызыкчылыктары шектенуулорду туудурган топтордо, эркиндикке ээ болгон жеке адам өзүнүн жашоосунун каалагандай жургузгон жана социалдык болунуу байкалган жерлерде кездешет. Социалдык жактан озунчо жашаган адамдардын жашоосу көбүнчө адамдардын топторунун күчтүү ой-максаттарынын ордуна жеке кызыкчылыкка баш иет. Эгерде адамдардын тобунун күчтүү ой-максаттары жок болсо, мындай жеке кызыкчылыктар адам өз жашоосунда күчтүү эркке ээ болуш үчүн көбүнчө жетишсиз болуп саналат. Мына ошентип, жогоркулардан тышкары, өзүн өзү өлтүрүү жеке башынын эркиндиги үчүн озун курмандыкка чалышы деп айтсак да болот. Социолог жогоруда айтылгандарга эч кандай моралдык баа бербейт; өзүн өзү өлтүрүүлордун пайызы томон же жеке эркиндиги жогорку даражада болгондуктан, бир коом башка коомга караганда жакшы деген болжолдоолорду келтируу социологиянын милдетине кирбейт, мындай моралдык же саясый ой-толгоолор коомдук илимдердин чегинен тышкары иштер. Ал эми социология мындай ой-толгоолордун негизин тузуучу баалуу так маалыматтарды бере алат.

«Талкууланып жаткан» маселени тереңдетуу максатында озун олтуруунун озгочо бир турун айта кетуу керек, себеби ал АКШда көп кездешүүчү адамдын озуно озу кол салуу учурларынан өтө айырмаланат, озун олтуруунун бул туру негизинен күчтүү топтордун тасиринен болот. Мунун эн жакшы мисалы япондук камикадзе-учкучтар, экинчи дүйнөлук согуш учурунда япон улутун коргоо үчүн алар курмандыкка өз каалоосу менен барган. Башка дагы бир мисал, үй-бүлөсүнө жүк болбоо үчүн картан эскимостордун озун олумго кыюу салты жана олгон куйоосунун соогун орттоп жатканда, кошо орттонуп олгон индиялык жесир аялдар. Бул учурларда озун олтуруунун себеби, озун начар адам эмес, эрки күчтүү адам катары далилдөө максаты. Озун олтуруунун мындай туру, б.а.топтун кызыкчылыгы жеке адамдын омурунун жогору коюулгандыгынын натыйжасында адам озун олтурушу келип чыкса, альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү деп аталат. Ошондой эле альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү же адамдын жеке кызыкчылыктарынан келип чыккан озун олтурууго караганда моралдык жактан башкача бааланат. Альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү Дюркгеймдин классификациясы боюнча озун олтурунун торт турунун бири болуп саналат. Өзүн өзү өлтүрүүнун эгоисттик, аномикалык жана фаталисттик деген негизги уч туру бар, алар томонку таблицада кыскача баяндалып жазылган.

Социологиялык түшүнүктун акыркы бир аспектисин айта кетуу зарыл. Эгерде озун олтуруу топтогу адамдардын байланышынын күчтүү экендигинен болсо, анда эмне үчүн адамдардын кээ бир тобу чогуу же тыгыз байланышта болот, ал эми башка бир топтору ыркы жок жана бири-бири менен байланышта эмес? Айыл жерлерине караганда адатта шаарлардагы адамдын ортосундагы карым-катнаш эмне үчүн начар болот? Бул суроонун жообу биологиянын же психологиянын негизинде берилиши ыктымал. Шаарларда жашаган адамдардын биологиялык жана психологиялык шарттары айырмалана турганын айтууга болот. Бирок, шаарда жашаган адамдардын айылда жашагандардан биологиялык айырмалуу ыктымалдуулугу өтө аз, ал эми шаар жана айыл жерлериндеги адамдардын психологиясынын ортосундагы айырмачылыктарынын баары алардын тубаса озгочолукторунон эмес, алардын социалдык шарттарынын ар турдуу экендигинен келип чыгышы ыктымал. Ал эми адамдардын топторунун ортосундагы айырмачылыктарынын себептери эмнеде? Өзүн өзү өлтүрүү учурундагы адамдардын журуш турушунун жеке озгочолукторун тушундургондой эле социологдор социалдык кубулуштардын себептерин же «топ болуп жашаган адамдардын жүрүм-турумун» социалдык башка көрүнүштордон табууга аракеттенишет. Община жана коом, мисалга алсак, негизинен социалдык институттардын өз ара таасир этуу жолу аркылуу калыптанат. Үй-бүлө экономика аркылуу калыптанат, экономика Окмот аркылуу калыптанат, окмот мыйзам аркылуу калыптанат, мыйзам болсо мораль аркылуу калыптанат., дагы ушул сыяктуу. Мына ошентип кайсы гана социалдык чойро болсо да бири-бири менен өз ара таасир этуучу коомдук кучтордун татаал чырмалышуусу болуп эсептелет. Мына ушул себептен ар кайсы олколордо жашагандарды же жада калса адамдардын ар турдуу топторун ар тараптан жалпылоодо өтө этияттыкты сактоо зарыл. Адатта көп олколордо улгайган адамдардын арасында өзүн өзү өлтүрүү пайызы жогору деп айта алабыз, ал эми озун олтуруу айыл же шаар жерлеринде ар дайым өтө коп деп айта алабыз. Мисалга алсак өзүн өзү өлтүрүү учурлары шаарларда көп кездешкен. Америкадан айырмаланып, Японияда озун олтуруу пайызы айыл жерлеринде жогору. Улгайган адамдар Японияда көбүнчө кирешеси аз жана социалдык камсыздоо системасы начар айыл жерлеринде жашашат (22). Социология деп аталган илимдин милдети өз тармагындагы жана башка чойролордо социалдык чындыктын татаал айкалыштарын изилдөө болуп саналат.

Көнүгүү: Автор жогорудагы текстте өзүн өзү өлтүруну олумго учуроонун себептеринин эн башкысы катары баяндайт. Силердин оюнар боюнча озунордун олконордо олумго учуроонун жана ооруга чалдыгуунун башкы себептери кайсылар? Бул тууралуу маалыматты кайдан табарынарды жазгыла. Керектуу маалыматтарды тапкандан кийин томондогулорду жазгыла:

  • 50 жаштан кичуу эркектердин арасындагы олумго учуроонун көп кездешүүчү эки себеби
  • 50 жаштан улуу эркектердин арасындагы олумго учуроонун көп кездешүүчү эки себеби
  • 50 жаштан кичуу аялдардын арасындагы олумго учуроонун көп кездешүүчү эки себеби
  • 50 жаштан улуу аялдардын арасындагы олумго учуроонун көп кездешүүчү эки себеби
  • эркектер менен аялдардын ортосунда айырма барбы?
  • ал айырмаларды кандайча түшүндүрүүго болот?
  • озунор топтогон маалыматтар силерди тан калтырдыбы же ошондой эле болушу мумукун деп ойлодунар беле?
  • олумго дуушар кылуучу негизги себептер, эгерде силер медициналык сестра болсонор, силердин ролунарга кандай таасир этер эле?

Социология жана башка коомдук илимдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табиятты жана физикалык дүйнөну системалык турдо изилдөөчу табигый илимдерден айырмаланып коомдук илимдер илимий ыкмаларды колдонуу менен коомду жана адамдын жүрүм-турумун изилдейт. Социология озу пайдалануучу методдордун натыйжасында табигый илимдер менен тыгыз байланышкан. Ал ошондой эле башка коомдук илимдер менен тыгыз байланышта, анткени алар изилдөөнун жалпы предмети бириктирип турат. Социологиянын, экономиканын, психологиянын, антропологиянын жана тарыхтын ортолорундагы чектер көбүнчө жоюулуп кетет. Мисалга алсак, кирешеси жакырчылыктын денгээлинен томон болгон шаарларда жашагандардын проблемаларын изилдөө да урбанисттик социология, үй-бүлө экономикасы же урбанисттик социология үй-бүлө экономикасы менен урбанисттик политология сыяктуу илимдерин изилдөөчу предмети боло алат. Ал эми чыкдыгында алардын ортосунда чек бар жана так социологиялык көрүнүшту тузуу үчүн бардык коомдук илимдерди түшүнүү зарыл.

Экономика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономика товарларды ондуру, болуштуруу, пайдалануу жана тейлоо тармактарын изилдей турган илим. Экономика менен социологиянын экоонун ортосундагы эн маанилуу байланыштыруучу муун экономикалык тармактагы социалдык негиз болуп саналат. Банкка акчалар озу эле келип тушпойт же счеттон озу эле алынбайт же кандайдыр бир кучтун таасири менен иштелбейт. Алардын жумушка орношуу жана балдарын окутууга каражат топтоо же уй сатып алуу максатында кайсы бир социалдык чечимге келген адамдар гана банкка салат. Начальнигинин кол алдында иштегиси келбей озунчо иш баштагысы келгендер же кошунасыныкындай кийим кийгиси келгендер, же жумушсуз жургон адамдар счеттон акча алышат. Ал эми башка бир байланыштыруучу муун коомдогукарым-катнаштардын көп түрлөрүнун экономикалык негизи болуп саналат. Коомдун жашоо тиричилиги үчүн экономикалык жана материалдык кызыкчылыктар чон таасир тийгизет.

Политология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Политологиянын конулунун борборунда окмот жана саясый бийликти пайдалануу турат. Окумуштуу политологдор башкаруу системасынын тузулуш лпринциптерин жана саясый процесстердин орчушун изилдешет. Социрлогодор ошондой эле саясый багыттагы суроолорго-эмне үчүн адамдар саясый кыймылдарга бириге тургандыгын же кайсы бир саясый көз караштарды колдой тургандыгынынын себептерин, саясый жана башка коомдук институттардын ортосундагы өз ара байланыштарды билууго кобуроок кызыгышат. Кийинки жлдары политология менен социология пайдалануучу ыкмалары, изилдөөчу предметтери жана түшүнүктору боюнча жакындашып кетишти, мына ушуга байланыштуу аларды ортосунда болуп чек жургузуу мүмкүн болбой калды.

Көнүгүү: Бир барак кагаз алгыла да томонку тармактарда: -балдарды тарбиялоо -улгайган адамдарды кароо -жаштардын жүрүм-турумуна коз салуу -кылмышкерлердин бетин ачуучу иштерин контролдоочу, уюштуруучу милдеттерин аткаруучу саламаттыкты сакто жана социалдык жактан жардам корсотуудо иштеген кесиптештердин тизмесин жазгыла. Бул адистегилер социалдык контролдоо маселелери менен канчалык тыгыз байланышта экендиги жонундо ойлонгоула. Бул эки кесипти озунчо эки болуп кароого болобу.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Откон окуялардын себептерин, алардын иретин жана маанисин аныктоого аракеттенип откон мезгилдерге серп салып королу. Тарыхый изилдөөлор адамдардын жонокой баяндап жазууларын жана мезгилдер аралыгындагы жалпы социалдык багыттарга байкоо жургузуулорду басып отту. Социологдор өз кезегинде тарыхый изилдөөлордон көп маалыматтарды алды. Мисалга алсак, социологдор тарыхка XIX кылымда батыш олколорундо жана бугунку куну Африка менен Азиянын онугуп келе жаткан олколорундо индустриалдаштыруунун социалдык натыйжаларын салыштыруу үчүн кайрылышкан. Биздин текстте да азыркы кездеги көптөгөн социалдык көрүнүшторду чагылдырууга мүмкүндук беруучу тарыхый шилтемелер көп келтрилет.

Психология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Психология негизинен адамдын мээсинде журо турган процесстерди изилдейт. Психологдор логикалык ой жугуртуу, эс акыл, кабыл алуу, коруу жана чыгармачылык жондомдуулук, ошондой эле невроз, ички психикалык конфликттер жана ар кандай эмоциялык абал сыяктуу мээнин иш аракетин изилдешет. Пихология негзинен социологиядан адамдардын социалдык тобуна эмес жеке тажрыйбага көп көңүл боло тургандыгы менен айырмаланат. Ал эми социалдык психология-ар бир адамды курчап туруучу социалдык чойро инсанга жана жүрүм-турумга кандайча таасир этерин изилдөөчу илим-социология менен тыгыз байланышта жана экоонун тен изилдөөлорун жана ыкмаларын колдонот. Макалдарга карата жакында эле социалдык психологдор тарабынан жүргүзүлгөн иштердин мисалдары «Акылдулук же илимий даанышмандык» деген болумдо келтирилген.

Антропология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антропология бул адамдын бологиясын жана маданиятын бардык мезгилдерде жана дүйнө жузунун бут бардык болукторундо изилдөөчу илим. Физикалык антропология негизинен адамдын биологилык эволюциясын, ошондой эле азыркы учурда жашаган адамдардын бири-биринен дене жагынан айырмачылыгын изилдейт. Маданий антропология негизинен маданият маселелерин жана азыркы кездеги коомдон мурун (айрым учурларда «индустрияга чейинки» же «эн жонокой» коом деп аталат) мезгилдин онугушн изилдейт. Ал эми тескерисинче, социологиянын негизги прдмти онуккон жана азыркы мезглдеги коомду изилдөө блуп саналат. Ошону менен бирге социологдор оздору үчүн көптөгөн антропологиялык тшунукторду жана ыкмаларды пайдланышат жана колледждер менен университеттердин көпчүлүгүндө бул эки илим бир факультетке бириктирилген.

Антропология ички чектуу муноздуу келет. Дуйнодо изилдей турган индустрияга чейинки коом аз калды жана негизинен азыркы цивилизация таасир этпеген бир да коом калган жок. Бул, антропологдор Х кылымда азыркы общиналар менен коомдорду кошо киргизип, өзүнүн изилдөө чоролорун кенейтишинин бир себеби. Изилдоо предмети жагынан алып караганда алар социологи жакндашып кетет. Этнография адамдын жүрүм-турумунун белгилуу бр аспектин же анын жашоо-тиричилигин айкындоочу антропологиялык блдируу болуп саналат.

7.Акылдуулукпу же илимий даанышмандыкпы?

Мумкун силердин көпчүлүгүңөр социологиянын киришуу курсу «айкын» түшүнүкторду далилдейт деп ойлогондурсунар. Ал эми социологдун ой жугуртуу логикасы боюнча алсак силер жон эле «акылга сыярлыктай» корунгон түшүнүкторго илимий колдоно аласынар. Элдик даанышмандыктын туу чокусу болуп саналган макалдарды карап королу. Кийинки жылдары коомдук илим жаатындагы адистер жалпыга маалым болгон бул макалдарда ар канда даражада чындык бар экенин далилдешти. Томондо айрым макалдар келтирилди.

«Бала ыйлабаса эмчек кайда»

каалагандарыбыздын баары эле ишке аша бербей тургандыгын биз жакшы билебиз, ал эми көпчүлүк адамдарга караганда айрым адамдар талап кылуунун натыйжасында көп нерсеге жетишишет. Эмгек акыны эле мисалга алып королу. Нью-Йорк мамлекеттик университетинин психологу Brende Madjor жана анын коллегалары Буфало шаарындагы менеджмент факультетинин көпчүлүк тажрыйбалуу студенттери дур дүйнө дуконундо кадрлар болумунун инспекторунун ролун ойноону сунуш кылышкан. Арыз бергендер (атайын адамдар) документтеринде кандай эмгек акы алууну каалагандарын жазышкан. Айрымдары ваканция тууралуу кулактандырууда корсотулгон эмгек акыдан томон, кээ бир көп эмгек акы алууну каалагандарын жазышкан. Жыйынтыгы томонкудой: Жумушка кабыл алуу туралуу чечимге эмгек акынын денгээли боюнча берилген суроо таасирин тийгизген жок. Ал эми ошондой болсо да, арыз бергендердин ичинен көп эмгек акы алууну каалагандарга жумушка кабыл алганда көп эмгек акы беришти. Туура, алар оздору корсотуп жазгандай эмгек акы берилбесе да канчалык көп эмгек акыны корсотсо, аларга ошончолук көп эмгек сунуш кылганын изилдөөчүлөр айтышты.

Бажа-бажанын корбосо башы кычышат. Чатакташкан туугандар бири-бирин коргондо кучакташып корушот.

Адамдар магнитке караганда кушка көп окшошот. Делмаре атындагы психиатриялык клиниканын психологу Ричард У.Льюактын жана Колифорниядагы анын коллегасынын жургузгон изилдөөлору бири-бирине карама-каршы нерселер окшош болот деген ойлор эксперименттик маалыматтар аркылуу далилденбей тургандыгын аныкташты. Көп изилдөөлор жалпы рассалык, диний жана экономикалык байланыш аркылуу бириккен, ошондой эле жалпы саясый көз карашка ээ болгон адамдар чогуу жшай тургандыгын көрсөттү. Аял менен эркектин ортосунда тузулгон өтө жакын мамлелердин натыйжасында уйлонуу учурлары келип чыгат, ал эми изилдөөчүлөрдун далилдери боюнча аялы менен куйоосу көп жагынан бири-бирине өтө окшош болушат. Льюак өзүнүн эмгектеринде, адамдар акыл-эси жагынан озу сыяктуулар менен үй-бүлө курарын корсотот. Коннектикут колледжинин психологу Бернард Мюнстейн жана башка изилдөөчүлөр: «Эн корунуктуу адамдар менен үй-бүлө курууга кылган аракетибизге карабай, баары бир биз озубуздун денгээлдеги адам менен үй-бүлө курабыз»-деп айткан. Мичиган университетинин психологу Дэвид М.Бусстун ою боюнча адамдардын озуо окшошторго баш кошо тургндыгынын принциби үй-бүлө жаатында психологиялык жана биологиялык изилдөөлөрдүн жалпыга белгилуу кайта кайталануу натыйжасы болуп эсептелет.

«Эрди кементай ичинде таанысын»

Психологдор Карен Дион, Эллен Бершид жана Элейн Хэтвилд 1972-жылы адамдын сырткы көрүнүшу жакшы болсо, көп жакшы сапаттары бар деп ойлой тургандыгыбызды аныкташкан. Биз изилдөөчүлөр 60 студентке адамдардын суротторун таратып берип, ошол суроттор аркылуу алардын мунозун жазып берууну отунушкон. Ондуу-тустуу адамдар анча ондуу эмес адамдарга карганда социалдык планда жогору бааланып, жакшы жумушта иштоого жана бактылуу үй-бүлө курууга көп мүмкүнчулуктору бар экендиги айтылган. «Корктуулук деген сонун нерсе» (23) деп аталган бул эмгек корктуулук тууралуу социалдык-психологиялык изилдөөлөрдүн бутундой бир агымын жаратты. Мунун натыйжасында көп окумуштуулар оздору үчүн озу эле ишке ашуучу эн маанилуу ыктымалдуулукту ачышты: адамдар суйкумдуу адамдардан көп жакшы нерселерди кутушот жана алар да биздин жакшы умутту аныктоого аракеттенишет. Ал эми корксуз адамдар биз ойлогондой болбой, көп ийгиликтерге ээ болушат. Корктулук менен инсандын озгочолукторунун ортосундагы өз ара байланышын изилдөөлор корктуу эмес адамдарга караганда корктуу адамдар озун башкалардан ойдо коруп, бактылуу сезе тургандыгын, токтоо жана курбалдаштарынын таасирине туруктуу келе тургандыгын көрсөттү. Мындай мисалдарды көп эле келтирууго болот, соттун чечими да аларга жумшагыраак, студнттер аларды жакшы педагогдор деп эсептешет жана жолдош, коллега, суюуктуу адам катары жогору бааланат. Мындай жалпы муноздомолор эркектерге жана аялдарга тийешелуу. «Корктуу же корксуз адамдарга биз кандай мамиле жасасак аларда оздору жонундо ошондой түшүнүк жаралып, анын натыйжасын алар ошондой калыптанат»-деп, Гавай университетинин психологу Хэтвилд айткан. Суйкумдуу сулуулук биздин маданиятта өтө терең мааниге ээ экендиги шексиз.

8. Социологиянын тарыхы жана оорчушу

Социология өзүнүн азыркы кездеги формасына мындан 100 жыл мурда эле ээ болду. Ошондой болсо да, бул илимдин тамыры XVIII кылымдан башталат. Европа тарыхынын бул мезгили Агартуу мезгили деп аталат, анткени бул мезгилде ойчулдар адамдын оорчуп жетилиши анын акыл-эсине жана жондомдуулугуно жараша экендигине ишенишкен. Пастуллаттардын биринде табигый дүйнөну изилдөөчу окумуштуулар сыяктуу эле акыл-эсти физиканын мыйзамын жана планетанын кыймылын ачуудан пайдаланса болот, ал эми коомдук дүйнөну изилдөөчу окумуштуулар акыл-эсти адамдын жүрүм-турумунун мыйзамдарын изилдөөдо колдоно алат. Адамдын жүрүм-турумун изилдөө адамдын журуш-туруш мыйзамы аныкталгандан сон коомдун оорчушу үчүн пайдаланса болот деп болжолдошот. Ал эми XIX кылымдагы онор жайлык революция коомдун жашоо-тиричилигине тез жана кеңири таралган бир катар озгоруулорду алып келгендиктен Агартуу доордун отимисттик идеяларына кумондуулукту туудурду. Онор жайлык революция Англияда башталды, бул жердеги ойлоп табуучулар жип ийруучу «Дженни» машинасын жана кездеме токуучу механикалык станокту жаратышкан, бул болсо көп сандаган кездемелерди тез жана арзан ондурууго мүмкүндук брген. Текстиль онор жайынын, металлургия жана онор жайлардын башка тармактарынын онугушуно байланышту көп адамдар фабрикаларда иштоо үчүн жаны осуп жаткан шаарларга кетип жатшты. Алардан онор жай жумушчуларынын жаны коомдук табы тузулду, ал эми аларды жалдап иштеткендер жаны коомдук күчтүү тапка айланды. Ошондой эле үй-бүлөдө саясаттын багытында жана адамдын жашоо тиричилигиндеги диндин ролунда кескин озгоруулор болду. Жумушчулардын эмгек акы көп учурларда өтө томон болгондуктан, үй-бүлөнүн бардык муолору-ата-энеси жана балдары эптеп кун коруу үчүн иштоого мажбур болушкан. Айрым адамдар кунуно 19 саат, ал эми жумасына 6 же 7 кун иштешкен. Мына ушинтип эртеден кечке иштегени менен алардын иштеген жумушу туруктуу эмес болгон. Жумуш жок мезгилдерде жумушчулар жумушсуз калышкан. Келечектен эч кандай ишеним болбосо дагы, эртеден кечке чейин иштоого туура келген жан алардын жашоо шарттары өтө наар болгон, мына ошондой оор шарттардын себебинен шаарлардагы начар жашаган жаны жумушчулардын омуру кыска болгон жана алар ар кандай кылмыштуулукка барган. Мына ушундай өтө кейиштуу проблемаларды XIX кылымдын башында коомдук илимдерди изилдеген ойчулдар түшүнүүгө жана жойууга аракеттенишкен.

Бүгүнкү кундогу социология

Социология бугунку кундогу онуккон бардык олколордо жана онугуп келе жаткан көп олколордо туруктуу илим болуп саналат. Ал АКШда жакшы онуккон ал жерде социология чон университеттердин бардыгында окутулат (1988-жыл боюнча алганда 12 мин адам социологдордун Америкалык Ассоиациясынын кесиптик социологиялык уюмдардын мучолору болуп саналат). Социология ошондой эле Англияда, Франция, Германияда жана башка батыш олколорундо күчтүү онуккон. Социологиянын ролу чыгыш Европа олколорундо анча чон эмес. Мисалы, мурунку СССРди алып королу. Брежневдин учурунда оциология предмети университеттерде тыюу салынып, Москвадан алыс турган анча белгилуу эмес интитуттарда гана окутулган. Советтик социологдор көп жылдар бою коомдук илимдик жаатында изилдөөлөрдү жургузгонуно карабастан, социология предмети универитеттердин окутуу программасына официалдуу турдо жакында гана киргизилди. Ал эми мурда болсо көп советтик социологдорго философ, экономист же историк деген наамдагы илимий даражалар берилип келген. Мурунку СССРде кийинки жылдары социологиянын оорчуп онугушу Горбачевдун бийлигине жана анын кайра куруу жана айкындуулук саясатына байланыштуу. 1989-жылы аял социолог социологдордун Советтик Ассоциациясына башчы гана болбостон ал Горбачевдун өтө жакын кенешчиси, Советтик Конституцияны кайра карап чыгуу боюнча комиссиянын мучосу да болгон.


9. Социологиялык теория

Социология туруктуу илим болуп саналат, бирок бул дүйнөго бирдиктуу көз карашы бар так аныкталган илим дегендик эмес. Социологдордун көз караштары чындыгында көп негизги принциптери боюнча окшош болот. Бирок учурдагы социологиядагы бирдиктуу көз караштар жок. Мисалы, алып карай турган болсок, көз караштары дал келген академиялык илимдер өтө аз жана социлогия сыяктуу жаны илим жонундо да ушуну эле айтууга болот. Социология өзүнүн изилдөө предмети, ыкмалары жана билимдеринен пайдаланышы боюнча озун дагы болсо изилдөө процессинде. Силер оциология камтый турган маселелердин кендиги тууралуу бир аз түшүнүк алдынар. Жогоруда социологиялык ыкманы талкуулоодо биз, көп оциологдор социологияны мүмкүн болушунча илимий муноздо кароого аракеттенишерин, ал эми кээ бирлери кыла гуманитардык ыкманы колдонуштарын айтып кеттик. Социологиянын «Эмне үчүн?» деген суроосун талкуулоо менен биз, көпчүлүк социологдор коомго көп конул боло тургандыгын, ал эми айрымдарын негизинен коомдогу адамдардын өз ара карым катнаш проблемаларына конул бурарын белгилеп кеттик. Бул маселелер боюнча социологдор кандай позицияда болсо, кыйла даражадагы алардын көз караштары да бул илимдин коомдогу ролуна, ал пайдаланган ыкмаларга жана анын коюлган маселелерине байланыштуу болот. Коом кандайча аракеттенип жашай тргандыгын түшүндүрүү үчүн социологдор коомдун табияты тууралуу бир катар гипотезалардан башташы керек. Мындай болжолдоолор социологиянын теориялык перспективасын аныктайт. Теориялык перспектива – бул коомдун потретинин соз жузундо айтылышы. Анын конулунун борборунда социологдор тарабынан берилуучу суроолор жана алардын жоопторун издоо жолдору турат. Ал социологдор үчүн коомду жана анда жашаган адамдардын жүрүм-турумун түшүндүрүүго жардам беруучу суроолорду аныктайт. Бүгүнкү кундо соиологдор колдонуучу кыйла кеңири таралган перспективалар томондогулор: функционалдык перспектива,

Конфликттер перспективасы

Интерактивдуу перспектива.

Функционалдык (милдеттик) перспектива

Функционалдык перспектива коомдогу стабилдуулукту сактоо үчүн бирдиктуу элемент катары коомдун ар бир мучосу кандайча салым кошорун озгочо болуп корсотот. Бул перспективага ылайык коом адамдын организми же башка бир тируу организм катары каралат. Дененин болуктору сымал (кол бут, журок жана мээ), коомдун мучолору да (мисалы, үй-бүлө, коммерциялык ишканалар жана окмот) бүткүл системада жалпы жакшы болгудай чогуу аракеттенишет. Ар бир мучо системанын жолтоосуз аракеттениши үчүн зарыл болгон тен салмактуулукту сактап турууга жардам берет. Функционализмдин башаты (айрым учурларда «структуралык функционализм» деп аталат) Огюст Комте, Герберт Спенсер жана Эмиль Дюркгейм сыяктуу алгачкы социолог-теоретиктердин эмгектеринде эле башталган. Социалдык структуранын элементинин функциясы ачык айкын корунгон (алдын ала билген жана белгилуу болгон) же комускодо (алдын ала билген эмес же белгилуу эмес) болушу мүмкүн. Мисалы алсак, классикалык орто мектептин алдын ала белгилуу функцияснын бири, окуучуларды китеп окуу жана математика сыяктуу академиялык илим боюнча терең ыкмаларга уйротуу болуп саналат. Ошол эле мезгилде орто мектептин комуско функциясы окуучуларда бири-бири менен мамиле тузуунун жана уюшкандык сыяктуу маанилуу социалдык ыкмалардын жаралышы болуп саналат. Социалдык структуранын элементтеринин коомго туура келбеген жүрүм-турумдардын жаратышын анын дисфункционалдуулугу болуп эсептелет. Эгерде окуучулар озу менен бирге окуган окуучулардан жүрүм-турумдун социалдык тескери жактарын уйроно турган болсо, анда мектеп дисфункционалдуу болот. Маданий антропологиянын жана социологиянын тармактарында маанилуу перспективалуу болуп эсептелген функционализм Тынч океандын аралдарында же АКШнын Ортонку батышынын анча чон эмес шаарларындагы озунчо болунуп жашаган общиналар сыяктуу анчачон эмес стабилдуу коомдорду изилдөө үчүн озгочо зарыл болуп эсептелет. Ал бири-бири менен карым катнашы өтө жакын жана өтө биримдуулукто, ынтымактуулугу өтө күчтүү мындай общиналардагы адамдарды түшүнүүгө жардам берет. Эгерде кимдир бироолор гана ич ара тен салмактуулук абалын бузуп жибербесе эле, мындай чойролордун иши уламдан улам ошондой болуп ар дайым илгерилей бере тургандыгы шексиз. Функционалдык перспективанын озу да социалдык озгоруулор-бул, и ч ара келип чыккан жана системанын шайкеш иш аракетин бузуучу куч экенин корсотот. Ал эми чындыгында социалдык жашоо тиричилик ар дайым эле тынч жана бир калыпта боло бербейт. Дүйнөнүн көпчулук болукторундо согуш журуп, которулуштор жана революциялар болуп турат. Функционализмдин сынчылары функционализм багыты бул көрүнүшторду тушундуро албайт деп айтышат. Социологиядагы дагы бир теориялык перспектива-бул тескери мүнөздөгү конфликттер перспективасы.

Конфликттер перспективасы

Конфликттер перспективасы кофликтти бардык эле коомдун милдеттуу аспектиси жана социалдык озгоруулуордун негизги булагы катары эсептейт. Бул перспектива коомдун элементтери бутундой нерсе катары жакшы аракеттенишпестен бири-бири менен кофликттешип туруучу болукчо деген болжолдоолорго негизделген. Ал эми бул, уюшкан ынтымактуу шайкеш коомдо болбойт дегендик эмес. Конфликттер теориясы жатындагы окумуштуулар (изилдөөчүлөр) дүйнөдо тартип устомдук кылаарын танышпайт, ал эми чындыгында тартип коомдогу элементтердин ортосунда ар дайым болуп туруучу кофликттердин натыйжасы болуп саналат жана бардык чурларда эле табигый көрүнүш болуп саналбайт. Конфликттер теориясын жактоочулар өз көз караштарын Маркс менен Симмелдин эмгектерине таянып негиздешет. Алар коомдук динамикалык жана ар дайым озгоруп туручу мунозун ботончо баса белгилешет. Алар коом ар дайым морт тен салмактуулукта дешет. Көпчүлүк учурларда социалдык тартип (көбүнчө өтө убактылуу) элементтердин табигый өз таасирлеринин натыйжасында эмес, коомдогу бир элементтин башкалардын устунон устомдук кылышынын натыйжасында тузулот. Тартип-бул күчтүн жана чек коюулардын таасиринин натыйжасы, башкача айтканда, күчтүүлордун алсыздардын жана байлардын кедейлердин устунон устомдук кылышы.

Социолог карама-каршы перспективалардын ар бирин пайдалануу менен университет шаарчасынын уюштурулушуна кандайча баа бере тургандыгынын негизинде талкуулоо менен мындай карама-каршы перспективаларды биз баяндай алабыз. Бул эки перспектива бири биринен өтө айырмаланса да, алардын бири бирине туура келиши милдеттуу эмес. Алардын ар бири социалдык чындыкты ар турдуу көз карашта карашат. Функионалисттер университет шаарчасын студенттерден, окутуучулардан, админитраторлордон, ошондой эле тейлоочу адамдардан, илимий кызматкерлерден, ашкана кызматчыларынан ж.б..у.с.ар кандай «органикалык» элементтерден турат деп карашат. Бул элементтердин баары бири менен бири өз ара байланышта болуп, университет шаарчасын ынтымактуу иш аракеттерин жузого ашырууда өз улушторун кошушат. Мунун элементтеринин биринин эле иш аракеттеринин бузулушу ал тен салмактуулуктун убактысынча бузулушуна алып келет. Окутуунун сапаты же ашканадагы тамак-аш туурасындагы же башка оорчундуу саясый себептер боюнча студенттердин забастовкасы кутулбогон жерден университет шаарчасын тен салмактуулук абалын чыгарып жибериши мүмкүн. Ал эми коомдук келишимдердин жана кызматташунун негизинде тузулгондуктон, тең салмактуулуктун мындай убактылуу бузулушу бүткүл коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн тез эле калыбына келтирилет.

Конфликттер теориясын жактоочулар университет шаарчасынын тышынан караганда бейпил керонгон коомунун ар турдуу топторунун эгоисттик кызыкчылыктарын жана алардын ортосундагы атаандашуу мамилелерин карап корууго аракет кылышат. Мисалга алсак, профессорлор жана окутуучулар педагогикалык оор жукторду женилдетүүгө аракет кылышат. Ал эми 2-курстун студенттери факультетивдик сабактардын кыскартылышына каршы болушу мүмкүн. Медицина лабораториясынын кызматкерлери университет шаарчасынан башка жерлердеги айлык акынын денгээлине чейин өзөрүнүн айдык акысын жогорулатууну талап кылышып эмгек союзун тузушу мүмкүн. Администраторлор болсо, өкмөттүн каржылоону кыскартуу шарттарында университеттеги иштерди алып баруу үчүн өздөрүнүн жасаган иштеринин башкалар баалабай турганына нааразылык билдиришет. Бул теориянын жактоочулар университет шаарчасындагы тартипти атаандашуунун жана ар кандай топтордун камкордугунун убактылуу начар натыйжасы катары эсептешет.

Теориялык эки перспективанын бир жалпылыгы бар: биринчиден, аларды коомдун макроденгээли, ийри социалдык структуралар жана алардын бири-бири менен байланышы кызыктырат. Бул перспективаларды пайдалануучу изилдөөчүлөр же айрым учурларда макросоциологдор деп аталгандар, адатта уюмдар, мекемелер, общиналар жана эл, коомдук процесстер, урбанизация, социалдык мобильдуулук жана көз караштардын системалары, капитализм жана социализм сыяктуу коомдогу негизги элементтерге конул бурулат.

Бул эки теориялык перспективалар жалпы «структуралык» көз караштар адам жашаган коомго жана жүрүм-турумга болушот. Структуралык көз караштардын постуллаттары томонкучо: -социалдык структуралар айрым адамдарга жана аларга устомдук кылуучуларга карата тышкы көрүнүш катары эсептелген социалдык факты сыяктуу каралашы жана изилдениши керек; -ар бир адамдын жүрүм-туруму негизинен анын озуно байланыштуу эмес, социалдык структуралар жана кучтор аркылуу аныкталат.

  1. адилеттик жонундо илим
  2. Соц абалы