Спазмофилия

Википедия дан
Спазмофилия

Спазмофилия — канда кальцийдин азайышынан мезгили менен карышып, тырыштырган оору.

Баланын спазмофилиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спазмофилия эки жашка чейинки балдарда көп кезигет. Көбүнчө итийден жабыркагандар ооруйт. Анын пайда болушуна баланы начар багып, туура эмес тамактандыруу, таза абада аз болуу түрткү болот.
Спазмофилиянын билинбеген түрүндө бала чыргоолонот, сиркеси суу көтөрбөйт, башка оорулар менен коштолсо же итий күчөгөндө түрдүү булчуңдар карышат, ыйлаганда, кыйкырганда үн жылчыгынын булчуңдары тартылып дем алганда кыйкылдайт. Бир нече секундадан кийин дем алуу калыбына келет, кээде такыр токтоп калышы мүмкүн. Айрым балдарда кол чеңгели менен бут кетменинин булчуңдары бир нече сааттан бир нече күнгө чейин тырышат. Эстен тануу менен жалпы тырышуу өтө коркунучтуу. Адегенде өңү бозоруп, бет булчуңдары тартылат, андан кийин бүт дене тырышат. Баланын желкеси, кол-буттары тартылып, оозунан шилекейи агып, эрини көгөрөт, деми кысылат. Заара ушатканын, заңдаганын билбей калат. Мындай тырышуу күнүнө бир нече жолу кайталанышы мүмкүн. Өтүп кеткенден кийин эч кандай из калтырбайт, кээде гана дем алуу же жүрөк токтоп калуудан бала майып болушу мүмкүн. Оорунун алгачкы белгиси билинери менен врачты чакырып, баланы таза абага чыгаруу керек. Врач келгенче хлордуу кальцийдин 10%түү эритмесин 1 чай кашыктан же 4—6 таблетка кальций глюконатын берсе болот.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спазмофилиянын алдын алууда баланы туура тамактандырып, убагы менен таза абада сейилдетип, итийдин алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8