Спам

Википедия дан

Спам (spam - спам). Сатып алуучуларга электрон почто алам (жарнама) маалыматтарды жана кулактандырууларды макулсуз түрдө массалык таратуу. Азыр техниканын заманы, дээрлик бардыгыбыз социалдык тармактарга канча бир убакыты­быз­ды коротобуз. Кээде интер­нет дарегибизге бейтааныш кол­до­нуучулар­дан келген тажат­ма жарнактар мазаӊды кетирет. Миса­лы, «бир айда 100 000$ тап­саӊыз болот», «тө­мөнкү бил­дирүүнү дагы 10 адамга та­­ратсаӊ 3 күндөн кийин бак­тыӊа жолугасыӊ, таратпасаӊ бактыӊдан куру каласыӊ» деген сыяктуу. Мындай интернет илдет спам деп аталат. Муну менен ар кандай жарнамалар­ды эле жибербестен, вирус­тар­ды таратуунун оӊой жолу ачылган. Спамды жайылтуучуларды спамерлер деп коюшат. Терминдин келип чыгышы тээ 1937-жылга барып такалат. Белгилүү «Hornel foods» фирмасы чочко­нун этинен даярдалган жаӊы консерваларды чыгарып, ага эӊ мыкты аталыш деген сынак жарыялайт. Жыйынтыгында радиоактёр Кеннет Деню «спам» деген уккулуктуу ысым айтканы менен жеӊишке жетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. Бишкек - 2004-ж. ISBN 9967-14-014-3
  • Супер-Инфо