Спиноза, Бенедикт

Wikipedia дан
Спиноза, Бенедикт

Спиноза, Бенедикт (1632—1677) — XVII кылымдын эң олуттуу философу болгон.

Өмүр баяны[оңдоо]

Ал Амстердамда, испан инквизициясынан кутулуп качып келген еврейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ортодоксаль еврей катарында тарбияланып, еврей дин кызматкерлерин даярдаган еврей диний окуу жайында билим алган. Бирок, соода ишин жүргүзүп, атасына жардам берүү үчүн окууну таштоого туура келет. Соода аны таптакыр кызыктырбагандыктан, атасы өлгөндөн кийин бир аз убактан соң Спиноза өзүн баарынан көп кызыктырган илимий жана философиялык ишмерликке өтөт. Анын досторунун жана тааныштарынын ичинде нидерландык республикачылар жана «Коллегианттар» деп аталгандардын протестант сектасынын мүчөлөрү болгон.
Ошол эле убакта Спиноза амстердамдык еврей жамаатынын мүчөсү болуп кала берген, бирок жамааттын жетекчилери ага ыраазы болушкан эмес. Бир нече эскертүүдөн кийин аны еретик катарында динден четтетишет (1656), бул өтө катуу жаза болгон, анткени мындай учурда еврей жамааттан кууп жиберилген. Спиноза Амстердамды таштап, кыштак жеринде жашап, көз айнектин линзасын жылмалап, эмгек акы таап жашап, жанын багып турат. Бул эмгекке жакшы акы төлөнүп, ага тынч илимий иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берген. Спинозанын башкы көңүлү философиялык проблемаларды иликтеп-үйрөнүүгө жана иштеп чыгууга багытталган болучу, ал ошондой эле математика маселелерине да кызыккан.

Эмгектери[оңдоо]

1660-жылы Спиноза Гаагага көчүп келет да, ал жерде өзүнүн башкы эмгектерин жазат, алар: «Кудай, адам жана анын бактысы жөнүндө», «Акыл эсти өркүндөтүү жөнүндө трактат» (бүткөн эмес), «Диний-саясый трактат» (1670), «Этика» (1675, өлгөндөн кийин басылып чыккан), «Саясый трактат» (бул да өлгөндөн кийин басылып чыккан).
Спиноза XVII кылымдын эң ири философу Декартка окшоп, философияны чындык негизде түзүүгө умтулган. Чындыкты жана ишеничтүү далилдүүлүктү, ошол кезде эсептелгендей, математика берген, ошондуктан Спиноза геометрияны, анын аксиомаларын өзүнүн философиялык системасын негиздөө үчүн форма катарында кабыл алат. Өзүнүн «Этика» деген башкы эмгегин ал геометриялык ык менен баяндап жазган.

Философиялык системасы[оңдоо]

Спинозанын философиялык системасынын негизин субстанция жөнүндөгү окуу түзөт. Субстанцияны Спиноза бирбүтүн, түбөлүктүү жана чексиз жаратылыш катарында түшүнөт. Субстанция бирөө гана, ал өзүнө өзү себеп (саusa sui). Бул бирбүтүн субстанция өзүнүн бар болуп жашап турушу үчүн эч нерсеге муктаж эмес. Жаратылыш жаратуучу жаратылышка жана жаратылган жаратылышка бөлүнөт. Жаратуучу жаратылыш дегенибиз — Кудай, бирбүтүн субстанция. Жаратылыш менен Кудайды бирдейлештирүү аркылуу Спиноза пантеизм деп аталган, жаратылыштан жогору турган же жаратылыштан да башка бир нерсенин бар экендигин танат.

Субстанциянын атрибуттары[оңдоо]

Субстанция эки башкы атрибуттан: ойломдон жана аралык өлчөм-ченден жана таралуудан турат, ушулар аркылуу адамдын акылы субстанцияны анын конкреттүү көрүнүшүндө кабылдайт, бирок субстанцияга мүнөздүү болгон артибуттар чексиз көп. Субстанцияны өзүнөн башка аракетке козгой турган эч кандай себептер жок.
Шартталбаган бытие болуп эсептелген субстанциядан Спиноза акыркы нерселерди айырмалап, булар үчүн ал модус деген түшүнүктү колдонот. Акыркы нерселердин (конечные вещи), же модустардын субстанциядан айырмасы — алардын тышкы себептерге багыныңкы болуп тургандыгында. Алар өзүнүн акыркылыгы менен гана эмес, өзгөрүү, кыймылда болуу сыяктуу сапаттары менен да мүнөздөлөт. Модустардын ортосунда тышкы таасирлер да жана тышкы байланыштар да бар. Жеке, конкреттүү нерселер (модустар) дегенибиз — жаратылган жаратылыш. Модустар сансыз көп.

Субстанция концепциясы[оңдоо]

Спинозанын субстанция концепциясы анын ушундан келип чыга турган детерменизм концепциясын аныктайт. Дүйнөдө эч кандай кокус нерселер болбойт, анткени субстанция өзүнүн жашоосунун ички зарылдыгы менен мүнөздөлөт. Кудай Спиноза үчүн «бардык нерселердин тышкы себеби эмес, имманенттик себеби» катарында чыгат. Ар бир нерсенин дагы бир нерседе себеби бар. Демек, дүйнөдө катаал детерминизм үстөмдүк кылып турат, муну Спиноза механикалык түрдө түшүнөт. Ал себептүүлүктү зарылдык менен окшоштурат, ал эми кокустукту субьективдүү категория деп гана эсептеген. Спиноза адамдардын ишмердигинин бардык тармактарында, кала берсе аффектилер жагында жана ушул аффектилердин негизинде болучу жүрүм-турум жагында катуу детерменизмдин тарапкери болгон. Спиноза үчүн аффект дегенибиз бизди курчап турган предметтердин бизге тийгизген таасиринин натыйжасы болуп саналат. «Этикада» Спиноза баланын сүт ичкиси келгени жан сактоо инстинкти менен себептүү шартталгандыгын көрсөтөт. Спиноза өз жанын өзү кыюуну да ушундайча түшүндүрөт: өзүн өзү өлтүрүү жанын кыйган адамдын рухий жана дене табиятын өзгөртө турган аффектилердин пайда болушу менен шартталган, башкача айткандаөзүн өзү сактоо инстинкти кандайча себептүүлүктөр менен шартталса, өзүнүн жанын өзү кыюуга умтулууда да себептик шарттар бар. (Спиноза адам белгилүү бир шарттарда аффектилерди жеңе ала тургандыгын да танбайт.) Бул Спинозаны фатализмди карманууга алып келген.

Адамдын таанып-билүүсү[оңдоо]

Спиноза үчүн адамдын таанып-билүүсү бир нече баскычтан турат. Биринчи, эң төмөнкү баскыч, — бул сезимдик тааным, бул предметти адекваттуу түрдө чагылдыра албайт жана өзүндө акыйкаттын данегин камтып турса да көп учурда жаңылыштыкка алып келет. Таанымдын экинчи баскычы — бул дээрге жана акыл-эске негизденген түшүнүү. Бул баскыч — анык акыйкаттардын бирден бир булагы. Таанымдын үчүнчү баскычы катарында интуиция чыгат, ал анык билимдердин пайташы болуп саналат. Интуиция аркылуу алынуучу акыйкаттар алда канча ачык жана даана келет.
Спиноза адам жаратылыштын бир бөлүкчөсү жана анын иш-аракетинде субстанциянын экинчи атрибуту — ойлом көрүнөт (биринчи атрибут жаратылышта көрүнөт, ал: аралык, өлчөм, ченем). Адамдын дене түзүлүшү толук түрдө механикалык детерминизм мыйзамдары менен аныкталат. Дене менен рухтун өз ара катыш проблемасын чечүү аркылуу Спиноза бул эки субстанциянын параллелизмин белгилейт. «Этикада» ал минтип жазат: «Дене жандын ойломго болгон катышын аныктай албайт, жан дененин кыймылга, кыймылсыздыкка жана башка бир нерсеге карата болгон катышын аныктай албайт».

Адамдын эркиндиги тууралу[оңдоо]

Спиноза эрктин эркиндиги жөнүндөгү түшүнүктү сынга алат. Спинозага ылайык, эрктин эркиндиги дегенибиз жок нерсе, анткени адам — жаратылыштын бир бөлүкчөсү жана дүйнөлүк детерминациянын бир звеносу болуп саналат. Субстанция — бул эркиндик менен зарылдыктын биримдиги. Кудай гана эркин, анткени анын бардык аракеттери жеке өзүнүн зарылдыгы аркылуу башкарылат. Адам жаратылыштын бир бөлүгү, ошондуктан ал зарылдыкта камтылып турат, бирок ал өзгөчө бир түрдөгү жан, анткени ал көлөм, ченемден башка да ойлом, акыл-эс атрибутуна да ээ. Ошол себептүү адамдын эркиндиги чектелүү келет, ал эркиндик белгилүү бир даражадагы акыл-эстүү жүрүм-турумдун чегинде гана ишке ашырылат. Адамдагы эркиндик жана зарылдык айкалышкан түшүнүктөр катарында чыгат жана бир бирин шарттап турат. Спиноза а түгүл эркин зарылдык деген түшүнүктү да киргизген. Өзүн өзү таанып-билүүгө умтулууну ал эркиндиктин эң күчтүү көрүнүштөрүнүн бири деп эсептеген. Эрк — бул акыл-эс дейт Спиноза.
Адамдын жүрүм-туруму, Спинозага ылайык, негизги үч аракет менен багытталып турат, алар: кубаныч, кайгы, ышкы-кумарлык, булар өз кезегинде дагы көптөгөн аффектилерди пайда кылат. Бардык аффектилер өзүн-өзүн сактоо инстинктисине негизденет, ошондуктан да адам жалпысынан өзүнүн жүрүм-турумунда жакшылык жана жамандык жөнүндөгү этикалык мыйзамдар менен эмес, өз пайдасына умтулгандык менен башкарылып турат. Жакшылык иш-адамдын өз жашоо-турмушун сактоого умтулгандыгы гана.
Адам — өзүнүн ышкы-кумарлыгынын, аффектилеринин кулу деп эсептейт Спиноза, ошондуктан адам эркин боло албайт, бирок кийин Спиноза адам бул кулчулуктан кутулуп чыгып, эркин боло алат, буга, эгерде адам өзүнүн ышкы-кумардыктары, аффектилери жөнүндө ачык-айкын идеяларды билип-аңдай алганда гана, башкача айткандаөзүнүн ушундай абалын аңдап-түшүнгөндө гана жетише алат деп көрсөтөт. Өзүнүн аффектилерин аңдап-билүүсүнө жараша ар түрдүү адамдар, Спинозага ылайык, эркиндиктиктин ар кандай баскычтарында турушат.

Коом тууралуу[оңдоо]

Гоббс сыяктуу коомду түшүндүрүүдө Спиноза табийгый укук жана коомдук келишим теориясына таянат, башкача айткандаар бир адамды өзүн өзү сактоого багыттап туруучу жаратылыш мыйзамын жетекчиликке алат. Спиноза адамдын өзгөрүлбөс эгоисттик табиятынан келип чыгат, бул эгоисттик табиятты мамлекет гана жүгөндөй алат, ал эми мамлекет өз кезегинде фаждандардын коопсуздугун жана бүткүл коомдун кызыкчылыгы менен фаждандардын эгоистик кызыкчылыктары айкалыша келгенде өз ара жардамдаштыкты камсыз кылуу үчүн пайда болот.

Саясат[оңдоо]

Мамлекеттин формаларына келгенде Спиноза демократиянын талапкери болгон жана Гоббстон айырмаланып, монархияны урматтоого татыктуу эмес деп эсептеген. Граждандардын бардыгына мамлекетти башкарууга катышууга мүмкүндүк берген мамлекеттин формасын эң мыктысы деп эсептеген. «Өз граждандарынын эч качан коркпой бейкут жашоосуна умтулган мамлекет,— деп жазат ал «Этикада»,— жакшы мамлекет дегенге караганда жаңылбаган мамлекет деп айтса болор. Бирок, адамдарды алар өздөрүн эч ким тарабынан мажбурланбай, өз эрки боюнча жашаган, өз иштерин өздөрү эркин чечкен адамдар катарында сезгендей, эркиндикти сүйүп, байлыгын арттырууга умтулуп, мамлекеттик иштерде ардактуу орунга жетишүүгө үмүттөнүү менен жашап, өзүлөрүн чектен чыкпай алып жүргөндөй кылып кармоо керек».

Дин[оңдоо]

Спиноза өзүнүн «Диний-саясый трактатында» Библияны илимий сынга алууга негиз салган. «Эки акыйкат» концепциясына негизденип, Спиноза чыныгы акыйкатты таанып-билүү үчүн Библиянын баалуулугу аз, анткени Ыйык жазуу эмес, акыл-эс гана авторитет боло алат деп эсептеген. Ал Библия бөлөнүп турган атак-даңкты четке кагып, тигил же бул текст жазылган тарыхый шарттарды эсепке алуу зарыл дейт. Спиноза Моисей Бешкитептин автору боло алмак эмес деп далилдеген. Спиноза ошондой эле Библиянын ар түрдүү китептериндеги көптөгөн карама-каршылыктарды, кайталоолорду жана ар түрдүүчө окулганын көрсөткөн.
Диний ишенимдердин себептерин Спиноза элдин жаратылыштын жашыруун жана түшүнүксүз күчтөрүнөн корккондугунан көргөн. Ошол эле убакта Спиноза өзүнө коюлган атеист деген айыптоону танган, анткени ал өзүнүн динди сынга алганын — түркөйлүктү жана жалган ишенимдерди сынга алуу деп ырастаган. Чыныгы дин моралдуулук менен бирдей жана ал анык билимдерге негизденет. Диний ишеним менен жалган ишенимдердин ортосундагы айырма жалган ишенимдин түркөйлүккө, диндин акылмандыкка негизденгендигинде деп жазган ал.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8