Спондилез

Википедия дан

Спондилез — омуртка тутумунун өнөкөт оорусу; омуртканын сөөк ткандары өсүп, тикен сыяктуу өсүндү пайда болуп, формасынын өзгөрүшү.

Пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын пайда болушуна зат алмашуунун бузулушунан организмде акиташ туздарынын көп чогулушу түрткү берет. Көбүнчө Спондилез улгайган кишилерде, дайыма оор жүк көтөрүп, омурткага күч келтирип иштегендерде кезигет. Эркектерге караганда аялдарда сейрек болот.

Жаш адамдарда Спондилез омуртка тутумунун кыйшаюусунан, кээде кызыл жүгүрүк, ич келтенин кесепетинен да пайда болот. Омуртка тутумунун кыймылы азайып, ооруйт. Артыкча моюн, бел омурткалары жабыркаганда кыймылдатпай ооруйт. Адам эс алып уктап турганда мойнун бура албайт, бели кыймылдатпай калат. Кыймылдаганда ооруп, айрым учурда карсылдайт. Дене бир аз кыймылдагандан кийин ооруган жери азаят же билинбей калат. Көбүнчө катуу кармап ооруп, аба ырайы бузулганда күчөйт, өнөкөт куяңга өтүшү мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек.

Ооруну дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону врач жүргүзөт. Дарылоодо физиотерапия, айыктыруучу гимнастика, массаж, витаминдер, диета сунуш кылынат.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алууда эмгек менен эс алууну туура айкалыштыруу, организмди чыңдоо, физкультура, спортко катышуу чоң мааниге ээ. Улгайган адамдарда алардын тамак сиңирүү жана зат алмашуусунун өзгөчөлүгүнө жараша тамактануусу чоң, роль ойнойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8