Сужин-Давандагы таш бетиндеги жазуу

Википедия дан

Сужин-Давандагы (Сужийн Даван, Монголия) таш бетиндеги жазуу – эпиграфикалык эстелик.

Энесай кыргыздарынын 9-кылымда күчтүү мамлекет түзүп, Борбордук Азияга үстөмдүгүн орното баштаган учурду чагылдырат.

1900-ж. Густав Рамстедт Моңголияга уюштурган өзүнүн 1-экспедициясында Дзамар (Хангай) тоосунун түндүк-батышындагы Сужин-Даван ашуусунун Долон-Булугейин-Тала деген жеринен, кыйраган таш коргонду жана руна сымал жазуусу бар таш мамыны тапкан.

Рамстедт 1909-ж. археолог жана этнограф Саккари Пяльси менен бирдикте изилдеп, жазууну окуп чыккан. Калыңдыгы 10 см жана бийиктиги 90 см таштагы жазуу жакшы сакталган.

Таштын жылмаланган бетинде 9 сап жазуу жогортон төмөн карай жайгашкан жана кошумча 2 сап жазуу төмөнүрөөк орун алып, таштын бетине туурасынан жазылган.

Таштын жогору жагындагы чегилген тамга жазуунун сыртында калган. 1942-ж. А. Н. Бернштам жазуунун биринчи сабында эскерилген Яглакар хан деген ысымды 9-кылымдын 40-жылдарында Жуңгарияга жана Бешбалыкка чабуул койгон енисейлик кыргыздардын ханы деп, аны эпостук каарман Манастын аты менен байланыштырган.

Ал Яглакар ханды Манастын прототиби катары көргөн.

Бирок, 1959-ж. С. Г. Кляшторный аталган жазууда эскерилген Яглакар хан 840-ж. кыргыздар тарабынан кыйратылган уйгурлардын башкаруучу династиясы яглакарлардын акыркы өкүлдөрүнөн экендигин далилдеген.

Анын текстинде:

«Мен яглакар хандарын куудум Уйгур өлкөсүнөн.

Мен – кыргыздын уулумун.

Мен Бойла Кутлуг Йарган.

Мен Кутлуг Бага-таркан Эгенин буйрукчусумун (жогорку мансаптагы кызматкер).

Мен тууралуу аңыз Чыгыш менен Батышка жетти. Мен бай элем: менин он айылым бар эле, жылкыларым сан жеткис.

Менин жети кичүү бир тууганым, үч уулум, үч кызым бар эле.

Уулдарымды үйлөндүрдүм, кыздарымды калыңсыз эрге бердим. Насаатчыма жүз жээрде ат бердим.

Мен өзүмдүн балдарымды-кыздарымды жана уулдарымды көрдүм. Мен эми аларды калтырып кеттим.

Менин уулдарым! Менин насаатчымдай элдин катарында болгула! Ханга кызмат өтөгүлө!

Кайраттуу болгула! Менин улуу уулум күтүүсүздөн кетти.

Өлүм алдында мен аны көрбөдүм! Менин уулум – менин арстаным!»,– деп жазылган.


Бул жазма Энесайдагы кыргыздардын Борбордук Азиянын кеңири аймактарына бийлигин орноткон доорун чагылдырып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы империялык түзүлүшүн жана мамлекетти идеологиялык жактан бекемдөөгө умтулган саясаттын өкүм сүргөндүгүн ырастайт.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — 288 бет. — (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). — (ISBN 5-89750-028-2)
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. ISBN