Сургай, Владимир

Википедия дан

Сургай, Владимир Трофимович (1911-1994), геология илимдеринин доктору.

Улуту орус. Фергана шаарында туулган. Ленинград университетин 1941-жылы бүткөн.

Күнгөй жана Чавай (Чаувай) геологиялык чалгындоо партияларында улук геолог, башкы геолог, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтунда сектор башчы, директордун илимий иштер боюнча орун басары, лаборатория башчысы, улук илимий кызматкери болуп иштеген.

Регионалдык геохимия жана Тянь-Шандын металлогени боюнча адис. Алтымыштан ашык илимий иштердин, анын ичинде эки моногорафиянын автору. Анын жетекчилиги астында жети илимий диссертация жакталган.

Негизги эмгектери:

  1. Основные черты региональной геохимии и металогении Тянь-Шаня. Металлогения Тянь-Шаня. Фрунзе: «Илим», 1968
  2. О природе сурьмяно-ртутного оруднения. Геология рудных месторождений. Изд. АН СССР, Москва, 1980
  3. Земля и ноосфера. Бишкек: «Кыргызстан», 1961