Суэц каналы

Википедия дан
Суэц каналы.

Суэц каналы - 173 км узундуктагы канал дүйнөдөгү эң маанилүү соода-сатык жана стратегиялык мүнөздөгү деңиз жолу болуп саналат.

Ал Жер ортолук деңиз жана Кызыл деңиз аркылуу Түштүк Азия менен Жакынкы Чыгышты Европага байланыштырат. 1869-жылы бул канал курулуп бүтөөрү менен Англиянын көзөмөлүнө өткөн. Көпчүлүгү англис менен француздардан түзүлгөн компаниянын демөөрчүлүгү менен курулган Суэц каналы 1956-жылы Египет лидери жана президенти Абдунасырдын аракети менен мамлекеттештирилген болчу. Бирок бул менчиктештирүүнү токтотуу үчүн англис-француз орток куралдуу күчү 1986-жылы октябрда каналдын боюна түшүрүлгөн жана Израилдин Жакынкы Чыгышта согуш баштоосу менен ортодогу абал андан да курчуган.

1967-жылы Араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосунда болгон «6-октябрь согушунда» бул жердеги деңизге чөктүрүлгөн кемелердин таасиринен канал жабылып калган. Анан узак мезгилдер бою каналдын кайрадан ачылышы боюнча эл аралык аренада сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Себеби Европага Перс булуңу аркылуу нефть алып келүү бир топ кыйынчылыктарды жараткан жана нефтинин баасы арткан. Бул себептен улам Үмүт кысыгында үзгүлтүксүз түрдө 200-300 миң тонналык чоң танкерлердин жүрүп турушу талап кылынган. Өзгөчө Индия океанына согуш кемелерин жөнөтүү жана Вьетнамга Түштүк Блогундагылардан жардамдарды жеткирүү бир топ кыйынчылыктарды жараткан. 1966-жылы статистикалык маалыматтарга караганда канал жабылганга чейин ал аркылуу жылына 21250 кеме өтүп турган жана алардын 930у нефть танкерлери болгон (канал аркылуу Египеттин бюджетине миллиондогон долларлар кирип турган). 1956-жылы Батыш Европа жылына 140 млн. тонна нефть колдонгон болсо, 1973-жылы бул көрсөткүч 704 млн. тоннага жеткен жана чоң өлчөмдөгү нефть Перс булуңундагы мамлекеттерден импорттолгон. Бул мисалдардан байкалгандай, Суэц каналы бир эле нефть ташуу боюнча ушунчалык маанилүү орунда болгон.

Адистердин иликтөөлөрүнө караганда, Суэц каналы жабылгандан кийин нефть импорттогон өлкөлөр жолдун узактыгынан 1967-1973-жылдар аралыгында 10,4 млрд доллар ашыкча танкер жол акысын төлөөгө мажбур болушкан. Каналды ачуу үчүн иш-чаралар 1974-жылы жүргүзүлө баштаган. Ал эми 1975-жылы каналды ачуу иши соңуна чыккан. Бул иш-чарага Чыгыш жана Батыш блоктор жардам берген жана ага сарпталган жалпы материалдык чыгым 200 млн долларды түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9