Сыдык Чымырбай уулу

Википедия дан

Сыдык Чымырбай уулу (1890-1951)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Небереси Дөөлөт Сыдыковдун айтуусу боюнча Сыдык Чымырбай уулу 1890-жылы Ысык-Көлдүн Коңурөлөң айылында төрөлгөн. Саяктын каракучкачынан. Өнөр кандан-канга, атадан балага муундан-муунга бериле турган Теңирдин белеги, элдин энчиси. Өнөр энеден да өтө турган өзгөчө өнүмдүү данек сыяктуу. Сыдыктын атасы Чымырбай сөзмөр болгону менен энеси Баалы (Айче) сөзгө уста чебер, кошокчу акын киши экен. Анын акындыгы айылына маалым болгон. Анын бир мисалы катары: өзүнүн төркүнү болгон алакөз уруусунун семиз ую сайгактап келатып арка моюну астында калат. Айылдаштарына таратып жаткан этинен мен да алайын деп келет, келсе этти бөлүп алышып көп коңүл бөлбөй кол кесерге дегендей кичине чыгарып беришет ошондо Айче эне: Сарала минип желдимби Алакөздүн жалгыз уюн алгын деп.
Сайгакка кабар бердимби
Эт алам деп ээлигип
Силерди төркүнсүнтүп келдимби
Атайын келсем алыстан
Ушуну араң бердиңби... деп токтобой ырдап баштаганда кызыке болду итчилик бизден кетти дешип атып токтотуп калышат. Кабын толтуруп берип, сыйын көрсөтүп жиберишкен экен. Энесинин жамакчылыгы улуу жомокко булактын чыккан жериндей башат болсо керек.

Манасчынын кандай аян алганы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыдыктын кандай аян алганы, эмне сыр көргөнү, айткан «Манасы» бизге жеткен эмес. Чоң энем Бейшегүлдүн айтуусу боюнча: «Мен жаңы келин болуп келгенде, чоң атаңдан чоочучумун, себеби түн ичинде уктап жатып «Манас» айтчу, Күндүз айтканга Караганда түшүндө жакшы айтаар эле, Эмне сыр болуп айтып калганын чоң энемден кызыгып деле сурабаптырмын. Чоң атам айткан «Манасынын» эсинде калганын атам минтээр эле: «Манасты найзанын жаратынан эмес, айбалтанын жаратынан өлөт» дечү. Гүлчоро менен Канчоро Айжаңжуң менен Кунжаңжуңдун жээндери, Манас Бээжинди алганда, экөөнү ай-күнүнө жетип турган кыздарынын ичинен жарып алып, Алмамбет менен Чубакка багып алгыла деп берет. Ошентип, Гүлчоро менен Канчорону Каныкейге эмиздирип, багып алат деп айтчу экен. Манастан сырткары «Жаныш, Байыш», «Курманбек», «Кыз Жибек» дастандарын өзүнчө вариант, өзгөчө обон менен айтчу экен. Кези келгенде жамактап ырдап, төгүп да ийип элдин жарпын жазганга жарачу дешет.
Бир жолу Талас тарапка мал айдап барып келе жатып, Чүйгө жеткенде көз байланган кездө солто туугандарга кудай конок болуп түшүп калат. Бир айылдын чок ортосунда заңкайган ак өргөөгө барып түшүшөт. Кыштын куну болгондуктан, этин салдырып, ырчысын алдырып комузун кьңгыратып чалдырып, чыканакка кош жаздык коюп, жоон санга чейин көлдөлөң салдырып, ортодо кыйшайып бирөө жатат дейт. Калгандары ылдый жагында салам айтып кирип барган төрт-беш кишиге көңүл деле бөлбөйт, жөөлөшүп-түртүшүп босого жактан эптеп орун алышат. Эрке баласы бир топто барып булар кимдер экен дейт. Ошондо кирип келген кишилердин улуураагы биз көлдүн тескейинен уруубуз саяктан деп келе жатса эле ырчысын кудай урду дейт:
Саяк деген эл болот,
Өздөрү жаман кем болот.
Жүрбөгөн жери жок болот,
Колу жаман шок болот... деп эле таанып-билбей ырдап кирет. Ырчысынын мурду жалпак, колунда комузу бар дейт. Сыдык комуз билбеген киши экен. Чүйдө кар калың түшкөндүктөн, үйдүн сыртына камыш тосуп коюшчу экен. Кирип келе жатып Карабек деген байдын үйү экенин билип алыптыр. Ырчынын колунан комузун жулуп алып аны туурап кьңгыратып чалып ырдайт:
Карабек көрдүм сенин түрүңдү,
Камыштан соккон үйүңдү.
Биздин жайды сурасаң,
Көл аягын чеп кылган,
Көңкү кыргыз кеп кылган,
Кетиркейдин Баатыркан,
Мен ошо Баатыркандын иниси.
Иниси эмей кимиси,
Быйыл биздин элге сен барсаң,
Байбек байга аш берет,
Бары-жокко баш берет.
Анда, калдайтып тартат казыны,
Кулдуйтуп тартат куйрукту,
Ийрейтип тартат чучукту.
Барсаң кошпойт табакка
Сага окшогон бучукту... деп кордогон ырчысын комуз менен төштөн ары бир түртүп ийет. Карабек бий ордунан тура калып, «Конок экен, өйдө алгыла» деп төргө өткүрүп бир күрпөң союп коноктоп, эртең менен жол азыгын камдап берип узатат. Убагында акындыгын кеп колдонуп, кыз оюндарын көркүнө чыгарып, таң тамашасы бүтпөгөн чыгаар. Кезинде Райымбектин баласы Баатыркан болуш кастарлап, өнөрүн баалап «балачолук» атыктырып эркелетчү экен. Күндөрдүн биринде Чоң-Төргө барып, Сопу ажы аттуу жузге таяп калган кишиникине түнөп калат. Анын Сөлпү, Сокур аттуу эки баласы болот. Эртең менен кемпири уй саап жатса, күн чубактап Сопу ажы жанына барат. Жини келген Сөлпү калжаңдабай ары барчы деп кагып ийсе, жампага отуруп калат. Сопу ажынын уруусу калмак дейт. Сыдык жакага келатса алдынан Баатыркан чыгат, «Балачолук жайлоодо эмне кеп» десе: Чоң-Төрдүн башы тар экен Чогулган калмак бар экен Бирин-бири камады Сөлпү, Сокур баш болуп Сопу ажыны сабады Минтип жүрсө баатырым
Булар соопту кайдан табады... дегенде эле Баатыркан «Жүрү балачолук артка, мени менен бастыр» деп алып жөнөйт. Баатыркан барганда чогулган элдин көзүнчө кайра ырдатып, Сөлпү, Сокурдун айыбын тарттырып Сыдыкты сыйлап жиберген экен.
Манасчыны акындык өзүнөн-өзү жандап жүрөрү эч күмөнсүз иш. Тарыхый чоң манасчылардын кээ бирлери кайсы бир учурларда акындыгын колдонуп, ырдаганын угуп, окуп билип жүрөбүз. Сыдык манасчы дагы кези келгенде акындыгын колдонуп, болбосо өмүрү өткөнчө «Манасын» айтып, баатырларга кызматын кылып, адасына чыга албаса дагы урпактарын улангып айтканы Сыдык манасчынын Манаска дагы да болсо кызмат кылып өтөгөндүгү.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Респубиликалык "МАНАС" жаштар ордосу, "Манасчылар" Б-2010ж.